2017-жылы 15-октябрда Кыргыз мамлекетинде президенттик шайлоо өткөрүлгөн. Жыйынтыгында Сооронбай Жээнбеков шайлоого катышкан калктын 54,79 пайызынын добушуна ээ болуп, жеңишке жеткен.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Бүгүн Сооронбай Жээнбековдун өлкө президенттигине шайланганына 2 жыл болду. Өлкөнүн башчысы катары 2 жыл ичинде кандай жыйынтык көрсөттү?" деген собол салды.
КАРАШЕВ: "Эки жыл аралыгында эл аралык мамилелерде чоң жетишкендиктер болду"
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев 2 жыл мурун элдин ишеними менен Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланганын белгиледи. "Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкен күндөн тарта өзүнүн алдына койгон максаттарын ишке ашырууну баштады. Негизгиси коррупцияга каршы күрөшүү иштерин алгылыктуу алып барып жатат. Эл аралык мамилелер боюнча дагы бир топ алдыга кадамдар ташталды. Коңшу мамлекеттер менен мамилелер бекемделди. Биздин мамлекетте ШКУнун жыйыны болуп өттү. Жалпысынан эл аралык мамилелерде чоң жетишкендиктер болду. Ички саясат боюнча айтсак, эки жыл катары менен "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыяланды. Бул айыл жеринде жашагандарга чоң таасирин берет. Бийликтин үч бутагы мыйзам чыгаруу бийлиги, аткаруу бийлиги, сот бийлиги биригип Кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн иш алып баруусу керек", - дейт Аалы Карашев.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Президенттик институт бизде бардык бийлик бутактарын өзүнө баш ийдирип алган"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков бийлик бутактарынын бири-бирине болгон тең салмактуулугу, карама-каршылыгы жок деген пикирде. "Президенттик институт бизде бардык мамлекеттеги бийлик бутактарын өзүнө баш ийдирип алган. Бийликтин бири-бирине болгон тең салмактуулугу, карама-каршылыгы жок. Бийлик бирин-бири көзөмөлдөбөйт, себеби бардыгын президенттик бийлик өзүнө чегерип алып, мамлекеттеги экономикалык, саясий эркиндикти жок кылып коёт. Мындай өлкөдө өзгөрүү болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан мага окшогон саясатчылар президенттик бийликти жоюп, парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек деп айтып жатабыз. Парламенттик башкарууга өткөндө гана карама-каршылык, оппозиция пайда болот дагы ал экономикага, мамлекеттеги реформаларга таасир берет. Эгерде биз ушул бойдон президенттик бийликти калтыра турган болсок, анда азыркыдай эле экономикалык артта калуу, саясий реформалардын жоктугу, социалдык маселелердин чечилбегендиги улам кийинки президентке кала берет. Бул мамлекет үчүн оор абалды жарата берет", - дейт Равшан Жээнбеков.
КЕЛДИБЕКОВ: "Сот реформасынын башталышы, санариптештирүү иш аракеттери алдыга жыла баштады"
Саясатчы Ахматбек Келдибеков эки жыл аралыгында көп иштер болду деген пикирде. "Бүгүнкү күндө сот реформасынын башталышы, санариптештирүү, аймактардагы иш аракеттер кичине алдыга жыла баштады. Эмки жылкы парламенттик шайлоодон кийин дагы көп жакшы өзгөрүүлөр болот. Бүгүнкү күндө түзүлүп жаткан пайдубалдардын бардыгы келечекте чоң ийгилигин берет. 2 жыл оной-олтоң болгон жок. Себеби мурда тышкы саясат кандай абалда болгонун көпчүлүк билет. Учурда коңшу мамлекеттер менен болгон мамилелер түздөлүп, көп бузулган кадрдык саясат туура жолго түштү. Күч органдарындагы реформалардын башталышы бир күндө бүтпөйт. Менин оюмча, эмки жылы мунун чоң жыйынтыктары болот", - дейт Келдибеков.
ТУРДУКУЛОВ: "Сооронбай Жээнбековдун алдында эки чоң саясий милдет турат"
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов Сооронбай Жээнбековдун саясий милдеттемелерди аткаруусу дагы деле алдыда деген пикирде. "Алдыда эки чоң саясий процесс күтүп турат. Биринчиси, парламенттик шайлоо. Парламенттик шайлоону административдик ресурс колдонбой, таза, акыйкат, атаандаштык негизде өткөрүү эң чоң милдет деп эсептесек болот. Экинчиси, президент Сооронбай Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдей болуп президенттик мөөнөтү бүткөнгө чейин гана отурушу керек. Ал 2023-жылы мураскерин эмес, атаандаштык менен эл шайлаган талапкерди шайлоого шарт түзүп бериши зарыл.
Атамбаевдин, ага чейинки президенттердин убагындагыдай эле президенттик институттун укуктары кандай кенен болсо, азыркы учурда дагы ошондой болуп жатат. Президенттик институт сот системинин, аткаруу бийлигинин, керек болсо жергиликтүү бийликтин үстүнөн көзөмөлдөп турган орган болуп турат. Бул албетте, түздөн-түз Жээнбековдун күнөөсү болбосо дагы анын жоопкерчилигинде болот. Эртең ал президенттик тактыдан түшкөндө бийликти узурпация кылды деп Атамбаев кандай күнөөлөнүп жатса, ага дагы ошондой күнөөлөр коюлуп калышы мүмкүн.
Сооронбай Жээнбеков коңшу мамлекеттер менен тыгыз мамиле түзүп жатканын көрүп жатабыз. Бирок ошол эле убакта эң көйгөйлүү деген чек ара маселеси дагы деле чечилбей жатканы чыныгы өзгөрүү болбой жаткандын белгиси деп айтсак болот. Президенттин жакшы жактарынын бири бул оппозиция, экс-спикерлер, экс-премьер-министрлер менен диалог түзүүгө аракет кылып жатат. Бул жакшы нерсе. Ошондой эле ал аймактардын балансын сактоого аракет кылып жатканы көрүнүп турат. Ар бир региондордун өкүлдөрүн бийликке алып келгенге шарт түзүүдө", - дейт Турдукулов.
ДҮЙШӨБАЕВ: "Коррупцияга каршы күрөшүү иштери жүрүп жатат. Кошуна өлкөлөр менен болгон мамиле жакшырды"
Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев бир топ жакшы иштер жүрүп жатканын айтты. "Коррупцияга каршы күрөшүү иштери жүрүп жатат. Бул боюнча айта турган иштер көп эле. Кошуна мамлекеттер менен болгон мамиле калыбына келтирилди. Жакшы иштер жасалды деп айтсак болот. Ал эми жетишпеген жактары парламент менен өкмөткө карата айтылган сын-пикирлер көп. Алардын иши коомчулукту канааттандырбай жатат. Парламент менен өкмөткө басым жасап, экономика менен алектенсе дагы иштер алдыга жылат", - дейт Дүйшөбаев.
КЕЛДИБАЕВ: "Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайлангандан бери чоң алгылыктуу иштер болгон жок"
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев эки жыл аралыгында коррупцияга, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү болгон жок деген ойдо. "Сооронбай Жээнбеков президент болгондон бери өлкөнүн башчысы катары кандайдыр бир көйгөйлүү маселелерди көтөрүп чыкты, мамлекеттик стратегиялык деңгээлдеги чоң долбоорлор ишке ашты дегенден алысмын. Себеби андай иштер болгон жок. Экономиканын өскөнү, тышкы миграциянын азайганы байкалбай эле. Коррупция азайбай, жумушчу топтор түзүлбөй, экономика алдыга жылбай жатат. Сот адилеттүүлүгү орнотулган жок. Элдин бийликке болгон үмүтү жанган жок. Эл ичинде парламенттик, жергиликтүү шайлоолордо мурдагылар эле кайра келет деген пикирлер бар. Коррупцияга каршы күрөшүү, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү иши болгон жок. Чоң алгылыктуу иштерди көргөн жокпуз", - дейт Келдибаев.