КҮНСОБОЛ: Сырттан келген насыялардын кандай пайдаланылгандыгы боюнча ири долбоорлорду ЖЭБди жаңылоо сыяктуу текшерип чыгуу керекпи?

Жогорку Кеңеште ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссия ишинин жыйынтыгын жарыялады. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы сырттан келген насыялардын кандай пайдаланылгандыгы боюнча ири долбоорлорду ЖЭБди жаңылоо сыяктуу текшерип чыгуу керекпи деп собол салды.

ТӨЛӨНОВ: "Насыялар кандай пайдаланылып жатканы боюнча долбоорлорду эки тараптын макулдугу менен гана текшере алабыз"

"Кыргызстан" фракциясынан депутат Данияр Төлөнов чоң мааниге ээ болгон ири долбоорлорго өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

"Көптөгөн ири долбоорлор боюнча келишимге кол коюлуп, ратификациядан өткөн. Албетте, сырттан келген насыялардын пайдаланылышы боюнча кайрадан карап чыгууну каалайбыз. Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына пайдалуу болушу үчүн аракеттенишибиз керек. Бүгүнкү күндө Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу, "Датка-Кемин" подстанциясы боюнча келишимге кол коюлуп, ратификациядан өткөн. Комиссия түзүп ушуларды текшерсек жакшы болот эле. Бирок келишимдин негизинде ратификациядан өткөн долбоорду кайрадан кайтара албайбыз. Бир гана эки тараптуу макулдук болушу керек. Кытай жана Кыргыз тараптан макулдук болсо, кайрадан карап чыксак болмок. Бизге бүт жумуштарды, иш-чараларды утуп алган компания өздөрү жасайбыз дегендери жакпай жатат. Мисалы, ЖЭБ боюнча айтсак, ТВЕА компаниясы бардык жумуштарды өздөрү алып барган. Кандай адистерди бул жумушка тартканы, алардын тажрыйбасы барбы же жокпу билбейбиз. Стратегиялык чоң мааниге ээ болгон долбоорлорго өзгөчө көңүл бурушубуз керек", - дейт Төлөнов.

ОРОЗОВА: "Чоң долбоорлорду мезгил-мезгили менен текшерип туруу зарыл"

КСДП фракциясынан депутат Карамат Орозова карызга алынган акчанын ар бир тыйынын көзөмөлдөө керек деген пикирде.

"Жогорку Кеңештин эки ыйгарым укугу бар. Биринчиси - мыйзам чыгаруу, экинчиси - мыйзамдын аткарылышын көзөмөл кылуу болуп эсептелинет. Чоң долбоорлор мыйзам иретинде үч окуудан тармактык комитеттерден өтөт. Ошондуктан кыргыздын жакшынакай макалы "Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап" болбостон, ушул чоң долбоорлорду мезгил-мезгили менен текшерип туруу зарыл. Текшергенде бир өңчөй депутаттардын курамынан эмес, өкмөт адистердин курамынан жумушчу топ түзүшү керек. Карызга алынган акчанын ар бир тыйынын көзөмөлдөп туруу зарыл", - деди Орозова.

ҮМӨТАЛИЕВ: "Сырттан алынган кредиттердин жүрүшүн жыл сайын текшерип туруш керек"

Мурунку экономика министри Эмил Үмөталиев сырттан алынган насыяларды пайдаланууну сөзсүз текшерип туруу зарылдыгына токтолду.

"Сырттан алынган насыянын пайдаланышы сөзсүз түрдө изилдениши керек. Изилдөө иши жыл сайын өтүшү зарыл. Күнүгө сырттагы температураны карагандай эле, насыялардын жүрүшүн дагы күн сайын карап, изилдеп, өлчөшүбүз керек. Дүйнөдө "PostNet benefits" деген чоң илим бар. Анда ар бир чыгашанын, төлөмдүн, баанын кайрылып келе турган натыйжасында пайдасы барбы же жокпу, кимге тиет деген маселелер каралат. Бирок бул бизде таанылбай, таратылбай жатат. Бийликтегилер өздөрү ошону жакшы көрө албай жатат", - деди Үмөталиев.

ИМАНАЛИЕВ: "Насыя алуу боюнча келишим нөлдөн башталганда өкмөттүн астында жумушчу топ түзүлүшү керек"

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев насыя алуу боюнча келишим түзүлгөндө өкмөттүн астында жумушчу топ түзүлүшү зарыл экенин айтты.

"Биздин өзүбүздүн каражатыбыз жок. Мындан улам сырттан насыя алыш керек болот. Анан биз Дүйнөлүк банк, Европалык өнүгүү жана реконструкциялоо банк жана башка банктардан насыя алып жатабыз. Кытайдын Эксимбанкы 2 пайыз менен кредит берип жатат. Бизде бир тажрыйбасыздык бар. Келишим Жогорку Кеңешке келгенден кийин эл аралык келишимге такыр өзгөртүү киргизе албайбыз. Колдошубуз керек же колдобошубуз керек. Акча жоктугунан келишимди колдоп жатабыз. Ошон үчүн биринчи келишим нөлдөн башталганда өкмөттүн астында эл аралык келишимдерди даярдоо боюнча жумушчу топ түзүлүшү керек. Ага Экономика министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Каржы министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин дасыккан, эл аралык укук тажрыйбасы бар адистери кириши керек. Алынып жаткан бардык насыялар ачык-айрым болушу зарыл. Ким кол коюп, акча эмнеге жумшалып жатканы тууралуу маалыматтар ачык болуусу шарт", - деди Иманалиев.

РЫСПАЕВ: "Сырттан келген насыялар элдин моюнундагы акча болгондон кийин көзөмөлдөө зарыл"

КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев алынган насыя кандай максатта колдонулуп жатканын текшерүү керектигин билдирди.

"ЖЭБди жаңылоо боюнча алынган насыяны текшерүү аягына чыга элек. Бул башталышы эле. Депутаттык комиссия текшерүү ишин бүткөнчө укук коргоо органдары, тергөөчүлөр 80 пайызын аныктап коюшу керек болчу. Депутаттар саясий гана баа бериши керек эле. Бул укук коргоо органдарынын, өкмөттүн шалаакылыгы же "карга карганын көзүн чокубайт" болгондугу деп ойлойм. Депутаттар укуктары жок болсо дагы тергөөчүнүн жумушун аткаргандай иштеп жатышат. Энергосекторго болгон сырткы карыз 1 миллиард 600 миллион доллар болгондон кийин мунун баарына мониторинг, анализ жүргүзүү шарт. Ошондой эле көз карандысыз эксперттердин, тергөөчүлөрдүн курамы менен комиссия түзүлүшү зарыл. Алынган насыялар элдин моюнундагы акча болгондон кийин текшерилиши керек", - деп белгиледи Рыспаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан