Баткенде облус прокурорунун өлүмүнө шектелген жаранга милиция кызматкерлери тарабынан кыйноо болгону айтылууда

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыковго милиция кызматкерлери тарабынан кыйноо болгон. Бул тууралуу Кыйноолорго каршы борборунун жетекчиси Нурдин Сулайманов SUPER.KG порталына билдирди.

"Бизге Баткен облусунун 500гө жакын тургундарынын колу коюлган арыз келип түштү. Арызда курулуш башкармалыгынын кызматкерине карата кыйноо болгону жазылган. Арызды карап чыгып Баткен облусундагы биздин өкүл шектелип жаткан жаран менен жолукту. Ал да кызматкерлер баклажка менен сабап күнөөнү моюнга алдырганын айтууда", - деди Сулайманов.

Облустук милициядан билдиришкендей, прокурор Мамажакыповдун Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынын Т.Турмаматов көчөсүнөн табылып, унаанын сыртында канга окшогон тактар бар экендиги билинген. Издөө иштеринин натыйжасында анын жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган.

Белгилүү болгондой, киши колдуу каза болгон Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Маркумдун артында төрт баласы калды. Ал ушул жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон. Анын сөөгү 19-ноябрда Чоң-Алай районундагы туулуп-өскөн Чак айылында жерге берилген.




Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rysik79
2018-11-24 00:42:27
Карандай дооматтан сакта. Атайын уюштурулган постанова экени ачык эле корунуп турбайбы. Охотага чыккандардын баарын камаш керек. Бети ачылып берсе экен. Кан коё бербейт...
+10
Baicho_0707
2018-11-24 01:25:41
Подстава !биринчи охотага ким чакырды ж.а ким баштаган?шектуу жакшы жерлерде иштеген экен мындайга деле барбайт го дейм. Жанындагы замдарды карагыла локуйгоон,локуйгон.прокурор ошол орун басарларынын кислородун жаап койгон, ошол учун козун тазалап коюшту го!?
+10
bond02
2018-11-24 12:11:37
Значит бул киши жалгыз олтургон эмес же вообще бул киши эмес.
+3
Mars575
2018-11-24 13:53:55
Карга карганын козун чукубайт дечу беле, жанында жургондор кантип эле билишпесин. Тергоо каякты карайт. Жанындагыларды надо привлекать к уголовную ответственность.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан