КҮНСОБОЛ: Премьер-министр жеке маалыматты коргоо боюнча мамлекеттик орган түзүүнү тапшырды. Өкмөт жарандардын жеке маалыматын коргой алабы?

Бүгүн, 11-декабрда Ички иштер министрлигинин Санариптешкен командалык борборунда жыйын өттү. Анда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылдын 1-февралына чейин жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча мамлекеттик орган түзүүнү тапшырды.

SUPER.KG порталы "Премьер-министр жеке маалыматты коргоо боюнча мамлекеттик орган түзүүнү тапшырды. Өкмөт жарандардын жеке маалыматын коргой алабы?" деген собол салды.

КАРАШЕВ: "Өкмөт жарандардын жеке маалыматын коргогонго милдеттүү"

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев жарандардын жеке маалыматын коргоо боюнча мамлекеттик органдын түзүлүшүн колдой турганын билдирди.

"Конституцияда жазылгандай, ар бир адамдын укугу корголушу керек. Өкмөт жарандардын жеке маалыматын милдеттүү түрдө коргошу шарт. Себеби маалымат өкмөттүн түзүмдөрүндө болууда. Ошол эле "Коопсуз шаар" долбоору Мамлекеттик каттоо кызматы менен ИИМдин астында болуп жатат. Жеке маалыматтар Мамлекеттик каттоо кызматында болуп жатат. Ал жерде бир да маалымат сыртка чыкпашы керек. Маалыматка ким жоопкерчиликтүү болсо, ошолор жооп бериши зарыл. Акыркы чыгып кеткен маалыматтар боюнча жоопкерчиликтүү кызматтар жооп бериши абзел.

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик орган түзгөнгө убакыт келип жетти. Мамлекеттик органдын түзүлүшүн туура деп ойлойм", - дейт Аалы Карашев.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Жеке маалыматы сыртка чыгып кеткен жарандар сотко, укук коргоо органдарына барса дагы адилеттүүлүк таба алышпайт"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков жеке маалыматы сыртка чыгып кеткен жарандар сотко, укук коргоо органдарына барса дагы адилеттүүлүк таба алышпайт деген ойдо.

"Авторитардык, коррупциялашкан өкмөт, Жогорку Кеңеш, укук коргоо органдары президенттин гана көзүн караган өлкөдө эч убакта жарандардын жеке маалыматтарын мамлекет бекем сактай албайт. Андай мамлекеттерде маалыматты сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү, маалыматты сатуу мүмкүнчүлүгү жогору болот. Бийликтеги топтун кызыкчылыгы мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору турат. Эгерде бийликтеги топ өздөрүнүн кызыкчылыгына караштуу жашыруун маалымат керек дей турган болсо, алардын жарандардын маалыматын алууга дайыма мүмкүнчүлүгү бар. Алардын кызыкчылыгы баарынан жогору тургандыктан, маалымат сатылгандыктан өкмөт бир адамга, президенттин тегерегиндеги топко баш ийгендиктен ал жерде маалыматты сактоо мүмкүн эмес. Ошондуктан азыркы өкмөттүн бул маселени чечебиз дегени алдоо. Жарандардын маалыматын, жашыруун сырды сактоо, тергөөдөгү маанилүү маалыматтарды сактоо авторитардык, коррупциялашкан өлкөдө мүмкүн эмес.

Жеке маалыматы сыртка чыгып кеткен жарандар сотко, укук коргоо органдарына барса дагы адилеттүүлүк таба алышпайт. Себеби алардын бардыгы айланып келип бир адам президентке, коррупциялашкан өкмөткө баш ийет", - дейт Жээнбеков.

БЕКЕШЕВ: "Жарандардын жеке маалыматын коргоо боюнча мамлекеттик орган керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жарандардын жеке маалыматын коргоо боюнча мамлекеттик орган кандай иш алып бара турганын убакыт көрсөтөрүн айтты.

"Бизге мындай орган керек. Азырынча УКМК "Коопсуздук шаарды" көзөмөлдөп жатат. Алар ошон үчүн айып пулдун 5 пайызын алууда. Жарандардын жеке маалыматы чыгып кеткени үчүн алар дагы күнөөлүү. УКМК аны карай албаса, жаңы түзүлгөн орган кантип карайт билбейм. Мамлекеттик орган өзү керек, кандай иштей турганын убакыт көрсөтөт", - дейт Бекешев.

ТУРДУКУЛОВ: "Жарандардын жеке маалыматын коргоо боюнча өз алдынча мекеме түзүүнүн кажети жок"

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов жарандардын жеке маалыматын коргоо боюнча өз алдынча мекеме түзүүнүн кажети жок деген пикирде.

"Конституцияда, башка мыйзамдарда жарандардын жеке маалыматтарын таратууга тыюу салынган. Ошондуктан өзүнчө мекеме же уюм түзүү ашыкча нерсе. Өкмөт өзү мыйзамды сыйлап, адам укугун сактаганга бел байласа, анда өзүнчө бир мекеме түзүүнүн кажети жок", - дейт Турдукулов.

РЫСПАЕВ: "Өкмөт жарандардын жеке маалыматын коргоо боюнча механизм иштеп чыгышы керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев өкмөт жарандардын жеке маалыматын коргоо боюнча механизм иштеп чыгышы керектигин билдирди.

"Жарандардын маалыматы чын болсо корголот. Калп болсо кантип корголот? Өкмөт жеке маалыматтарды коргоо боюнча иш алып барып жатабыз деп билдирди. Алар кандайча алып барат, кантип коргойт? Бул нерсенин механизмин иштеп чыгыш керек. Жеке маалыматтар чыгып жатат. Бирок айрым учурда чындыкка жатпаган маалыматтар тарап кетүүдө", - дейт Кожобек Рыспаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан