8-марттагы жүрүшкө уруксат бергендердин отставкасын талап кылгандар Бишкек мэриясынан Ак Үйгө чейин жөө жүрүш менен бара жатат

Бүгүн, 13-мартта Бишкек шаардык мэриясынын имаратынын алдына топтолгондор кайрылуу катын тапшыруу үчүн Ак Үйгө жөө жүрүш менен бара жатышат. 8-марттагы жүрүшкө уруксат берген аткаминерлердин отставкасын талап кылып "Кырк чоро" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, Муфтияттын айрым өкүлдөрү жана активисттер мэриянын алдына чыгышкан. Андан кийин активист Аманбол Бабакулов жөө жүрүшкө чыгууну сунуштады. "Кырк чоронун" төрагасы Замирбек Көчөрбаев коомдук бирикменин жүрүшкө тиешеси жок экенин айтып, каалоочулар бара берсе болорун белгиледи.

Алар кайрылуу катын президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына жана өкмөт башчыга жолдошкон. Анда 3 талап жазылган:

1. 8-мартта Бишкектеги жүрүшкө уруксат бергендер жоопко тартылып кызмат ордунан кетсин;

2. Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдөгү өкмөттүк эмес уюмдар жана транссексуалдар боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, кабыл алсын;

3. Бийлик 1-майда өтө турган жүрүштү болтурбашы керек.

Окуянын чоо-жайы.

8-мартта "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылы тынч жүрүшкө чыгышкан.Уюштуруучулар бул иш-чарага катышкандардын саны 500гө жеткенин маалымдаган. Акцияга катышкандар аялдардын укугун коргоо, аларга тиешелүү деңгээлде көңүл буруу деген өңдүү чакырыктар менен чыгышкан. Бирок анын жүрүшүндө айрым катышуучулар ЛГБТнын желектерин жамынып, окшош жыныстуу мамилени колдоо чакырыктарын ачык жүргүзүшкөнү байкалган. Бул коомчулукту кыжырлантып, мындай максаттагы жүрүштөргө шаардык бийлик уруксат бербеш керек болчу деген сындарды айтышкан. Өз кезинде Бишкек шаардык мэриясы мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, тынч митингдерди өткөрүүгө эч кимге тыюу сала албай тургандыгын кабарлаган.

Ал эми "Кырк чоро" "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын жүрүшкө чыгары белгилүү болгондо эле аларга каршы болуп, жүрүш учурунда аны үзгүлтүккө учуратабыз деген билдирүүсүн таратышкан. Бирок алар 8-март күнү аталган кыймылдын жүрүшүнүн катышуучуларын гүл менен тосуп алышкан болчу. Кийин "Кырк чоро" бирикмеси 8-мартта Бишкекте жүрүштү уюштургандарды сотко берерин маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
katerina.li
2019-03-13 12:46:54
Весеннее обострение.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан