КҮНСОБОЛ: Президент Коопсуздук кеңешинин соңку жыйынынын жыйынтыгы боюнча чечимге кол коюп, жалпы жонунан аткаминерлерге эскертүү берүү менен гана чектелди. Бул чара жетиштүүбү?

Өткөн аптада Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Бүгүн, 28-январда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин жыйынынын чечимине кол койду. Анда айрым министрликтердин, мекемелердин жетекчилерине чараларды көрүү сунушталды. Ошону менен катар эле Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери тарабынан системдүү кызматтык кылмыштарды жасоого алып келген, кол алдындагы адамдардын ишине мекемелик көзөмөлдүн жоктугу үчүн аталган инспекциянын директору Жолдошбек Жунушевди ээлеген кызматынан бошотуу сунушталды.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Президент Коопсуздук кеңешинин соңку жыйынынын жыйынтыгы боюнча чечимге кол коюп, жалпы жонунан аткаминерлерге эскертүү берүү менен гана чектелди. Бул чара жетиштүүбү?" деген собол салды.

Сурабалдиева: "Алмаматовдун экинчи инстанциядагы ишин караган прокурорду кызматтан эле бошотпостон, ага буйрук берген адам менен биргеликте жоопко тартуу керек болчу"

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева коррупцияга шектелген Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовдун экинчи инстанциядагы ишин караган прокурорду кызматтан эле бошотпостон, ага буйрук берген адам менен биргеликте жоопко тартуу керек болчу деген ойдо.

"Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында Насирбек Алмаматов тууралуу айткан сөзүнө толугу менен кошулам. Азыркы күндө баарыбыз билебиз, катардагы прокурор өйдө жактын макулдугу жок бошотпойт. Чыныгы коррупция менен күрөшөбүз десек прокурорду жумуштан гана бошотпостон, ага иш козгоп беттештирүү кылса, ал ким буйрук бергенин айтмак. Ошол буйрук берген адам менен бирге ага кылмыш иш козгош керек болчу. 15 миң сомдук дарыны уурдап алган жаранды 5 жылга эркинен ажыратышты. Миллиондогон акчаны тоногон адамды, мамлекетке зыян кылгандарды жөн эле жумуштан алып жатышат. Бул нерсени көзөмөлдөп, катуу жаза болушу керек", - дейт Сурабалдиева.

ОСМОНАЛИЕВ: "Президент чечкиндүү аракетинен кайткандай элес калтырды"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев чара жетишсиз болгонун айтты.

"Биз Коопсуздук кеңештен көп нерсени күткөнбүз. Менин оюмча, президент өзүнүн алгачкы Коопсуздук кеңешиндеги чечкиндүү аракетинен кайткандай элес калтырды. Бул нерсени коом начар кабыл алып жатат. Ал "былтыйып отурасыңар", "колуңардан келбесе, арыз жазып кеткиле" деп айтпадыбы? Мындан улам биз чечкиндүү чаралар кабыл алынат экен деп күтүп жатканбыз. Менин пикиримде, ушул жерден коррупцияга каршы күрөшүү бүттү окшойт", - дейт Осмоналиев.

ДҮЙШӨБАЕВ: "Эки жылдан бери чечимди аткарбаган аткаминерлерге эскертүү берүү өтө жумшак чара болуп эсептелет"

Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев чечимди аткарбаган аткаминерлерге жогорку деңгээлдеги чаралар көрүлүшү керек болчу деген пикирде.

"Албетте, бул чара жетишсиз. Эки жылдан бери президент какшап айтып жатса, аны аткаминерлер аткарбаса эскертүү берген өтө эле жумшак чара болуп саналат. Эки жылда аткарбаган жумуштар боюнча жогорку деңгээлде каралып, жоопко тартып, кызматтан четтетүү керек болчу", - дейт Дүйшөбаев.

АСАНОВ: "Президенттин бул биринчи кадамы болду, кийинки жыйында бир тобун кызматтан алат"

Саясат таануучу Бектур Асанов чара жетиштүү эле болгонун айтты.

"Эскертүү, сөгүш жарыяланып, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси жумуштан кетти. Бул президенттин биринчи гана кадамы болду. Коопсуздук кеңештин кийинки жыйынында бир тобун кызматтан алат. Президент аябай туура маселелерди айтты. Ал коомдо болуп жаткан маалыматтардын баарынан кабардар экен", - дейт Бектур Асанов.

КАДЫРБЕКОВ: "Коопсуздук кеңештин чечими боюнча чаралар жетиштүү болду"

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков Коопсуздук кеңештин жыйынтыктары боюнча чаралар жетиштүү экенин айтты.

"Эң негизгиси президент жыйынтык жасады. Жыйынды жөн эле формалдуу өткөргөн жок. Жыйынтыкка жараша чара көрүлүшү тууралуу өзүнүн сөзүн айтты. Чаралар жетиштүү эле болду", - деген пикирде.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан