Бүгүн, 20-декабрда Бишкекте "Республика" партиясынын кезексиз съезди өттү. Анда Өмүрбек Бабанов саясаттан кетип жатканын жана партия лидерлигин бошоторун билдирди. "Республика" партиясынын жаңы лидери болуп депутат Мирлан Жээнчороев шайланды.
SUPER.KG порталы "Бабанов саясаттан биротоло кеткенин билдирип, партия лидерлигин өткөрүп берди. Соңку президенттик шайлоодо жарым миллиондон ашык добуш алган саясатчынын мындай кадамы эмнеден кабар берет?" деген собол салды.
БАКИРОВ: "Бабановдун бул кадамын колдойм"
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров Бабановдун бул кадамын колдой турганын айтты.
"Өмүрбек Бабановдун бул кадамын өзүнүн чечими катары баалайм. Ал саясатта бир топ жылдан бери жүрөт. Партиянын лидери болуп келди. Бабановдун "мен саясаттан кеттим, лидерликти жаштарга өткөрүп берем" деген кадамын колдойм. Менин маалыматым боюнча, саясий кеңештин курамы өзгөрүлгөн экен. Алар бул маселени кеңешип, чечишкендей туюлат. Бабанов лидерликтен кеткен учурда да Мирлан Канатбековичке өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, кеңешин берет болушу керек", - дейт Бакиров.
ТУРДУКУЛОВ: "Бабановдун саясаттан кеткени ага коюлган шарт болду деген божомолум бар"
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов белгилегендей, элдин көпчүлүгү "Республика" партиясы дегенде Бабановду элестетет.
"Биз көптөн бери Кулов, Текебаев, Атамбаев сыяктуу саясатчылар өз ордун бошотуп берсин деп айтып келгенбиз. Бирок аларга салыштырмалуу Бабанов жаш саясатчы, күчкө толуп турган кези. Анын Кыргыз мамлекетине кайтып келип, саясаттан кеткени ага коюлган шарт болду деген божомолум бар. Президенттик шайлоодон ошончо добуш алган адам саясатты таштабайт. Убактылуу тыныгуу болуп жатат деген ойдомун. Кайра партиянын жетекчилигине келүү ал үчүн оңой иш. Анткени ал партияны түптөгөн, көптөгөн каржысын дагы кетирген. Элдин көпчүлүгү "Республика" партиясы дегенде Бабановду элестетет. Ал укук коргоо органдары менен иштери бүткөндөн кийин, анын ири ишканаларын басып алуу коркунучу жок болгондон кийин, партиянын жетекчилигине келүү ал үчүн оңой болуп калат", - дейт Турдукулов.
МОЛДОКМАТОВ: "Бабанов саясий айдыңында чоң жетишкендиктерге жеткен"
"Замандаш" саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов "Республика" партиясынын жаңы лидерине ийгиликтерди каалай турганын айтты. "Өмүрбек Токтогулович партияны негиздеп эки жолу парламентке алып келген. Президенттик шайлоодо жарым миллиондон ашык добуш алган. Бул саясий айдыңында чоң жетишкендик. Мен дагы бир партияны жетектегендиктен, ага баа бергим келбейт. Ал съездде партиянын лидерлигин жаштарга өткөрүп берип жатканын айтты. Учурдан пайдаланып Мирлан Жээнчороевге ийгилик каалайм. Ал 39 жашта, анын күүлөнүп жаткан учуру. Кандай болбосун Бабановдун жасап кеткен иштери бар. Ар бир саясатчынын жакшы, жаман жагы бар. Жаңы лидерге ийгиликтерди каалайм. Кийинки саясий күрөштөрдө жетишкендиктер болот деп ойлойм", - дейт Молдокматов.
КЕЛДИБАЕВ: "Бабанов өзүнүн байлыгын коргоп калыш үчүн артка чегингенге аргасыз болду"
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев Бабанов өзүнүн байлыгын коргоп калыш үчүн артка чегингенге аргасыз болду деген пикирде.
"Бабанов саясаттан биротоло кеттим дегенине ишенбейм. Анткени бул саясатчы эле эмес, ал ишкер. Чоң саясатта ар кандай кырдаалдарда, бийликтин кысымына ишкерлер туруштук бере албайт. Анткени алар байлыктарын тарттырып жибериши мүмкүн. Байлар чоң саясатта жүрө албайт. Ошондуктан өзүнүн байлыгын коргоп калыш үчүн Бабанов артка чегингенге аргасыз болду. Кийин кырдаалга байланыштуу элдин талабы деп Бабанов саясатка келиши мүмкүн. "Республика" партиясынын артында Бабанов туруп, каржылабаса ансыз партиянын келечеги жок", - дейт Келдибаев.
КАЧКЫНБАЕВ: "Бабанов саясаттан кеттим деп аргасыздан айтып жаткандай таасир калтырууда"
Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев билдиргендей, Бабанов саясаттан кеттим деп биринчи жолу айтып жаткан жок.
"Бабанов саясаттан кеттим деп биринчи жолу айткан жок. 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин дагы айткан. Ал бул сөздү айтканга аргасыз болуп жаткандай таасир калтырууда. Бабанов ким менен эмне жөнүндө сүйлөштү, эмнени берип, эмнени алганы боюнча көрбөгөндөн кийин айта албайбыз. Бирок саясаттан кеткенге мажбур болуп жаткандай таасир калтырды", - дейт Качкынбаев.