КҮНСОБОЛ: Өкмөттүн ишине кандай баа бересиз?

Былтыр август айында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында жаңы өкмөттүн курамы жана анын программасы жактырылып, Сапар Исаков баштаган министрлер кабинети көпчүлүктүн добушу менен шайланган. Учурда өкмөт 2017-жылы аткарган иштери боюнча Жогорку Кеңештин фракцияларына жана комитеттерине отчёт берүүдө. КСДП менен "Кыргызстан" фракциясы өкмөттүн отчётун "канааттандырарлык" деп тапса, ал эми парламенттеги оппозициялык фракциялар "канааттандырарлык эмес" деп баалады. Жакында жалпы парламентке отчёт берүүсү күтүлүүдө. SUPER.KG порталы өкмөттүн ишин ким кандай баалай турганы боюнча собол салды.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Өкмөттүн жасап жаткан иши аттын алдына араба коюп алгандай"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков өкмөттүн мурдагыларга караганда анча-мынча жакшы идеялары бар экенине токтолду. Бирок министрлер кабинетинин жасап жаткан иши аттын алдына араба коюп алгандай деген пикирин билдирди. "Таза Коом", "Акылдуу шаар" долбоорлору - жалпысынан жакшы идеялар. Ошол аркылуу өкмөттүн элге көргөзгөн кызматтарынын сапатын бир топ жакшыртса болот. Мына ушул жагынан кандайдыр бир жакшы идеялары бар. Бирок өкмөт технологиялык иштерди эмес, мамлекетте биринчи кезекте сот, укук коргоо органдарынын маселесин чечиши керек. Жергиликтүү бийлик менен борбордук бийликтин ортосундагы мамилени так аныктоо зарыл. Жергиликтүү бийликке көбүрөөк бийлик берүү реформаларын жасоо керек. Өкмөт ушуларды жасабастан "Акылдуу шаар" менен "Таза коомго" өтүп жатканы арабаны аттын алдына коюп жаткандын далили болуп эсептелет. Бул жагынан алганда туура эмес. Жалпысынан идеялары бар деп айтсак адилеттүү болот. Бир жагдайды айтып коюу керек, өкмөттү идеясы бар же жоктугу үчүн кетирбейт. Кыргыздын тарыхында өкмөттү дайыма интригалар менен, саясий максат менен гана кетиришет. Эгерде өкмөт негизги саясий топко, чечим кабыл алып жаткан бийликке жакпай калса, дайыма интрига менен кеткен учурлар көп. Азыр деле менин байкашымча, өкмөттү кетиребиз дегендей аракеттер жүрүп жатат", - деди Равшан Жээнбеков.

МАВЛЯНОВА: "Өкмөттүн отчётунда жалпысынан буга чейин эле аткарылган жумуштар жазылган"

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Махабат Мавлянова өкмөттүн отчётунда "Таза коом” программасы деп буга чейин эле аткарылган жумуштар жазылганын билдирди. "Кескин түрдө эл жон териси менен сезе турган санариптик программадан башка эч нерсе көргөн жокмун. Бизнес жаатында эл аралык статистикада 75-орундан 77-орунга түшүп кетишибиз абдан жаман көрсөткүч болуп калды. Биз тескерисинче, бир кадам болсо да алдыга жылганыбызда инвесторлорду чакырып, көп маселелерди чечүүгө жол ачылмак. Азыр ички инвесторлорго деле шарт түзүлбөй жатат”, - деди Мавлянова.

ТУРДУКУЛОВ: "Өкмөт башчы кадр маселесинде экс-президент Атамбаевге толук баш ийе турганы белгилүү болду"

Жарандык активист Адил Турдукулов өкмөт башчы Сапар Исаков кадр маселесинде экс-президент Алмазбек Атамбаевге баш ийе турганын айтты. Турдукулов буга карата Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан бошотулганы боюнча мисал келтирди.

"Исаков Атамбаевдин Матраимовго болгон жеке терс пикиринен улам кызматтан бошотту. Бул туура эмес. Болот Сүйүмбаевдин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматына төрага болуп дайындалгандын артында Атамбаев турат деп ойлойм. Мындай дайындоолор азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен тирешүүнү ого бетер курчутат деген ойдомун. Ошондуктан мындай кырдаалды курчутпаш үчүн Сапар Исаков өз ыктыяры менен кызматтан кетиши керек же парламент ага карата ишенбөөчүлүк көрсөтүшү зарыл.

Өкмөт пиар, жарнамага басым жасап, чыныгы инфраструктуралык иштерди жасабаганы өкүндүрөт. Алар демилгелеген долбоорлордун ишке ашпаганы - бул көз каранды команда экенин дагы бир жолу далилдейт. Мисалы, "Liglass", Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсык боюнча айтса болот. Булардын инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырганга даремети, адистиги, кесипкөйлүгү, тажрыйбасы жетпегени баарына белгилүү болуп калды. Ошондуктан Сапар Исаковдун кетишине убакыт келди. Эгер ал ишмердүүлүгүн уланта берсе, анда өкмөткө гана эмес, президенттин өзүнө дагы терс пикир жаралып, уланып кетиши мүмкүн", - дейт Турдукулов.

ШАЙНАЗАРОВ: "Өкмөт башчыга нааразычылыгым жок"

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Тынчтыкбек Шайназаров өкмөт башчысына жеке нааразычылыгы жок экендигин айтты. "Өкмөт мүчөлөрү бир команда болгондон кийин премьер-министрди баары колдоп, тирүү организм сыяктуу иштеши керек. Андай болбой жатат. Өкмөт башчы министрлерге сөгүш жарыялап жатат. Азыр сөгүштү эч ким тоготпойт. Ошондуктан жумуштан алышы керек. Ага эрки жетеби же жокпу көрөбүз", - деди Шайназаров.

КУЛОВ: "Өкмөттүн ишине баа берүүгө азыр эрте"

"Өкмөттүн ишине баа берүүгө азыр эрте. Отчётун уксак, андан кийин жооп берем. Жогорку Кеңештин фракцияларына отчётун берип жатат. Мен толук уга элекмин", - деген пикирин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Феликс Кулов билдирди.

НУРБАЕВ: "Liglass" жана "Huawei" компаниялары менен келишимдин үзүлүшү - өкмөттүн катасы"

КСДП фракциясынан депутат Абдывахап Нурбаев өкмөттүн 2017-жылы аткарган жумуштарынын жакшы жагы менен кошо кемчилиги бар экенин белгиледи. "Ички дүң продукциянын, экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшү байкалды. Бирок чоң кемчиликтерге жол берилди. Жылдын аягында чоң инвесторлор менен түзүлгөн келишимдер үзүлдү. Ошол эле “Liglass” жана “Huawei” - өкмөттүн катасы. Жаштардын курамынан турган өкмөт келди. Бирок алардын иштешине шарт түзүлбөй, жаштарды толук колдоно албай, тескерисинче, элге жаштарды жаман көрсөткөндөй болуп калды. Сапар Исаков "жаштарды алып келдим" деп толук өзү да колдоно албай, шарт түзүп бере албай, сыртта жүргөн жаштардын да өлкөгө кайтуу үмүтүн азайтып койду. Анткени жаштар келгенде аларга саясий жана башка жактан колдоо керек. Өкмөт башчы аларды алдыга салып, айткан идеяларды ишке ашырганда башкача болмок. Өкмөт башчынын буга эрки жеткен жок. Жаштар аппараттагы чиновниктердин каршылыктарына туруштук бере алышкан жок. Өкмөт башчы жаштарды ушул жагынан колдой алган жок", - деген ойдо Нурбаев.

БЕКЕШЕВ: "Ички дүң продукциясынын көлөмү өстү, бирок карапайым элдин турмушунда өзгөрүү болгон жок"

КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев өкмөттүн 2017-жылы аткарган ишинде катачылыктар бар экенине токтолду. "Бул жылы эки өкмөт башчы иштеди. Анда 8 ай Сооронбай Шарипович, 4 ай Сапар Исаков иштеди. Экономикалык көрсөткүчтөрдү алсак, өнүгүү бар. Ички дүң продукциясынын көлөмү өстү. Бирок карапайым элдин турмушунда өзгөрүү болгон жок. Айлык акылар, пенсиялык көлөмдөр ошол бойдон калууда.

Сапар Исаков - бир аз башка форматта иштеген киши. Мурда башка премьер-министрлердин ою болгон, бирок интернет технологиялар боюнча темаларды көтөрбөй эле жүрүшкөн. Бул өкмөт жок дегенде ошол темаларды көтөрүп жатат. Бул тармакта деле өзгөчө жылыш азырынча толук сезиле элек. Жөнөкөй эле жарандардын соттолгон же соттолгон эместиги боюнча маалым катты алуу үчүн барсаң кезекте жарандар турат. "Таза коом" деп жатабыз. Бирок ушул жөнөкөй маалым катты алуу үчүн кезек күтүү кандай болуп жатат?" - деди Бекешев.

РЫСАЛИЕВ: "Өкмөт аракет кылып иштеп жатат"

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Зарылбек Рысалиев өкмөт аракет кылып иштеп жатканын айтты. "Мен өкмөттү такыр иштебей койду дегенден алысмын. Менин оюмча, бир аз алдыга болгон жылыштар бар. Көч бара-бара түзөлөт", - дейт Рысалиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан