КҮНСОБОЛ: Бийлик коррупциянын айынан мамлекетке келтирилген зыяндарды тарифтерди кымбаттатуу менен чечүүнү сунуштаганы туурабы?

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБин жаңылоого алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын пайдаланылышы боюнча өкмөттүн маалыматы уктурулду.

Анын жүрүшүндө, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: "Бишкек ЖЭБин модернизациялоого алынган насыядан кутулуу үчүн электр энергиянын баасын көтөрүүгө туура келет", - деп айтты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бийлик коррупциянын айынан мамлекетке келтирилген зыяндарды тарифтерди кымбаттатуу менен чечүүнү сунуштаганы туурабы?" деген собол салды.

МАВЛЯНОВА: "Бишкек ЖЭБди модернизациялоодо акчаны уурдап жегендерди кайра төлөтүү керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Бишкек ЖЭБди модернизациялоого бөлүнгөн каражатты уурдап, жеп алгандардын банктык эсебин текшерүү керек экенин айтты.

"ЖЭБди модернизациялоодо акчаны уурдап жегендерди кайра төлөтүү керек. Алар кайсы бир банктардын эсептеринде акчаны кармап жатса керек. Ошолорду таап, мамлекетке кайрып берүү жолдорун издөө зарыл. Бул ишти тиешелүү органдар колго алуусу абзел. Электр энергиясынын тарифинин баасын көтөрсө да, көтөрбөсө дагы карыз элдин моюнуна жүктөлүп жатпайбы", - деди Мавлянова.

УМБЕТАЛИЕВ: "Башкы прокурордун тарифтерди кымбаттатуу боюнча баа бергенге укугу жок"

Эксперт Расул Умбеталиев Бишкек ЖЭБди модернизациялоого алынган каражатты тоноп, жеген акча үчүн эл зыян тартпоосу керек экенин айтты.

"Башкы прокурордун тарифтерди кымбаттатуу боюнча баа бергенге укугу жок. Бишкек ЖЭБи модернизациялоодон 111 миллион доллар зыянга учурап жатат. Бул жерде карапайым элдин күнөөсү жок. Мамлекеттик кызматта отургандар, өкмөт башчылар, министрлер жана ошол тармактын жетекчилери жооп бериши кажет. Ал эми алар жеген акча үчүн эл зыян тартпоосу керек.

ЖЭБди оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн каражатты уурдап, тоноого катыштыгы бар кызматкерлер аныкталды. Эми алар төлөп бериши зарыл. Булардын мүлктөрү көп. Ошол мүлктөрүн УКМК менен Башкы прокуратура толугу менен аныктап чыгуусу керек. Анткени учурда айыпталып жаткан чиновниктер мүлктөрүн жакын туугандарына каттатып койгон. Эч кимге айтпай катып койгон банктык эсептеринде акчалары бар. Алардын көмүскөдөгү байлыктарын мамлекеттин казынасына төлөтүү зарыл. Тарифти көтөрбөй, ошонун эсебинен тышкы карыздан кутулуу туура болот. Мындан башка жол жок. Элди тоной беришсе, чындык, калыстык каякта калат? Бөлүнгөн акчаны тоноп, жеп кетиштиби, эми аны "кустуруш" керек", - деди Умбеталиев.

БОКОЕВ: "Биз да ушул боюнча өкмөткө суроо узаттык"

Депутат Кенжебек Бокоев өкмөт ал сунушту колдобой турганын билдиришкенин айтты.

"Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ушундай сунуш айтылган. Биз да бул боюнча өкмөткө суроо узаттык. Өкмөт "жок, андай сунуш кылган жокпуз" деген жооп кайтарышты. Мамлекеттин каражаттарын төлөөнү тариф аркылуу чечпейбиз, тарифтер көтөрүлбөйт. Мындайча айтканда, бул сунушту колдобой турганын маалымдашты. Бул эми өкмөттүн жообу", - деди Бокоев.

ОСМОНАЛИЕВ: "Бишкек ЖЭБи модернизациялоого алынган каражатты төлөөнү элдин моюнуна жүктөгөндүн ордуна уурдап, тоногондорду "кустурушсун"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев мамлекетке келтирилген зыяндарды тарифтерди кымбаттатуу менен кутулууга кескин түрдө каршы экенин айтты.

"Мен жеке пикиримде нааразычылыгымды билдирем. Бишкек ЖЭБи модернизациялоого алынган каражатты төлөөнү элдин моюнуна жүктөгөндүн ордуна өздөрү жолдорун издөө керек. Башкы прокурор "ЖЭБдин эски жабдыктарынын 90 пайызын алмаштырып, капиталдык оңдоп-түзөөгө 50 миллион доллар сарптаса болот эле" деп айтты. Мына эми калган акчаларды "кустуруп" казынага түшүрсө, эч кандай электр энергияга болгон тарифти көтөрүүнүн зарылчылыгы жок. Бир жагынан катуу күрөшүп жаткан маанайды түзүшөт дагы, экинчи жагынан элдин кыжырын келтирген сунуштарды беришет. Менимче, тарифти көтөрүү Башкы прокурордун иши эмес. Бул элдин нааразычылыгын туудуруп, президентти ыңгайсыз абалга калтырып коюунун жолу. Айткан сунушунан тез кайтуусу керек. Ар ким өз ишин жасаса жакшы болот эле", - деди экс-депутат.

ИСМАИЛОВА: "Адегенде энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова энергетика тармагындагы коррупцияны жоймоюнча андагы абалдын өзгөрүүсү мүмкүн эмес деген пикирде.

"Эң негизгиси электр энергиясы тармагынын саясатын жүргүзүү - бул өкмөттүн жумушу. Өкмөттүн жообуна таянсам, бул саясатты бекитүү жазында башталат. Бишкек ЖЭБге алынган насыя электр энергиянын баасына зыянын тийгизбейт деп үмүттөнөм. Анткени бул элдин арасында нааразычылыкты пайда кылат.
ЖЭБден башка дагы 2019-2020-жылдары энергетика тармагындагы насыяны төлөө убагы келет. Эң биринчи биздин максатыбыз карапайым элдин камын ойлошубуз керек. Мен социалдык тариф жөнүндө көп жолу өкмөткө суроо узаткам. Социалдык тариф элге калыш керек, анын лимитин кышында 2000 килоВатт кылышыбыз зарыл.
Ошол эле учурда энергетика тармагындагы коррупциялык иштерди жоюу зарыл. "Энергетикалык холдингдин" чыгымдары тарифтин баасында каралган. Ошонун негизинде өкмөт "Энергетикалык холдинг" ишканасын жоюп, Энергетика министрлигин ачканы турат. Бул эч нерсени өзгөртпөйт, дагы эле коррупцияны калтырат. Мамлекеттик активдер холдингдин, акционердик коомдун колунда болот, жаңы министрликтин карамагында болбойт. Бул иш туура эмес", - дейт Исмаилова.

АКЫЛБЕК: "Элдин акчасын өкмөт туура колдонуп жатабы же жокпу, ага коомчулук ишенбейт"

Саясий серепчи Нурсултан Акылбек электр энергияга болгон бааны көтөргөнгө коомчулук даяр эмес экенин айтты.

"Тарифтер көтөрүлсө сөзсүз эл арасында нааразычылыктар болот. Кыргыз өлкөсүнүн энергетикалык системи коррупцияга малынган. Качан ал системди реформалап, болгон коррупцияны жойгондо гана тарифтерди көтөргөндү ойлосо болот. Тарифтин көтөрүлүүсү азык-түлүк жана башка күнүмдүк пайдалануучу нерселерге болгон бааны да жогорулатат. Шаарда жашаган кээ бир жарандарга тарифтердин көтөрүлгөнү чоң көйгөй эмес болсо, социалдык жактан муктаж жарандарыбызга жана айылда жашаган элге чоң кыйынчылык жаратат.

Элдин акчасын өкмөт туура колдонуп жатканына коомчулукта ишенич жок. Канчалаган насыялар туура эмес колдонулуп, элдин моюнунда илинип турат. Анан ЖЭБди оңдоп-түзөөдө бир нече миллион доллар уурдалды деп жана аны кыргыз эли төлөйт деген туура эмес. Ал уурдалган акчасын кайтарып алууга аракет кылуу керек. Бул көзөмөлдөө органынын милдети", - деди Акылбек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан