50 миң доллар пара менен кармалган чиновниктин өмүр баяны (фото)

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түштү. УКМК тараткан маалыматына караганда, ал акча "Бириктирүүчү жолдор, 1 жана 3 ЦАРЭС коридору, Эпкин-Дыйкан тилкеси" (Башкууганды 89,5-159,2 чакырымдары) долбоору боюнча тендерде чет өлкөлүк компаниялардын биринин кызыкчылыгын көздөө максатында алынып жаткан. "Жусубалиев ал компаниядан жалпы жонунан пара катары 520 миң доллар сурап, буга чейин 120 миң долларын колуна алган", - дейт УКМК.

Азимкан Жусубалиев аталган кызмат ордуна 2017-жылдын февралында ошол учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун кол койгон буйругу менен келген.

Ал 1965-жылы 26-мартта Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айылында туулган. 1987-жылы Фрунзе шаарындагы политехникалык институтун автомобиль транспортторун башкаруу боюнча инженер адистигин аяктаган.

Эмгек жолу:

1987-1988-жылдары Кыргыз ССРнин Транспорт министрлигинин жана шоссе жолдорунун Түштүк автотрестинин №2915-аскерлешкен автоколонналык тилкесинин мастери;

1988-1991-жылдары Кыргыз ССРнин Транспорт министрлигинин Кызыл-Кыядагы жүк ташуучу унаалардын автобазасынын бөлүм башчысы, тилкенин мастери;

1991-жылы Кызыл-Кыя шаардык аткаруу комитетинин уюштуруу иштери боюнча инструктору;

1991-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин бөлүм башчысы, 2915-аскерлешкен автоколоннанын башкы инженери;

2003-2004-жылдары ӨКМнын жана Экология министрлигинин өндүрүштүк-техникалык башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

2004-2006-жылдары Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Ош шаарындагы башкармалыгынын башчысынын орун басары;

2006-жылы Экономика жана финансы министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын бөлүм башчысы;

2006-2008-жылдары Ош шаарынын мэриясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы;

2008-2009-жылдары өкмөттүн уюштуруу-инспекторлук иштер жана аймактык мониторинг боюнча бөлүмдүн башчысы;

2010-жылы өкмөттүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин аймактар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы, директордун кеңешчиси;

2010-2012-жылдары президенттик аппараттын мамлекеттик, аймактык секторлорунун жана кадрдык жумуштар боюнча сектор бөлүмүнүн жетекчиси;

2012-2016-жылдары өкмөттүк аппаратынын кадрдык иштер боюнча мамлекеттик башкаруу бөлүм башчысынын орун басары;

2016-2017-жылдары өкмөттүк аппараттын Курулуш транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн жетекчиси;

2017-жылы Транспорт жана жолдор министринин орун басары;

Мамлекеттик кызматтардын III класстагы кеңешчиси, бир катар мамлекеттик сыйлыктарга ээ.

Кыргыз чиновниги 50 миң доллар пара менен кармалды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (40)
portugalia
2018-12-07 08:47:17
50миң эле сураптыр деп ойлопмун дагы көп тура.
+1
aichurok.jalilova
2018-12-07 08:49:36
Алган арам акчалары тешип чыксын.Насип кылбай калсын.
+1
portugalia
2018-12-07 08:50:57
Өзүнөн башканы ойлобогон каяктагы алкымы чоңдор иштеп жүрүшөт.Кыргызстанга зыянын тийгизген акмактар.
+1
aerforce
2018-12-07 09:39:49
Эми шапкеңди ылдый кийип уялып жатасыңбы?
+1
titanik32
2018-12-07 09:49:35
ХХХХ паракор иштеген ишиң деле жакшы экен айлыгыңды алып бала чакаң менен тынч эле жашай берсең болмок.Силерге окшогон паракорлор антына турбаган ант уралар уурдап жеп жатып Кыргызстан өнүгүп өсө албай жатат.Эми жашооң түрмөдө болсун ылайым жеген кандай болот экен көр.
0
admin_superstan
2018-12-07 10:00:51
titanik32, адамдын кадыр-баркына шек келтирген билдирүү жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
Aikaaaa
2018-12-07 11:30:21
Бир келген бул жашоодо, бир келген моменттен пайдаланып калалы дешет го, өлкө үчүн, эли үчүн ак кызмат кылайын деген киши жок.
Алкымы кенен экен
0
Aytur
2018-12-07 11:38:19
Элди ушулар курутатго парламентте да отурат 100 жегич.
0
novayariga
2018-12-07 12:02:05
Супер инфо жолдогу паракорлукту да чагылдырып, которуп чыккылачы сураныч.Сосновка посту. Мен ал жердегилерди уруксаты бар бандиттер деп атайм. Ветеринарный контроль ,ГАИ 50,Налог патент деген шылтоо менен 200, Тараза 250 официально 500-4000 суйлошконго жараша, анан тоннель 275 сом.Ушуларды отуп буткондон кийин анан жолго чыккандай болобуз. Кудай болуп алышкан.
0
admin_superstan
2018-12-07 12:16:39
novayariga,
Саламатсызбы, сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
novayariga
2018-12-07 12:04:07
Жогорудагы сумманы милдетту турдо бересин,а то бирдеме таап чыгат же очошуп алат.
0
555-777
2018-12-07 14:28:23
Омуру журогу оорубаган байкуштун эми журогу ооруп калат экенда
+1
bibi87
2018-12-07 16:57:05
520 мин доллар, эмне деген акча, ужассс, алкымы араандай ачылган го, уй мулкун конфискация кылыш керек, озун турмодо чиритиш керек!!!!
0
bibi87
2018-12-07 16:58:18
Кара Балта менен Бишкекке кеткен жолдун ондолбой, аягына чыкпай жатканына туздон туз куноолууу адам!!
0
Bishkek_312
2018-12-07 17:50:31
Тундук-Туштук жолу жаны башталганда туурасы 32 же 36 бы метр болот деп уккам ошону чекесинен жеп жатышып азыр 9 мерт калды дейт эрте бутурбосо 21-жылга чейин калбай калуу коркунучу бар калган 9 метрди бат эле жеп койушат.
0
urmat-77
2018-12-07 18:23:03
Сокенин дайындаган кадры.Үчүнчү даражадагы мамлекеттик кеңешчи.Анда калганы эмне болду экен.Өзү да бүт эле май көл сүт көлдө иштеп дагы да тойбоптур да.500миң доллар эмес 200сом үчүн күнүгө дордойдо бир үй-бүлө балдары менен чогуу кечке кардон пленка чогултуп балдары балалык доорду көрбөй иштеп араң табышат.Кырылып тукумуңар куурасын элдин үстүнөн арам акча таап иштеген 120кой өкмөт министр баарыңарга каргыш.Кайран эл.Качан оңолобуз.Примьерминистр бети болсо отставкага кетсин.
0
Firdaus-Muslim
2018-12-07 21:08:38
Оохууууу, 520 миң $. Түрмөдө чиритиш керек мындай уурулук кылгандарды. Ал эми Кытай өлкөсү мындай паракорлорду өлүм жазасына тартмак.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан