Президент Сооронбай Жээнбеков 14-декабрдагы Коопсуздук кеңешинин отурумунда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду тургузуп сынга алган. Буга министрдин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганы себеп болгон. Президент өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду кызматтан убактылуу четтетип туруу керектигин айткан. Мындан улам коомчулук президент ыйгарым укугунан аша чапты деп сынга алды.
SUPER.KG порталы "Президенттин премьер-министрдин иштерине кийлигишүүсү өлкөнү кандай жолго алып барат?" деген собол салды.
АБДРАХМАТОВА: “Президент министрдин орун басарынын пара алганы боюнча пикирин билдирди. Башкаларга үлгү болсун деп айтты”
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова ар бир жетекчи кол алдындагы командасына жооп бериши керек дейт.
“Президент министрдин орун басарынын пара алганы боюнча пикирин билдирди. Башкаларга үлгү болсун деп айтты. Башка мамлекеттерде “үйүмө барып келейин деп 15 литр күйүүчү майды мамлекеттин акысынан колдонуп койдум” деп кызматтан кетет. Бизде болсо 500 миң доллар сурап жатышат. Бул канчалаган пенсионерлердин акчасына барабар. Президенттин айтканы туура эле болду. “Жетекчи болсоң мындай адамдардын маселесин карашың керек” деп мисал катары айтты. Премьер-министр болобу, министр болобу кадрлар жакпаса иштебеши керек. Кийин эле “анын адамы, мунун адамы” деп баштайт. Унчукпай ишти уланта берсең, демек, ошол командага макул болгонуң да”, - деди ал.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Мурдагы президенттердей эле азыркы президент бардык бийликти өзүнүн колуна топтоп жатат"
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков белгилегендей, президент өкмөттүн ишине түздөн-түз кийлигишип жатканы узурпация деп аталат.
"Бизде бийликке келген президенттердин бардыгы ушул өңүттө Конституцияны бузушат. Президенттер билип-билбей же атайылап бийликти узурпациялоого өтүшөт. Өкмөттүн, соттордун функциясын өзүнө өткөрүп алат. Парламентти кол жоолукка айлантып алышат. Президент өкмөттүн ишине түздөн-түз кийлигишип жатканы бардык мамлекеттерде узурпация деп аталат. Биздин өлкөдө мындайга көңүл бурбайт. Ошондуктан президенттер каалаганын кыла беришет. Бул Конституцияга, эл аралык президент менен өкмөттүн бийликтерин чектөө боюнча практикага дагы туура келбейт.
Мындай көрүнүш бийликти бир адамдын колуна топтоо болуп эсептелет. Мурдагы президенттердей эле азыркы президент дагы бийликти өзүнүн колуна топтоп жатат. "Бардыгын мен башкарам, баарынан акылдуумун, тазамын" деген президент кеткенден кийин эле таза эмес, эң көп мыйзамды бузган, коррупциялашканын түшүнөбүз", - дейт Равшан Жээнбеков.
ЧОЛПОНБАЕВ: "Президенттин өкмөттүн ишине кийлигишкени - бул Конституциядагы ката"
Саясий ишмер Мукар Чолпонбаевдин айтымында, бир нерсени премьер-министр жасагысы келбесе, Жогорку Кеңеш талап кыла албаса президент колуна алганга туура келет.
"Президенттин өкмөттүн ишине кийлигишкени - Конституциядагы ката. Эгерде парламенттик башкарууга кетип, премьер-министрдин ишине президент кийлигишпей иштей турган болсо анда президентти жалпы элдик шайлоого койбош керек болчу. Жалпы эл шайлаган президенттин ошого жараша ыйгарым укуктары болушу керек. Президенттин коопсуздук кеңешинде премьер-министрге өтүнүчү биздин көз карашыбызда туура эле болгон. Кимдир-бирөө ушундай учурда жоопкерчиликти өз колуна алышы керек да. Премьер-министр жасагысы келбесе, Жогорку Кеңеш талап кыла албаса президент колуна алат да", - дейт Чолпонбаев.
СООРОНКУЛОВА: "Премьер-министр президенттен башка эч кимди укпай турганын далилдеди"Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдей бийликти узурпациялап жатканын айтты.
"Президенттин министрди иштен алуу боюнча премьер-министрге кайрылганы укуктук жактан да, этикалык жактан да туура эмес болуп калды. Министрдин орун басары пара менен кармалгандан кийин канча күн өттү? Коомчулук министрдин бошотулушун талап кылып жатты. Бирок ал парламентте "мен тазамын" деп койду да. Таза болсо Коопсуздук кеңешинде айтпайт беле? Кийин туура эмес болуп калды деп кетти. Премьер-министр президенттен башка эч кимди укпай турганын далилдеди. Парламенттин, коомчулуктун тили өтпөйт экен. Премьер персоналдык жоопкерчилик тартат. Министрдин катыштыгы барбы деген шек жаралышы мүмкүн эле да. Ошону текшериш үчүн окуя болгондо эле кызматтан кетиш керек болчу. 9 күндө тиешеси болсо да тазалап алды. Министрди кызматтан алуу менен премьер-министрди ким башкарып жатканы билинип калды. Атамбаевдин тенденциялары кайталанып жаткандай. Ал бийликти узурпациялады дегенбиз. Муну өзү да моюнуна алды. Азыркы президент ошону кайталабаса экен деген үмүт бар эле. Бирок Коопсуздук кеңешинде ким бийлеп жаткандыгы билинип калды", - деди Сооронкулова.
КЕЛДИБАЕВ: "Президенттин премьер-министрдин ишине кийлигишкени демократиялык, укуктук мамлекет курганга сокку"
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев билдиргендей, өкмөттүн курамын кызматтан четтетүү президенттин демилгеси менен сунушталбашы керек.
"Мындай сунушту премьер-министр берсе болот же парламенттин ишеним көрсөтпөөсү менен өкмөттүн мүчөсү кызматтан кетет. Күч органдарынын тергөө кызматынын сунушу менен транспорт жана жолдор министринин орун басарына кылмыш иши козголгонуна байланыштуу тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн, министр кызмат абалынан пайдаланбашы үчүн аны убактылуу кызматтан четтетүү жөнүндө сунушту президентке Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бериш керек эле. Бирок бизде тескерисинче болуп жатат. Ак Үйдүн 7-кабатынан ылдый кетип жатат. Бул президенттин ыйгарым укуктарына кирбейт. Ошондуктан президенттин коопсуздук кеңешинде айтып жаткан сөздөрү өкмөттүн ишине кийлигишүүсү дегенди түшүндүрөт. Президенттин премьер-министрдин ишине кийлигишкени парламенттик башкарууга, демократиялык, укуктук мамлекет курганга сокку. Парламенттик башкарууга Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаеванын убагында өтө алган жокпуз. Азыркы президенттин иштегенине бир жыл болсо да парламенттик башкаруудагы мамлекетке айлана элекпиз. Мамлекет башчынын коопсуздук кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөздөрү парламенттик башкарууга өтпөй жаткандыгыбызды, Конституциядагы өкмөттүн ыйгарым укуктары толук кандуу ишке кирбей жатканын түздөн-түз далилдеп койду", - дейт Келдибаев.
БАКЕТАЕВ: "Президенттин өкмөттүн ишине кийлигишкени эч кимге жакпайт"
Саясий серепчи Бакыт Бакетаев бүгүнкү күндө парламенттик башкаруу деп туура эмес аталууда дейт.
"Конституцияны жакшылап окусак, анда президентте башкарууга негиз бар. Анткени Конституцияда президенттин укуктары көп жана бир топ иштерге жооптуу. Атамбаевдин учурунда деле парламенттик башкаруу деп аталганы менен, бардык иштерге президент жооптуу да, күнөөлүү да болду. Азыркы учурда деле жакшы-жаман иштерге жооптуу Сооронбай Жээнбеков болот. Президент кийлигишпесин десе анда өлкө башчыны депутаттар шайлап, толугу менен парламенттик башкаруу кылуу керек. Конституцияны жазган тиешелүү адамдар баш аламан жаза беришип, өздөрү да түшүнбөй калышты. Бизде парламенттик башкаруубу же президенттик башкаруубу? Президент өкмөттүн ишине кийлигишпесе күнөөлүү өлкө башчы болуп калышы толук мүмкүн. Бирок президент премьер-министрдин ишине кийлигишкени эч кимге жакпайт. Мурдагы өлкө башчылар Акаев, Бакиев, Атамбаев деле бардык ишке кийлигише беришип, эч кимге жакпай кетишти го. Ошондуктан президентти парламент шайлап, ал эл аралык маселелерди гана чечүүсү зарыл. Ал эми өлкө аймагында болгон бардык иштерге премьер-министр жооптуу болуп, Жогорку Кеңештин депутаттары андан отчёт алышы керек", - деди Бакетаев.
КАЗАКБАЕВ: "Премьер менен спикер милдетин аткарбаганы үчүн президент алардын ишине кийлигишип жатат"
Саясий серепчи Марат Казакбаев өкмөт башчы менен спикер айрым маселелерде унчукпай отурганы үчүн ал маселеге президент кийлигишип жатканын белгиледи.
"Бизде парламенттик систем болгондон кийин парламенттик системди бекемдеш керек деген сөздөр айтылып жатат. Бирок азыр көрүп жаткандай президент ыйгарым укуктарды өзүнө алып жатат. Фракция башчылары, спикер, премьер унчукпай отурушпайбы? Булар өзү чара көрбөй жатышпайбы? Спикер такыр эле активдүү эмес, саясий фигурадай көрүнбөйт. Менин оюмча, президент айла жоктон "эмнеге муну кылбай жатасыңар" деп киришип жатат. Бирок андай болбошу керек. Парламенттик системде эң биринчи спикер активдүү болушу керек. Анан өкмөт. Өкмөт башчынын да ыйгарым укуктары көп. Буларды карап парламент дагы жакшы иштебей жатат. Министрди өкмөт башчы деле кызматтан түшүрүп койсо болмок, бирок аны президентке жеткирип коюшту. Президент министрди кызматтан алуу тууралуу айтты, бирок саясий практикада андай болбошу керек", - деди Казакбаев.
Эксперт Руслан Акматбек: "Учурда экс-президенттердин жасаган ката иштеринин жолуна түшүп калгандайбыз"
Эксперт Руслан Акматбек "парламенттик өлкөдө күчтүү, демилге көтөрө билген өкмөткө кызыкдар болуу керек" дейт.
“Тилекке каршы, учурда экс-президенттердин жасаган ката иштеринин жолуна түшүп калгандайбыз. Барып-барып эле бардык маселелер бир кишиге такалып калууда. Президент гана маселе көтөрүп, көзөмөлүнө алганда жыйынтык болуп жатат. Бул жакшы көрүнүш болушу мүмкүн. Бирок институт катарында премьер-министр жокко чыгарылып калып жатат. Ошондуктан өкмөт өзүнө тиешелүү маселелерди бирөөдөн тапшырма албай чечүүсү керек. Анткени ал өкмөттү башкарган саясий лидер. Экономикалык иштерди дагы өкмөт демилгелеп, жоопкерчиликти алыш керек эле. Ал эми мындай кадамдар президенттин бийлигин күчтөндүрөт, бирок кандайдыр бир деңгээлде өкмөттү алсыратат. Президент менен өкмөттүн ортосунда кээ бир учурларда саясий жарыш болушу керек. Кээ бир учурда бири-бирине көмөктөшүүсү зарыл. Бизде өкмөт “кол” баладай болуп калды. Мындай кете берсек, өлкөнү жакшылыкка алып барбайт. Өкмөттү парламент бекиткенден кийин өзүнчө бир демилге көтөрүп, орчундуу маселелерди көтөрүп премьер-министр өзүнүн позициясын көрсөтүшү керек. Бирок бизде өкмөт башчы президенттин көлөкөсүнөн чыкпайын, андан ашып кетпейин, пиар болуп калат деген түшүнүккө ээ болуп калды. Минтип отурса президенттик институтка да зыяны тийип калышы мүмкүн. Эгерде саясий жана экономикалык институттар толук кандуу иштесин десек, анда өкмөт күчтүү болуусу зарыл”, - деди эксперт.