Быйыл апрель айында өлкөдөн АКШга качып кеткен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевдин иши боюнча соттун чечими чыкты. Ага ылайык, Шадиев 10 жылга күчөтүлгөн режимде жаза өтөөгө милдеттендирилди. Ошондой эле анын мүлктөрү мамлекеттин эсебине өткөрүлмөкчү. Чечим сырттан окулду.
Сот чечими боюнча Аскарбек Шадиевдин жана анын жакындарынын мамлекеттин эсебине өткөрүлүүчү байлыктары жарыяланды. Маалыматка караганда, соттолуучунун жалпысынан 1 миллиард 852 миллион 236 миң 99 сом байлыгы мамлекеттин карамагына өткөрүлөт.
Тизме:
"Карвен - төрт мезгил" пансионатынын 33,33 пайыз мүлкү;
"Аква Инвест Плюс" ишканасынын 50 пайыз мүлкү;
"Карвен Групп" ишканасынын 50 пайыз мүлкү;
"Трейд Инвест" ("Ала-Арча" соода-оюн-зоок борбору) ишканасынын 100 пайыз мүлкү;
"Ларель" мекемесинин 50 пайыз мүлкү;
Аламүдүн районунун Орто-Сай айылындагы "Ала-Арча" турак жай комплекси, жеке үй (№14);
Аламүдүн районунун Орто-Сай айылындагы "Ала-Арча" турак жай комплекси, жеке үй, контур (№19);
Бишкектин Манас кең көчөсүнүн 11/1 дарегиндеги кеңсе;
Тойота Лэндкрузер 150 үлгүсүндөгү автоунаа;
Аскарбек Шадиевдин коммерциялык банктардагы 5954 доллар акчасы;
Аскарбек Шадиевдин жубайы Асел Шадиевага таандык болгон коммерциялык банктардагы 4 миллион 171 миң 227 сом каражаты.
Окуянын чоо-жайы:
Ушул жылдын 29-апрелинде Аскарбек Шадиевге карата “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. 1-июнда УКМК Шадиевдин 27-апрелде Кыргыз өлкөсүнөн чыгып, АКШга кетип калганын аныктаганын билдирген.
25-июнда ага карата “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2-июлда Башкы прокуратура дагы бир кылмыш ишин козгоп, ал “мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу” беренесинин негизинде ачылган. 20-октябрда Шадиевдин иши боюнча тергөө аяктап, сотко өткөн. 2-ноябрда Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратылган.