19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөттү. Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү отставкага кетирүү боюнча жарлыкка кол койду. Учурда премьер-министрдин кызматына президенттик аппараттын башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин келери күтүлүүдө. SUPER.KG порталы өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечими туура болдубу деген собол салды.
ЗУЛУШЕВ: "Парламент өлкөгө экономиканы, чарбаны түшүнгөн өкмөт керектигин көрдү"
"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Курманкул Зулушев кадр саясаты, экономикалык тармактар боюнча иш токтоп калганын айтты.
"Парламент өлкөгө экономиканы, чарбаны түшүнгөн өкмөт керектигин көрдү. Ошондуктан ишенбөөчүлүк көрсөтүп, президентке сунуштадык. Президент өкмөттү отставкага кетирди. Жогорку Кеңеш туура чечим кабыл алды. Биздин өкмөт ар дайым жандуу иштеп турушу керек", - дейт Зулушев.
БАКЕТАЕВ: "Сапар Исаков жакшы, кооз идеяларды чыгарып, анын механизмин иштете албай койду"
Саясий серепчи Бакыт Бакетаев бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинде жаштарга болгон ишеним жок экенин билдирди. Анын айтымында, өкмөт башчылыкка аймактарды кыдырган баатырлар келиши керек.
"Кыргыз мамлекетинде бүгүнкү күндө жаштарга ишенич жок. Сапар Исаков жакшы идеяларды чыгарып, анын механизмин иштете албай койду. Ошон үчүн бүгүнкү күнү жаңы өкмөттү кайрадан шайлашат. Кыргыз өлкөсүндө интеллектуалдуу, жайбаракат сүйлөгөн, шашпаган өкмөт башчынын күнү келе элек. Мындай адамдарды Европа өлкөсүнө шайласа болот. Ошондуктан Сапар Исаков менен Жоомарт Оторбаевдин мезгили келе элек. Мамлекет бутуна туруп калганда ойчул, интеллектуалдуу адамды премьер-министрликке алып келсе болот. Азыркы учурда Кыргыз мамлекетине бүт аймактарды "фуфайка", "кирзовый өтүк" кийип кыдырган, элет жерлерине шарт, жумуш орундарды түзүп бере ала турган өкмөт башчы керек. Галстукчан, чач жасалгасы жакшынакай, жаш, сулуу жигиттердин күнү келе элек", - дейт Бакетаев.
ТОКТОРОВ: "Биздин фракция премьер-министр кызматына 8 ай Сооронбай Жээнбеков отурганын эске алып, өкмөттүн отчётуна "канааттандырарлык" деген баа берген"
Буга чейин өкмөттүн отчётун канааттандырган "Кыргызстан" фракциясы да ишенбөөчүлүктү колдоп добуш берди. Аталган фракциядан депутат Алмазбек Токторов анын себептерин айтып берди. "Биз өкмөттүн отчётун караганда 2017-жылга карата аткарылган иштерге баа бергенбиз. 2017-жылы Сапар Исаков болгону 4 ай отурду. Калган 8 айлык убакытта азыркы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков жетектеген өкмөт иш алып барган. Биз бул учурду эске алып, отчётту кабыл алганбыз. Ал эми азыркы өкмөт башчы Сапар Исаковго ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү бир добуштан колдодук", - деди Токторов.
САРИЕВ: "Өкмөттүн отставкага кетиши күтүлгөн нерсе болчу"
Саясий серепчи Марс Сариев Сапар Исаков жана анын командасы жаш реформаторлор, алардын тажрыйбасы жок деп көптөгөн ийгиликсиз иштер болгонуна токтолду.
"Өкмөттүн отставкасы күтүлгөн нерсе болчу. Анткени Сапар Исаков жана анын командасы - жаш реформаторлор. Алардын тажрыйбасы жок болгондуктан көптөгөн ийгиликсиз иштер болду. Мисалы, "liglass" менен келишимдин үзүлүшү жана башка окуялар. Менин оюмча, экс-президент Алмазбек Атамбаев бул убакытка чейин ийгиликсиз иштерден кийин жаш реформаторлор жөнүндө маселе токтотула турганына ишенген. Мындан кийин ал бул кызматка өзүнүн тегерегиндеги тажрыйбалуу саясатчыны коём деп ойлогон болуш керек. Бирок азыркы президент өз алдынча иш алып барып, абал бир аз өзгөрүп, парламенттеги саясий топтор кызматтар боюнча бир пикирге келишип, өкмөттүн отставкасы тездетилип кетти", - деген ойду Марс Сариев билдирди.
КАДЫРБЕКОВ: "Коалициянын өкмөттү өздөрү курап, кайра толугу менен ишенбөөчүлүк көрсөткөнү парламентте орду жоктугун көрсөттү"
Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков чечим туура болгонуна токтолуп, Сапар Исаковду премьер-министрликке алып келген коалициялык көпчүлүк буга жоопкер экенин айтты.
"Сапар Исаков жумушка келген күндүн эртеси эле башка премьер-министрлер кол коё албай жүргөн “Кумтөр” боюнча келишимге кол коюп, өлкөнү тизелетип койду. Андан кийин өлкөнү лаборатория сыяктуу көрдү окшойт, Оксфорд жана Кембрижден бүтүп келген жаштарды тегерегине жыйып алды. Өзүнүн тажрыйбасы жок экендиги көрүнүп турду. Мени таң калтырганы башка нерсе болду. Бүгүн биз парламенттик республика болгондон кийин бардык нерсеге коалициялык көпчүлүк жоопкер. Колунан эч нерсе келбеген жаш баланы бийликке алып келген ошол коалициялык көпчүлүк, жоопкерчилик ошолордо. Өкмөттү өздөрү курап, кайра толугу менен ишенбөөчүлүк көрсөткөнү парламентте орду жоктугун көрсөттү. Мындан кийин өкмөттү кураганга ушул үч фракциянын моралдык укугу жок. Экинчиден, эл арасында айтылып жүргөндөй Сапар Исаков мурдагы президенттин эрке баласы болчу. Алмазбек Атамбаев курултайдан кийин берген маалымат жыйынында ЖЭБ боюнча анын күнөөсү жоктугун айтпадыбы. Эми партия лидери аны колдоп жатса, анын фракциясы каршы болуп жатат. Бул партиянын ар бир кадамына түшүнүү да кыйын болуп калды.Ошондуктан күнөөнүн баары парламенттеги коалициялык көпчүлүктө. Анткени өздөрү алып келди да. Бирок Сапар Исаков "Кумтөр" боюнча келишимге кол коюп эң чоң күнөө кылды", - деди Кадырбеков.
БАЙСАЛОВ: "Сапар Исаковдун өкмөтү кыйшык отурганын башында эле айтканбыз"
Жарандык активист Эдил Байсалов Сапар Исаков элдин колдоосуна ээ болбогонун белгиледи. "Сапар Исаковдун өкмөтү кыйшык отурганын биз башынан эле айтып келгенбиз. Эч кандай өзүнүн саясий базасы же элдин колдоосуна ээ болгон эмес. Жалгыз бир адамдын ишенимине ээ болгон. Ошол жалгыз бир адам Исаковду көтөргөн. Кыргыз эли жаштар келди деп үмүт кылган. Бирок "liglass" жана "Huawei" менен келишимдин үзүлгөнү сыяктуу жаңылыштыктары көп болду. Сооронбай Жээнбеков жумуштан алган кишини кайра Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматына төрага кылып дайындады. Буга чейин көптөгөн премьер-министрлер кызматтан кеткен, бирок ишенбөөчүлүк менен Сапар Исаков эле кетип жатат. Эми ал экс-премьер-министр деп аталбай калат", - дейт Байсалов.