Бүгүн, 3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигин коргоо күнү. Буга байланыштуу бир нече медиа уюмдар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоп, сөз эркиндигинин абалын коргоо боюнча билдирүү таратууга чакырышты.
2017-жылы саясатчылар жана чиновниктерден журналисттерге, медиа мекемелерине каршы сотко бир нече доо арыз берилген. Натыйжада арыз ээлери сотто журналисттерди жеңип алып, медиа өкүлдөрү жалпысынан 52 миллион сомдук доого жыгылышкан. Айрым маалыматтык сайттардын ишмердигине чекит коюлган. Мындай соттошуулардан улам Кыргыз өлкөсү сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде 9 баскычка төмөндөгөн.
Сөз эркиндигин коргоо күнүнө жана былтыркы соттошууларга байланыштуу жогорку кызмат адамдарынын жумушун сындаган журналисттерди сотко берүү туурабы деген суроонун негизинде SUPER.KG порталы собол салды.
БЕКЕШЕВ: "Журналисттер Атамбаевден кечирим сураганда иш сотко жетмек эмес"
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев сөз эркиндиги өлкөдө өтө жакшы абалда дейт.
"Албетте, чиновниктердин ишмердиги боюнча көзөмөл жүргүзүлүшү керек. Андай болбосо коомдук көзөмөлдү жоготуп алабыз. Журналисттердин да жалган, такталбаган, бир жактуу маалымат жаза бергени туура эмес. Калп маалымат таратса, сотко берсе болот. Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да жаңылык жазардын алдында маалыматты бардык тараптардан такташы шарт. Менин оюмча, биздин өлкөдө сөз эркиндиги өтө жакшы абалда. Мисалы, Борбордук Азия мамлекеттеринин арасында бул багытта алдыңкы орунда турабыз. Ал эми 2017-жылдагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын коргоо боюнча сотко жазылган доо арыздар туура эле болгон. Жалган маалымат тараткандан кийин журналисттер Атамбаевден кечирим сурап, маалыматты төгүндөгөндө иш сотко чейин жетмек эмес", - деген пикирин билдирди Бекешев.
НУРАКУН УУЛУ: "Чиновниктин сот аркылуу журналистти банкрот кылуу максаты болбошу керек"
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу журналисттер мыйзамды эле эмес кесиптик этиканы да сактаса деген пикирде.
"Мени сындаганы үчүн журналисттерди сотко бергеним туура эмес деп ойлойм. Бирок чиновниктерди жалган-жалаа, так эмес фактылар менен караласа, сотко берсе болот. Ошондо да сот аркылуу журналистти же медиа мекемени биротоло сызга отургузуп, банкрот кылып жаап салуу максаты болбошу керек. Ага жөн гана акчалай жаза берилип, катасын көрсөтүп коюу туура болот. Камоо, репрессия кылуу аша чапкандык. Журналисттер мыйзамды эле эмес журналистикалык этиканы мыкты сакташы зарыл. Бирок учурда сөз эркиндигине карата кысым болгон бир эки факт катталды. Жалпылап алганда өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы жакшы эле", - дейт Нуракун уулу.
МОМБЕКОВ: "Саясатчылар, чиновниктер ар-намысын соттон издебесин"
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбековдун пикиринде, журналисттер чиновниктердин жеке турмушуна аралашпоосу керек.
"Журналисттерди сотко бергенди туура эмес деп билем. Мен да журналист учурумда көп чиновниктер менен соттошком. "Ак Үй, көк үйдөгүлөр" дайыма эле сотко бере беришет. Эчендеген олигархтар менен соттошуп келгем. Ал учурда 5 миңден 25 миң сомго чейин эле айып пул салынып, жазган маалыматын төгүндөтчү. Ал акчаны алчу эмес. Кайра актап бер деп мажбурлачу. Саясатчы, чиновниктер ар-намысын соттон издебеши керек. Ар-намысы жок адам гана ар-намысы үчүн сотко берет. Азыр доону 5 миллион сомго чейин берет. Эмнеге андай баа койгонун билбейт. Бирок журналисттер чиновниктердин жеке турмушуна кийлигишпей, шылдыңдабай айтканы, жазганы туура. Мындай тартипти сактабаса сотко берип, жоопко тартыш зарыл", - деди эл өкүлү.
АЙЫП: "Чиновниктерге журналисттердин сынынын көбөйүшү - алардын көп ката кетирип жатканынын белгиси"
Журналист Нарын Айыптын айтымында, чиновниктер сынды жалган-жалаа катары кабыл алат.
"Учурда адамдардын бири-бирин сындоого, пикир айтууга укугу бар. Ал эми жогорку кызмат адамдарына карата журналисттердин сынынын көбөйгөнү алардын көп ката кетирип жатканынан кабар берет. Жогорку кызматтагылар сындардан кутулуу максатында журналисттерди сотко берип жатышат. Биздин соттук ишти мисалга алсак, сотко себепчи болгон макалада сын бар, бирок калп жок. Калп болсо аны сотко берген тарап далилдеши керек. Чиновниктерди сындагандар кыйналып, ал эми мактагандар тынбай гезит, телеберүүлөрдөн чыгып жатат. Сынды болсо "жалаа" деп аташат. Журналисттер чиновниктерге айтылган сындарды саясатчыларга шилтеме берүү менен жазсак дагы бизди сотко берип келишет. Бул адилетсиздик. Коомдук пикирди жокко чыгарып, жасалма, таңууланган пикирди коомго таңуулаган туура эмес", - деди Нарын Айып.
ИМАНАЛИЕВ: "Буга чейинки журналисттер менен болгон соттошуулар - сөз эркиндигине болгон кысым"
Парламенттин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев саясатка бара турган адам коомчулуктун сыны, назары астында болушу керектигин белгиледи.
"Биз саясатка келе жатканда коомчулуктун сыны, назары астында болушубузду сезишибиз керек. Кийген кийимибиз, жеген тамагыбыз, учкан учагыбызга чейин эл бизди карап турат. Ушул сыяктуу талаптарга, басымга, сынга даяр болгон адам гана саясатка, мамлекеттик жогорку кызматтарга келиши зарыл. Республикадагы депутат, министрлер баштаган 300дөй жогорку кызматтарда иштеген адамдардын тизмесин түзүп чыгуу зарыл. Тизмеге кирген адамдар эч качан журналисттерди сотко бербеши керек. Эл кызматына, маанилүү кызматка бара жаткандар ушундай жоопкерчиликти сезсин жана ушул талапка көнсүн. Ал эми журналисттер жөнөкөй адамдарды каралап, кадыр-баркына шек кетирип маалымат жазган болсо, аларды сотко берсе болот. Бирок журналисттер да кесипкөй жана калыс болушу керек. Алар акчага жалданып, ар кимди каралап жазганды токтотушсун. Баары коомчулуктун көзөмөлүндө болушу зарыл. Ал эми буга чейин сотко берилген журналисттердин окуясы бул басма сөзгө, сөз эркиндигине болгон кысым", - деди Иманалиев.