Бир жыл мурда ала качууга дуушар болгон Бурулай Турдали кызынын милиция бөлүмүндө бычакталып каза болуусу коомчулуктун үрөйүн учурган. Жакында эле Бишкек шаарынын Жал кичи районунда аёосуз мушташ орун алып, эки жигит оор абалда комага түшкөн. Мушташтан кийин жерине милиция кызматкерлери келип, ур-тепкиге алгандар менен учурашып, көпкө дейре сүйлөшүп турган видеосу жарыяланган. Мушташтан бери бир апта өттү, бүгүнкү күнгө карата шектүүлөр дале кармала элек.
SUPER.KG порталы "Бир жыл мурда Бурулайдын өлүмү, эми Жалдагы аёосуз мушташ. Эки окуяда тең милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы оркоюп көрүнөт. Милиция кызматы канткенде оңолот?" деген собол салды.
ЖАМАЛДИНОВ: "Милиция кызматкерлерине шарт түзүп берип, жоопкерчилигин күчөтүш керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов милиция кызматкерлери өз милдеттерин так аткарышы керек деген пикирде. "Аларга жакшы шарт түзүп берүү зарыл. Айлык маянасын көтөрүү, алар иштеш үчүн унааларды берип, күйүүчү майлар менен камсыздаш керек. Аларга шарт түзүп берүү менен жоопкерчилигин күчөтүү абзел. Милиция кызматкерлери өздөрү үлгү көрсөтүп тартипти бузбай, тартип бузгандар менен аёосуз күрөшүп, шалаакылык иштерди жасабашы шарт. Өз милдеттерин так аткаруусу зарыл", - дейт Жамалдинов.
КАРАШЕВ: "Милиция кызматкерлерин жумушка алууда электен өткөрүү керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев укук коргоо органдарында реформа аягына чыкпай жатканын билдирди. "Укук коргоо органдарында реформа жүргүзүү керек деп баштадык. Бирок реформа дагы деле бүгүнкү күндө толук бойдон аягына чыккан жок. Реформа аягына чыгышы шарт. Эң негизгиси милиция кызматкерлерин тандоодо, жумушка алууда электен өткөрүү керек. Милицияга жоопкерчиликтүү, билимдүү, татыктуу кызматкерлерди алуу зарыл. Кадр саясатын туура жүргүзүү абзел", - дейт Карашев.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Мамлекетте саясий систем өзгөртүлүшү керек"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков бир канча жылдан бери бардык тармактын абалы оор деген пикирде. "Бизде саясатчылар, мамлекетти башкарып жаткан адамдардын көпчүлүгү милициянын жетекчилигин, Ички иштер министрлигинин ичиндеги кичинекей бир бөлүмдөрдүн аттарын алмаштырып койсок же болбосо башка бир жаңы бөлүмдөр түзүлсө маселе чечилип калат деп ойлошот. Канча жылдан бери милиция кызматыбы, прокуратурабы, УКМКбы же башка тармак болобу бардыгы терең кризиске келип такалган. Бардыгынын абалы оор, коомго кызмат кылбай, өздөрүнүн түздөн-түз милдеттерин аткарбайт. Анын бир гана себеби бар. Бизде мамлекетте башкаруу жолубуз туура эмес. Мамлекеттеги саясий систем туура эмес. Саясий системди өзгөртмөйүнчө биз Бурулайга окшогон бир топ кыздарыбызды, бир топ сабалып жаткан балдарыбызды, кылмыштуулуктун өсүп-өнүгүшүн, милиция кызматынын эч жараксыз экенин күндөн-күнгө турмушубузда көрө беребиз. Бул кетип, тигил келген менен азыр эч кандай маселе чечилбейт", - дейт Равшан Жээнбеков.
КЕҢЕШБЕК ДҮЙШӨБАЕВ: "Коом кандай болсо, милиция кызматы дагы ошондой болот"
Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев милиция кызматын колдоо керектигин белгиледи. "Милиция кызматынын ичинде албетте кемчиликтер бар, бирок жакшырак жагы көп деп ойлойм. Анткени бүгүнкү күндө алар коомдук тартипти камсыз кылууда, кылмыштуулук менен күрөшүүдө эң чечүүчү ролду ойнойт. Ошондуктан бир-эки кемчиликти көрүп, бардык милиция кызматкерлерин жаман деген болбойт. Милиция кызматкерлери колунан келишинче иштеп жатат. Алар асмандан түшүп калган жок да, биздин мамлекеттик орган, коомдун мүчөлөрүнөн турат. Коом кандай болсо, милиция кызматы дагы ошондой болот. Милиция кыйынчылыктарда иштеп жатат. Ошондуктан аларды колдош керек", - дейт Дүйшөбаев.
ТУРДУКУЛОВ: "Укук коргоо органдарына элдин ишеними төмөн"
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукуловдун айтымында, күч түзүмдөрүнө карата элдин нааразычылыгы чоң. "Менин оюмча, жалгыз эле милиция кызматкерлерине эмес, башка дагы күч түзүмдөрүнө карата элдин ишеними абдан төмөн деңгээлде. Күч түзүмдөрүнө болгон нааразычылыктар чоң. Алар кош стандарттуулукка багыт алып, мыйзам нугунда эмес, өздөрү мыйзамсыздыкка аралашып жатканын көрүп-билип турабыз. Бурулайдын өлүмү, Жалда болгон окуя бул азыркы учурда бийликке гана карата эмес, элдин бири-бирине болгон мамилеси оорлошуп, агрессия жогорку деңгээлге өсүп кеткенинин белгиси. Буга көп факторлор бар", - дейт Турдукулов.
КАРАСАРТОВА: "Бүгүнкү күндө милиция кызматында эч кандай реформа болбогону ачык көрүнүп турат"
Укук коргоочу Рита Карасартова милиция кызматын, прокуратураны, сотту биргеликте реформа кылуу керек деген ойдо. "Көптөн бери сот реформасы жүрүп баштады деп айтылып келет. Ар бир адам адилеттүүлүктү издегенде укук коргоо органдарына кайрылышат. Дүйнөлүк практикада укуктук-соттук реформа деп бүт бардыгын реформа кылып баштайт. ИИМди, прокуратураны, сотту реформа кылуу керек. Сотту эле реформа кылганда эч нерсе өзгөрүп кетпейт. Бүгүнкү күндө милицияда эч кандай реформа болбогону ачык көрүнүп турат", - дейт Карасартова.