КҮНСОБОЛ: Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы болууга кайсы коомдук ишмер татыктуу деп ойлойсуз?
Акыйкатчы ким болот? Аталган кызматта Кубат Оторбаев 2015-жылдын 30-декабрынан тарта иштеп келген. Ал 26-июнда өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, аны Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган. Ошондон бери акыйкатчы шайланбай келет. Акыйкатчы - бул адамдын жана жарандын Конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик көзөмөл жүргүзүүчү кызмат адамы. Аталган кызматка буга чейин "Ата Мекен" фракциясы юрист Канатбек Азизди сунуштаарын айткан. Ал эми Акыйкатчы институту аталган кызматка Урмат Аралбаевдин талапкерлигин көрсөткөн. Ошондой эле президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев да акыйкатчылыкка талапкерлигин көрсөттү. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы болууга кайсы коомдук ишмер татыктуу деп ойлойсуз?" деген собол салды.
ОТОРБАЕВ: “Акыйкатчы кызматына татыктуулар көп. Мен кызматты жаңы тапшырган үчүн кайсы бир адамдын атын атаганым туура эмес”
Мурдагы Акыйкатчы Кубат Оторбаев акыйкатчылык кызматына татыктуулардын атын атай албастыгын айтты. Ошондой эле ал институт бир катар өзгөртүүлөргө муктаж экенин билдирди.
“Жогорку Кеңештеги фракциялар эми гана талапкерлерди тандоого киришти. Жалпы тизме чыкса, андан көрүп айтса болот эле. Азырынча жалпы тизме менен эч ким тааныш эмес да. Мен бул кызматты өткөрүп берген адам катары кайсы бир адамдын атын атаганым туура эмес болуп калат. Чындыгында татыктуу адамдар көп, алар өздөрү да арыз жазып тиешелүү документтерин тапшырып жатышса керек. Тандоо ишин бийлик бутагы болгон Жогорку Кеңеш ишке ашырып, татыктуу адамды тандашат.
Акыйкатчы институтуна карата сындар боюнча ар кандай себептер бар. Биринчиден, “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамды өзгөртүү керек. Экинчиден, саясий жана материалдык көз карандысыздыгын камсыз кылуу керек. Анан айлык акысын көтөрүү зарыл. Мына ушул иштерди чечмейинче институт бийлик бутактарынын арасында алсыз бойдон кала берет. Жылдык доклад депутаттар тарабынан жактырылбай калса, Акыйкатчы кызматтан кетиши керек деген норманы алып салыш керек. Мындай нерсе дүйнөнүн бир да өлкөсүндө жок. Акыйкатчы жыл сайын Жогорку Кеңешке ишинин жыйынтыгын бербеши керек. Жөн гана адам укуктарынын абалы боюнча доклад жасайт”, - деди Оторбаев.
АМАТОВ: "Акыйкатчы кызматына Канатбек Азиз татыктуу. Анын билими, тажрыйбасы бар, чындыкты айта алат"
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов Акыйкатчы институту акыркы жылдары алгылыктуу иш жасабаганын айтып, бул кызматка Канатбек Азиздин талапкерлигин колдой турганын билдирди.
"Акыркы жылдары жеке эле мага көптөгөн жарандар кайрылып келишет. Алар негизинен соттор жана прокуратура кызматкерлери тарабынан укуктары тебеленип жатканын айтышат. Мындан сырткары, турак-жай алууда укуктары корголбогондор көп. Мунун баары өлкөдөгү Акыйкатчы институтунун адам укуктарын коргоодо чабал экендигин көрсөтүп турат. Аталган институт укугу тебеленгендердин үнүн жеткире алышпайт жана алардын көйгөйлөрүн оң жагына чече албай келүүдө.
Мына ушул көйгөйлөрдү карап отуруп, Акыйкатчылыкка Канатбек Азиздин талапкерлигин колдойт элем. Аны сунуштагандан бери элде дагы позитивдүү маанай калыптанды десем болот. Канатбек мырзанын билими, тажрыйбасы бар. Чындыкты дагы айта алат. Коомчулук да колдоп жатат. Анын буга чейинки юрист катары ишмердүүлүгүн мисалга алсак, саясий куугунтуктоо күч болуп жаткан учурда да, бийлик тарабынан басым жасалып жатса да, тайманбастан, айрым укук бузууларды айтып турду. Мисалы, президенттик шайлоонун өтөр күнүн жылдырууга бийликти аргасыз кылды. Акыйкатчы болуу үчүн эң башкысы тайманбас болуп, укук бузуулар болуп жатса бетке айтып иш алып барыш керек. Канатбек мырзада бул сапаттар бар. Учурда элдеги болуп жаткан муктаждыктарды эске алып, бул талапкерди депутаттар колдойт деп үмүт кылам”, - деди Аматов.
АКУН: "Бүгүнкү күндө укугу бузулган жарандардын үнүн Акыйкатчы айтпай эле коомдук уюмдар, укук коргоочулар айтып калышты"
Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун пикиринде, акыйкатчы институту адам укугу бузулган жерде коңгуроону кагып турушу керек.
"Акыйкатчылыкка мен да талапкер катары катышып жатам. Өзүм катышып жатып "мен татыктуу же тигилер татыксыз" дегеним туура эмес болуп калат. Жеке өзүм талапкерлигимди койбогонумда эркин айта бермекмин. Өзүмдүн талапкерлигиме кайрыла турган болсом, ар ким өзүн татыктуумун деп эсептейт. Бирок маселени депутаттар чечет да. Биз азыр КСДП фракциясына документтерди тапшырдык. Онго жакын адам тапшырды окшойт. Алар эртең үчөөнүн талапкерлигин калтырат.
Мен эки парламенттин учурунда акыйкатчы болуп шайлангам, эки жолу шайланган адамды татыксыз деп айтканга болбойт. Эки жолу акыйкатчылыкка талапкерлигимди коюп, өткөм, ошол адам үчүнчүсүндө деле болуп калышы мүмкүн деген ойдо коюп жатам. Мурдагы дүркүрөп турган Акыйкатчы институту азыр жок болуп кеткен сыяктуу көрүнүп турат, ошон үчүн күйүп жатам. Акыйкатчынын бир эле максаты бар, ал адам укугу тебеленген учурда коңгуроону уруп туруш керек. Бүгүнкү күндө укугу бузулган жарандардын үнүн Акыйкатчы институту айтпай эле коомдук уюмдар, укук коргоочулар айтып калышты", - деди Турсунбек Акун.
КАПТАГАЕВ: “Акыйкатчылык кызматка Канатбек Азиз менен Рита Карасартова ылайык деп ойлойм"
Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевдин пикиринде, акыйкатчылык кызматка келе турган адам ошол тармакта тажрыйбалуу болушу керек.
“Акыйкатчы кызмат ордуна адам укуктары деп жаны күйүп, бул тармакта өзүн көрсөтүп калгандардан тандоо зарыл. Тымпыйып, улам бир бийликке жагып жүргөндөр жарабайт. Алардан адам укугун коргойт деп күтүүнүн да кереги жок. Азыр айтылып жаткан талапкерлерден Канатбек Азиз менен Рита Карасартова экөө ылайык деп ойлойм. Кимиси өтөт, аны депутаттар чечет да. Канатбек Азиз менен Рита Карасартова экөө тең өз позициясы бар. Кыйынчылыктардан сынбай тургандыктарын көрсөтө алышты. Алар акыркы жылдарда бийликтен тайсалдап отуруп калбай, адам укугу темасына байланыштуу өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет”, - деди Каптагаев.
САСЫКБАЕВА: “Акыйкатчы болууга Канатбек Азиз татыктуу. Ал өз ишин мыкты билет, духу күчтүү”
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева акыйкатчылык кызматка кимдер татыктуу экенин айтып берди.
“Акыйкатчы боло турган адам эң оболу адам укугун баалаган адам болушу керек. Анан да адам укугун коргоо мамлекеттин эң башкы маселеси дегенди түшүнүүсү шарт. Эгер мамлекет өз жарандарынын укугун коргой албаса, анда өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошула албайбыз. Азыркы учурда акыйкатчынын кызмат орду аябай актуалдуу тема болууда. Талапкерлер көп, бул кызматты аркалай алганы деле, албаганы деле аталган кызматка сунушталууда. Көп адам акыйкатчынын милдетин жөн гана кызмат деп түшүнүшөт. Бул кызмат эмес, күрөш.
Бул кызматка бара турган адам биринчи кезекте адамдын укугун баалаган жана коргой билген, эл аны тааныган, ишеним арткан адам болушу керек. Учурда бул кызматка татыктуу адамдар жок эмес. Мен бул кызматка Канатбек Азизди татыктуу адам катары көрө алам. Ал 2 жылдан бери жарандардын укугун коргоодо көп иштерди жасап, элге тааныла алды. Ал өз ишмердүүлүгүндө саясий туткундардын укугун коргоп, өзүнүн юридикалык билимине таянып келди. Анын духу күчтүү, жаш. Өз ишин мыкты билет. Канатбек Азизден башка Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Нурбек Токтакунов, Азиза Абдрасулова дагы бул кызматка татыктуу”, - деди Сасыкбаева.
ОШУРАХУНОВА: “Акыйкатчы сын айтуудан коркпогон, өзү да сынды көтөргөн адам болушу керек”
Укук коргоочу Динара Ошурахунова акыйкатчы болууга ар бир чоң же майда иште өз пикирин коркпой айтып, акыйкаттыктын сакталышын камсыз кылган адам татыктуу деп эсептейт.
“Мен жеке бир адамды айта албайм. Анткени учурда Рита Карасартова өзүн көрсөтүп жатат, Клара Сооронкулова бар, Канатбек Азиздин талапкерлиги аталган. Эми акыйкатчы боло турган адам билимдүү, мыкты менеджер, сынды айтуудан коркпогон, өзү да сынды көтөргөн адам болушу зарыл. Ошондой эле бийлик, парламент менен иштеше алышы керек. Акыйкатчы болгондо чиновник катары эле арыздарды карап отура бербей, өлкөдөгү саясатчы же журналист жана башка жарандарга куугунтук болгондо коркпой айтып чыккан адам болушу керек. Мен жогоруда белгилеген адамдардын ар бири татыктуу деп эсептейм”, - деди Ошурахунова.
АСКАРБЕКОВ: “Акыйкатчылыкка татыктуу деп Канатбек Азизди айта алам”
Жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикиринде, акыйкатчылыкка бара турган адам программанын атаандаштыгынын аркасында тандалып келиши керек.
“Мен акыйкатчылыкка татыктуу деп Канатбек Азизди айта алам. Ал жаш, жаңы муундан чыккан, өз ишин мыкты билген кадрлардын бири. Ошондой эле юридика илимдеринин доктору. Негизи Акыйкатчылык орунга атаандаштык менен тандалса жакшы натыйжасын берет. Атаандаштык болгондо, ал программанын атаандаштыгы болушу керек. Радио, телекөрсөтүүлөргө өз программалары менен чыгып, дебаттарды өткөрүп, тандап алынса жакшы болмок. Ошондо Акыйкатчы институтунун кадыры бизде эле эмес, эл аралык деңгээлде көтөрүлүп, институт катары өз ишмердүүлүгүн мыкты жүргүзмөк. Атаандаш болуп чыга турчу талапкерлерге Канатбек Азиз, Чолпон Жакупова, Рита Карасартованы белгилейт элем. Бул кызматтын кадыры түшүп кеткен”, - деди Аскарбеков.
АЛКАНОВА: “Мага белгисиз адамдар тарабынан коркутуу болгондо Канатбек Азиз укугумду коргоп берген. Ал акыйкатчылыкка татыктуу”
Журналист Элнура Алканова Канатбек Азизди акыйкатчылык кызматка татыктуу экендигин айтып, башынан өткөн окуясы менен бөлүштү.
“Мен акыйкатчылык кызматка Канатбек Азизди татыктуу деп эсептейм. Ал менин укугумду коргоп калган окуяны өзүмдүн интернет баракчама бөлүштүм эле. Окуя 2017-жылдын күз айында болгон. Жекшемби күнү болчу. Мен иликтөө материал жасап жүргөм. Бир убакта биздин унааны белгисиз адамдар 3 унаа менен ээрчип келе жатканын байкадык. Алар бизди туш тараптан курчап алышты. Анан мени коркутуп-үркүтүшүп, “эмне тартып жатасың? Иликтеп жаткан материалыңдын видеолорун, дронуңду берсең анан коё беребиз” деген талап коюшту. Биз 4 сааттай унаадан чыкпай, материалдарды да бербей отурганбыз. Милиция чакырсак алар жардам бере алышкан жок. Тескерисинче, алар бизди аңдып жүргөндөрдүн сөзүн сүйлөй башташты. Ошондо Канатбек Азиз келип бизге жардам берген. Ошол күндөн бери аны мыкты юрист катары таанып, акыйкатчы кызматына татыктуу деп эсептейм. Ал жаш болгонуна карабай өз ишин мыкты билген, мол тажрыйбага ээ адам. Бул биз үчүн чоң ишеним жаратат”, - деди Алканова.
БАБАКУЛОВ: “Акыйкатчы институту кайсы партиянын устуканы болсо алар сунуш кылган адам өтүп кетет”
Жарандык активист Аманбол Бабакулов акыйкатчылыкка Канатбек Азиз татыктуу экенин айтты. Бирок татыктуулар өтпөй, татыксыз адамдар көп добуш алышы мүмкүн экенин жашырган жок.
"Мен Канатбек Азизди колдойм. Анткени ал жаш, өзүн татыктуу жактоочу катары алып жүрөт. Айрым аксакалдардын аталган кызматка талапкер болуп чыгып жатканы уят эле. Акыйкатчылык кызматы көпчүлүк учурда саясатташып кетет да, карапайым калктын укугу эске алынбай калат. Буга чейин Кубатбек Оторбаевди акыйкатчылыкка шайлап жатканда Мавлян Аскарбековду, Рита Карасартованы сунуш кылдык эле. Бирок коомчулуктун пикирин эске албастан журналистти акыйкатчы кылып коюшкан. Ошондо мен “акыйкатчы боло турган адамдын юридикалык билими болушу керек” деп айтып чыккам. Канатбек Азиз - бул кызматка татыктуу.
Ал буга чейин Өмүрбек Текебаевдин укугун коргоп келди, мындан сырткары БШКда иштеп турганда дайыма шайлоо системи боюнча калыс пикирде турган. БШКнын мүчөлөрү дайыма өздөрүнүн чечимдерин жана пикирлерин бийликтин нугуна ылайыктап айтып келишет. Канатбек Азиз болсо өзүнүн пикирин билдирип, калыс оюн айта алчу. Мындан сырткары Рита Карасартова да акыйкатчылыкка татыктуу. Бирок эң өкүнүчтүүсү биздеги фракциялар ар бир кызматты устукандап бөлүп алышкан. Акыйкатчы институту кайсы фракциянын устуканы болсо, алар сунуш кылган адам өтүп кетет. Мисалы, Бишкек шаарынын мэрин шайлоодо көрбөдүкпү?! Жогору жактан кандай буйрук келсе, шаардык кеңештин депутаттары аны аткарышты. Бул жаман көрүнүштөн арылуу үчүн партиялык шайлоодон баш тартуу керек”, - деди Бабакулов.