Финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын Сауд Арабиядагы расмий сапарга хиджаб кийип барганы социалдык тармактарда кызуу талкууланды. Мындан улам Финансы министрлиги Сауд Арабиясында аялдарга дене-мүчөсүн, чачын жапкан абайя стилиндеги көйнөк кийүү талабы бар экенин эскертип, билдирүү таратты. Билдирүүдө министр дипломаттык этикетти сактап, кабыл алуучу тараптын диний өзгөчөлүктөрүнө, салт-санаасына, маданиятына сый менен карай турганы жазылды.
SUPER.KG порталы "Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Сауд Арабияга барган расмий иш сапарга кара түстөгү хиджаб кийгени үчүн сынга кабылды. Кыргыздын өзүнүн улуттук кийими ошол өлкөнүн дресс-код талабына жооп бербейт беле?" деген собол салды.
РЫСПАЕВ: "Башка улуттун кийимдерине басым кылбай, өзүбүздүн сонун улуттук кийимдерибизди кийип жүрсөк туура болмок"
Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев кара кийим кыргыздын менталитетине жарашпай турганын айтты.
"Хиджаб деген уяттуу жерлерди жашырып жүрүү дегенди түшүндүрөт. Мен уяттуу жерлерди жаап жүргөнгө эч качан каршы эмесмин. Бул жакшы. Бирок биз башка улуттун кийимдерине басым кылбай, өзүбүздүн сонун улуттук кийимдерибизди кийип жүрсөк туура болмок. Кыргыздар жабык кийинип жүрүшкөн. Министр деле кыргыздын жакшынакай кийимдерин кийип барса болмок да. Капкара кийинген биздин менталитетке жарашпайт. Бизде караны аза күтүү, трагедия болгондо кийет", - дейт Кожобек Рыспаев.
ИСМАИЛОВА: "Сауд Арабия кандай талап кыларын билбей туруп, сындабашыбыз керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Сауд Арабия тарап кандай талап кылганын билбей туруп, финансы министрин сындаган туура эмес деген пикирде.
"Ооба кыргыздын өзүнүн улуттук кийими бар. Балким протокол боюнча башка кийим кийгенге болбойт. Анткени Сауд Арабияда аялдар жоолук салынып, жабык кийим кийип жүрүшөт. Биз билбейбиз да, мүмкүн бул протоколдун талабы ушундай. Бул расмий түрдө барган делегация. Жээнбаеванын максаты финансылык тармакта болгон келишимдерге кол коюу. Кыргызча кийим кийип барганда, балким, протоколго туура келбей калмак. Ошондуктан биз аны билбей жатып, сынаганыбыз болбойт. Эл аралык мамилелер өзгөчө мамиле болуп эсептелет. Кайсы өлкөдө кандай жүрүү боюнча талапты кабыл алуучу тарап коёт. Сауд Арабия кандай талап кыларын билбей туруп, сындабашыбыз керек", - дейт Аида Исмаилова.
СУРАБАЛДИЕВА: "Финансы министри Сауд Арабияда өзүбүздүн улуттук кийимдерибизди кийсе туура болмок"
Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева бул Тышкы иштер министрлигинин чоң катасы деп эсептей турганын айтты.
"Чоң министрликтин жетекчиси бара турган жердин расмий дресс-кодун билгенден кийин көңүл буруп, өзүбүздүн улуттук кийимди кийсе туура болмок. Мындай нерсени Тышкы иштер министрлигинин чоң катасы деп эсептейм. Бул стратегиялык жактан дагы абдан маанилүү. Биздин өзүбүздүн деле жоолуктарыбыз, жакшынакай кийимдерибиз, узун көйнөк, чепкендерибиз бар. Министр улуттук кийимдерди кийсе жакшы көрүнмөк", - дейт Сурабалдиева.
ТОКТОНАСЫРОВ: "Финансы министри Сауд Арабияга элечек кийип барса, аябай жарашмак"
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Бактыгүл Жээнбаеванын кара түстөгү хиджаб кийгени үчүн сынга алып жаткандарды колдой турганын айтты.
"Бактыгүл Жээнбаеваны туура эле сындап жатышат. Ал алдын ала Сауд Арабияга бара тургандыгын билсе, элечек кийип барса болмок. Кыргыз мамлекетинде дагы мусулмандар бар, аялзатынын улуттук баш кийими мындай деп даңазалап, көрсөтүшү керек болчу. Ал улуттук кыргыз кийимин кийип барса, аябай жарашмак", - дейт Токтонасыров.
АБДИРАСУЛОВА: "Жогорку деңгээлдеги расмий сапарларды даярдоо боюнча сүйлөшүүлөр болушу керек"
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова башка өлкөнүн делегациясы Кыргыз мамлекетине өздөрүнүн улуттук кийимдери менен келишип жатканын белгиледи.
"Жогорку деңгээлдеги сапарларды Тышкы иштер министрлиги, дипломатиялык корпустар даярдайт. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Кандай транспорт менен барат, кандай тамак-аш ичишет коопсуздук кандай каралат, жолугушуу кайсы жерлерде болот, кандай кийимчен деп сөзсүз сүйлөшүлүшү керек. Эгерде буга чейин сүйлөшүлбөгөн болсо биздин дипломатиялык корпустун чоң кемчилиги. Бизге ар кайсы өлкөдөн делегация келип жатат. Алар өздөрүнүн улуттук кийимдерин кийип келишет. Финансы министри алдын ала сүйлөшүү болуп, макулдашылып хиджаб кийип бардыбы же кокусунан кийинип калдыбы билбейм. Биз башка өлкөдөн делегация келгенде элечектерди, чапандарды кийгиле деп айтпайбыз да. Кыргыз өлкөсү светтик, көз карандысыз өлкө болгондон кийин алар да бизге айтпашы керек. Бул жолугушууну даярдагандар кандай сүйлөшүү жүргүзгөнүн билбейм", - дейт Абдирасулова.