КҮНСОБОЛ: Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын берди. Анын жооптору купулуңузга толдубу?

Бүгүн, 25-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны өттү. 188 журналист аккредитациядан өттү. Алардын ичинен 160 журналист 77 республикалык маалымат каражаттарынан, 28 журналист 15 чет элдик маалымат каражаттары болду.

SUPER.KG порталы "Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын берди. Анын жооптору купулуңузга толдубу?" деген собол салды.

ТУРСУНБЕКОВ: "Жаңы жылдын алдында бардык адамдардын сөздөрү менин купулума толот"

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков Жаңы жылга жакшы тилектер менен баруу үчүн баарын колдой турганын айтты.

"Жаңы жылдын алдында бардык адамдардын сөздөрү менин купулума толот. Жаңы жыл алдында мен бардыгын мактайм. Жакшы тилектер менен кийинки жылга баралы. Бул үчүн баарын колдоп жатам", - дейт Чыныбай Турсунбеков.

КЕЛДИБАЕВ: "Президенттин маалымат жыйынындагы суроолорго, жоопторго да канааттанган жокмун"

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев президент өкмөт, министрликтер, мекемелер айта турган, кыла турган суроолорго гана жооп берди деген пикирде. "Президенттин бүгүнкү маалымат жыйынын сүйлөгөн сөздөрү мени канааттандырган жок. Анткени президент өлкөнүн эң жогорку кызматы болуп эсептелет. Глобалдык, стратегиялык, чоң деңгээлдеги сүйлөшүүлөр боюнча аткарып жаткан иштери тууралуу айтышы керек болчу. Президенттин бүгүнкү маалымат жыйынында күнүмдүк турмуштагы сөздөр айтылып, майдаланып кетти. Андан кийин парламенттик өлкөлөрдө жоопкерчилик, милдет дагы өкмөттө болот. Биз парламенттик өлкө болсок, президент эмне үчүн өкмөттүн иштерине жооп берип жатканына таң калып жатам. Бүгүнкү маалымат жыйындын суроолоруна, жоопторуна дагы канааттанган жокмун. Ал "дежурный" суроолорго жооп берди", - дейт Келдибаев.

КАДЫРБЕКОВ: "Президент журналисттердин ар бир суроосуна жооп бергенге аракет кылды"

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков журналисттер президентке берген суроолоруна канчалык деңгээлде ынанганын айта албай турганын билдирди.

"Жалпылап айтканда, президент журналисттердин ар бир суроосуна жооп бергенге аракет кылды. Суроо бергендер өздөрү канааттандырарлык жооп алдыбы аны айта албайм. Курч суроолор берилди, мамлекет башчы унчукпай калбай, жооп берип жатты. Президенттин жооптору журналисттерди канчалык деңгээлде ынандырды билбейм", - дейт Кадырбеков.

ОСМОНАЛИЕВ: "Суроолорго жараша жооптор болду"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев азыркы учурда президенттин чечкиндүүлүгү аба менен суудай керек деген пикирде.

"Суроолорго жараша жооптор болду да. Себеби оңой эле жооп бере турган суроолор болду. Бул жерде президент эч кандай кыйналган жок. Президенттик аппараттын басма сөз катчысынын башкарганы боюнча маалымат жыйыны өттү. Мен көп нерсени күттүм эле. Президент чечкиндүү маселелерди чечип коё тургандай жооп болот деп күткөм. Бирок эмнегедир суроолор ошондой болуп туруп алды. Кайран 2 жарым саат өттү.

Бир-эки жакшы суроо болду. Бирок алар деле мурдагы суроолордой эле. Преференциялык шайлоо болот, босогону азайтуу керек деген суроолор берилет деп күткөм. Садыр Жапаровду сотторго шылтоолобой, мыйзам ченемдүү документтер болсо мунапыс бергенге даярмын деп айтса болмок. Бүгүнкү күнү президенттин чечкиндүүлүгү аба менен суудай керек эле", - дейт Каныбек Осмоналиев.

УРУМКАНОВА: "Президент маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна болушунча жооп берди"

Журналист Кайыргүл Урумканова өзүнүн суроолоруна жооп алганын айтты.

"Президент журналисттердин суроолоруна болушунча жооп берди. Мен өзүмдүн берген суроомо жооп алдым. Мен маалымат каражаттарын сотко берип жаткандар тууралуу сунуш айттым. Сотко жеткирбей, суроолорду чечүү маселесин маданияттуу түргө өткөрсө болобу деп кайрылдым. Ошону менен катар эле мигранттар боюнча суроо берип, жооп алдым. Президент башка суроолорго деле жооп бергенге аракет кылды", - дейт Урумканова.

Жээнбеков: “Атамбаевдин тагдыры жүрөгүмдү оорутат“
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан