КҮНСОБОЛ: КСДП катарын тазалоону Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштады. Партияда жок, фракцияда бар КСДПны жакын арада кандай тагдыр күтүп турат?

КСДПнын саясий кеңешинин чечими менен Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев партиядан чыгарылды. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "КСДП катарын тазалоону Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштады. Партияда жок, фракцияда бар КСДПны жакын арада кандай тагдыр күтүп турат?" деген собол салды.

АЙНАКУЛОВ: "КСДП "Ак жол", "Алга Кыргызстан" партиясындай болуп коркунучтуу болгон эмес"

КСДП фракциясынан депутат Мухтарбек Айнакулов депутат Кожобек Рыспаевдин партиядан чыгарылганын эми укканын айтты.

"КСДП фракциясынын тагдыры жакшы болот. Коркунуч жок. КСДП "Ак жол", "Алга Кыргызстан" партиясындай болуп коркунучтуу болгон эмес. Партиянын курамына Кыргыз мамлекетинин бардык облусунун өкүлдөрү кирген. Эми партияда келген, кеткен адамдар болот да. Кээ бири карьера үчүн, кээ бири башка кызыкчылык үчүн келет. Партияда дайыма тазалануу болуп турушу керек. Азыр деле "Ак жол", "Алга Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрү башка партияларда жүрүшөт", - деди Айнакулов.

ЗУЛПУКАРОВ: "КСДПны кандай тагдыр күтүп турганын билбейм"

КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаровдун айтымында, КСДПнын келечектеги тагдыры кандай болорун билбей турганын айтты.

"КСДПны кандай тагдыр күтүп турат, билбейм. Саясий кеңештин атайын чечими чыгышы керек эле, жыйынга кеңештин канча мүчөсү катышты Кожобек Жайчыбековичтин партиядан эмне үчүн чыгарылганы тууралуу кворум барбы, анын КСДПдан чыгарылганын маалымат каражаттарынан гана уктум. Мен өзүм саясий кеңештин мүчөсүмүн, бирок мага эч кандай расмий же телефон чалып чакыруу болгон жок.
Депутатты мандатынан ажыратуу боюнча партиянын же фракциянын мыйзам боюнча укугу жок. Ал эми Рыспаевди партиядан эмне үчүн чыгарганы боюнча кабарым жок. Толук билгенден кийин өз оюмду билдиргеним туура болот", - деди Зулпукаров.

АЛТЫБАЕВА: "КСДПнын максаты - шайлоодо элге берген убадаларды аткаруу"

КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева КСДП фракциясын, партиясын кандай тагдыр күтүп турганы боюнча алдын ала эч нерсе айта албай турганын билдирди.

"Кандай тагдыр күтүп турганын билгендей көзүм ачык эмес. Бирок мен КСДПнын мүчөсү катары айта турган сөзүм бар. 2015-жылы шайлоодо чоң программа менен эл алдына чыкканбыз. Ал программаны көпчүлүк колдоп, депутат болгонбуз. Биздин максатыбыз - элге берген убадаларыбызды аткаруу. Учурда социалдык багыттагы көптөгөн убадаларды аткарып жатабыз, мындан ары дагы улантабыз", - деди Айнуру Алтыбаева.

КАРАМУШКИНА: "КСДПнын катарынан мындан ары да көптөгөн өзүнө ишенбеген жана чыккынчылар чыгышат"

КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина КСДПнын уставына ылайык, саясий кеңеш добуш берүү менен партияны жаманатты кылган, элдин алдындагы милдеттерине жооп бербеген адамды партиядан чыгарганга укуктуу. "Кожобек Рыспаев 2015-жылы "Ар-Намыс" партиясынан депутаттыкка шайлоодон өтүш үчүн, Жогорку Кеңештеги Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин кайрадан төрагасы болуу үчүн КСДПга келген. ЖЭБдеги аварияга күнөөлүү деп айтылып жаткан Бишкек ЖЭБинин мурдагы башчысын ачык эле колдоодо. Ошол эле учурда Рыспаев ЖЭБдеги аварияга партияны күнөөлөп жатат. КСДПнын катарынан мындан ары да көптөгөн өзүнө ишенбеген жана чыккынчылар чыгышат. Катарыбызды толуктагысы келген сабаттуу, кайраттуу адамдар көп", - деди Карамушкина.

САРИЕВ: "Парламенттеги КСДП фракция мүчөлөрүнүн көпчүлүк бөлүгү Атамбаевди колдобой азыркы бийлик тарапка ооп турушат"

Саясий серепчи Марс Сариев Алмазбек Атамбаевдин кийинки кадамы бийлик диний кырдаалды көзөмөлдөбөй жатат деген чагымчылдык багытта болушу мүмкүн экенин айтты.

"Негизи КСДПнын өз тарыхы бар, жакшы эле түзүлгөн чоң партия катары өз ишмердигин жүргүзүп келген. Бүгүнкү күндө партияны бир тарабынан Алмазбек Атамбаев өз жагына тартып жатат. Экинчи жагынан Жээнбековдор өздөрү үчүн чечүүчү партия кылып алуу аракетин көрүп жаткандай. Парламенттеги КСДП фракция мүчөлөрүнүн көпчүлүк бөлүгү Атамбаевди колдобой азыркы бийлик тарапка ооп турушат. Эми анын алдыдагы кадамы бийлик диний кырдаалды көзөмөлдөбөй жатат деген чагымчылдык аракет жүргүзүшү мүмкүн. Спикердин айт намаздагы сөзүн жана президенттин намаз окуганын бийликке каршы колдонушу мүмкүн. Мындан сырткары бийликтин тегерегине бакиевчилер келип жатат деген бийликке каршы маанай жаратууга аракет кылат. Бирок эч кандай майнап чыкпайт. Аймактарда болсо мурдагы президенттин кадыр-баркы аябай түштү, аны эми түндүк тараптан бир ууч эл колдобосо, эч ким колдобойт. Бийлик болсо тең салмактуулукту сактоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат", - деди Сариев.

НИЯЗОВ: "Партиялык билетти алмаштыруу КСДПны жаңылоонун негизги факторлорунун жана куралдарынын бири болот"

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов Кожобек Рыспаевди КСДПнын мүчөлүгүнөн чыгаруу чечими боюнча партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева түшүндүрмө бергенин эскертти.

"Саясий кеңештин жыйынында партиялык билетти алмаштыруу боюнча чечим кабыл алынды. Менин оюмча, партиялык билетти алмаштыруу КСДПны жаңылоонун негизги факторлорунун жана куралдарынын бири болот. Партиялык билетти алмаштыруу учурунда партия менен байланышын жоготкон мүчөлөр аныкталат. Бул жерде кандайдыр бир конкреттүү инсандар жөнүндө сөз болуп жаткан жок. Бардыгы партиялык уюштуруу иштеринин алкагында чечилет", - деди Ниязов.

МОЛДАЛИЕВ: "Бир кезде Атамбаев Текебаевди талтайып көпкө тура албайт деп айтты эле, азыр өзүнүн партиясы ошол абалда турат"

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев КСДП ооз ачкандарды тазалап отурса, анда анын келечеги жана барар жери бүдөмүк экенин айтты.
"КСДП былтыркы жылдан баштап эле демократиянын принциптеринен сыртта экенин далилдеп келе жатат. Ренат Самудинов былтыр "президенттик шайлоого талапкерди тандоо жолу менен алып чыгалы" деп жакшы сунуш берген. Муну КСДП колдонсо эл тарабынан жакшы колдоо тапмак. Тилекке каршы, Самудиновду куугунтукка алып, партия бир гана чечим чыгарат деп компартиянын принцибине өткөн. Мындан сырткары партиянын ичинен өз алдынча шайлоого катышууга ниети барларды да кагып-силкип, авторитардык партия экенин далилдеген. Андан башка Жанар Акаевди бийликке сын айтканы үчүн партиядан чыгарып салган.
Кожобек Рыспаевди Бишкек ЖЭБинин мурдагы башчысы Нурлан Өмүркул уулун калкалап жатат деп партиядан чыгарып жибергени туура эмес. Эгер ага кылмыш иши козголуп, Өмүркул уулуна депутат тоскоолдук жаратып жатса, анда далилдер менен айтуу керек.
Маселенин башка жагын алсак, сын-пикир айткандарды партиянын катарынан чыгарып салган туура эмес. Батыштын партияларында деле сын айткандар бар. Алар сын-пикир айтканы үчүн партиянын катарынан чыгып калышпайт", - деди Молдалиев.

САМУДИНОВ: "КСДПнын жетекчилиги партиянын ысык-суугуна күйгөн мүчөлөрүн четке кагып, бөтөн адамдарды депутаттык тизмеге киргизген"

КСДПнын мурдагы мүчөсү Ренат Самудинов КСДПнын жетекчилиги убагында каталарды өзү кетирген деген пикирде.

"КСДПнын жетекчилиги партиянын ысык-суугуна күйгөн мүчөлөрүн четке кагып, бөтөн адамдарды депутаттык тизмеге киргизип, кызматтарга койгон. Партияларды мээлейдей алмаштырган адамдар эми башка партияга өтүп, өз кызыкчылыгын көздөп кете берет. Ал эми партиянын өзөгү болгон мүчөлөрү КСДПнын жетекчилигинен көңүлү калган. Партия кыйын учурда көп мүчөлөрүн колдонуп, кийин көңүл бурбай койгон. КСДПнын мүчөлөрү "Атамбаев бизди сатып кетти" деген ойдо калышты. Үмүттөр акталган жок. Жыйынтыгында партия ыдырайт. Ушул себептердин негизинде партиянын эски мүчөлөрү партиянын лидерин алмаштырабыз деген демилге көтөрүп жатышат да", - дейт Самудинов.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, депутаттар Искендер Матраимов, Дастан Бекешев суроого жооп берүүдөн баш тартышты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан