КҮНСОБОЛ: Мамлекетти президент башкарып жатканы жашыруун эмес. Өлкөдөгү маселелер үчүн парламент менен өкмөттү күнөөлөгөн канчалык туура?

Жыл башынан эле өлкөдө буга чейин актуалдуу болуп келген орчундуу көйгөйлөр көзгө урунду. Миграция маселеси, үй-бүлөдөгү балдарга карата зомбулук, жумушсуздук. Жаңы кодекстердин ишке кириши кабыл алынган мыйзамдар чийки экенине далил болду. Өкмөт менен парламенттин ишин сындагандар көп. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков үн каткан жок.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Мамлекетти президент башкарып жатканы жашыруун эмес. Өлкөдөгү маселелер үчүн парламент менен өкмөттү күнөөлөгөн канчалык туура?" деген собол салды.

СУЛАЙМАНОВ: “Биз парламенттик өлкө экенибизди айтып жүрөбүз, бирок президенттик өлкө экенибиз талашсыз”

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов көч бара-бара түзөлө турганын айтты.

“Биз парламенттик өлкө экенибизди айтып жүрөбүз, бирок президенттик өлкө экенибиз талашсыз. 70 жыл СССРдин курамында жүрүп президенттик башкарууга көнүп калганбыз. Парламенттик башкарууга аз эле убакыт болгонуна байланыштуу парламенттик өлкө болуу үчүн өзүнүн убактысы келет. Көч бара-бара оңолот. 1-2 чакырылыш алмашып, ушул багытта бара турган болсок сөзсүз парламенттик башкарууга барабыз деген үмүттөмүн. Көп маселе боюнча парламенттин, өкмөттүн күнөөсү бар. Ошондуктан эл баасын экөөнө тең берип жатат”, - деди Сулайманов.

НУРБАЕВ: “Өкмөт жакшы иштесе да, жаман иштесе да ага парламент жоопкерчиликтүү”

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев Конституция боюнча мамлекеттеги чарбалык иштерди өкмөт жасап жатканын айтты.

“Конституция боюнча мамлекеттеги чарбалык иштерди өкмөт жасап жатат. Президент сырткы саясатты жүргүзүүдө. Албетте, өкмөт жакшы иштесе да, жаман иштесе да ага парламент жоопкерчиликтүү. Анткени парламент шайлаган. Парламент эл өкүлү катары өкмөттөн талап кылууда. Чындыгында өкмөт кээ бир нерселерди кыла албай жатат. Кемчиликтери акыркы учурда көп болуп, экономикалык жылыштар аз болууда. Ал эми жаңы ишке кирген кодекстер боюнча өкмөт менен Жогорку Кеңештин жоопкерчилиги бирдей”, - деди Нурбаев.

МАДУМАРОВ: "Мыйзам кандай жазыларын билбеген өкмөт, мыйзамга кандай кол коюш керектигин билбеген президент отурат"

Саясатчы Адахан Мадумаров мыйзамды сунуштагандар, кабыл алгандар жана кол койгон президент жоопкерчилик алышы керек деген пикирин айтты.

"Менимче, кыргыз эли түшүнө турган мезгил келди. Кимдир бирөөнү күнөөлөгөндө пайда жок. Сабатсыздар десем көпчүлүгү ишенбейт эле. Кечээ кабыл алынган кодекстерине 13 миллион евро алышыптыр. Мыйзам жазганы үчүн айлык алып жатышпайбы. Бирөөнү жалдап жазып жатышабы? Жазган мыйзамдарынын кебетесин көрүп эл эмес, өздөрү түшүнбөй отурушат. Эми ким жооп берет? Ал акчага онкологиялык оорукана курулса пайдалуураак болмок. Жарандарыбыз кошуна өлкөлөргө барып жалдырап дарыланып жатышат. Өкмөт сунуштап жатат, депутаттар кабыл алып берүүдө, сабаттуу деген президент кол коюп берүүдө. Илгери мыйзамда бир сөз туура эмес жазылып калса эмне деген будуң-чаң чыгып кетчү эле? Азыркылардын бардык кодекстери туура эмес болуп жатпайбы. Мектепте начар окугандарды сабайт эле, буларды эмне кылышты билбейсиң. Өкмөт башчыдан баштап акыркы мүчөсүнө чейин сабатсыз болуп жатат. Мыйзам кандай жазыларын билбеген өкмөт, мыйзамга кандай кол коюш керектигин билбеген президент отурат. Кол койгондон кийин өкмөт да, президент да, Жогорку Кеңеш дагы жоопкерчилик алышы керек", - деди Мадумаров.

ЧОЛПОНБАЕВ: “Азыр болгону парламенттик башкаруунун пародиясы болууда”

Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев парламенттик башкарууга өттүк деп 6 жыл жар салганы менен, парламенттик башкарууга өтө алган жок деп айтты.

“Эгерде парламент менен өкмөт Конституцияда жазылган өздөрүнүн бийликтерин алып, милдеттерин аткара албаса, ким күнөөлүү? Эгерде баштары иштесе, намыстары болсо Жогорку Кеңеште жанагы мыйзамды кабыл албайт болчу. Ал президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү жөнүндө болгон сөз, бул Атамбаевдин учурунда кабыл алынган. Кийин өзүнө тиешелүү нерсенин баарын башкы министр алыш керек эле. Ага Жогорку Кеңеш жардам бериши керек болчу. Анын ордуна Жогорку Кеңеш президент “А” десе “А” деп, “Б” десе “Б” деп коюп отурушат. Мунусун биз көрбөдүкпү, Сапар Исаковду мурунку күнү мактап туруп, эртеси күнү каматканга уруксат берип коюшту. Анан бул эмне деген парламент? Кеп президентте эмес, тиги экөөндө болууда. Алар иштей албай жатса, анан жоопкерчиликти президент өзүнө алат да. Аны жалпы эл шайлаган, ал мына ушуга таянып жатат, ага ыйгарым укук берилген. Парламенттик башкарууга өттүк деп 6 жыл жар салганыбыз менен, парламенттик башкарууга өтө алган жокпуз. Азыр болгону парламенттик башкаруунун пародиясы болууда”, - дейт Чолпонбаев.

АКУН: “Өлкө башчы өз мүмкүнчүлүгүнө жараша иш алып барып жатат”

Экс-акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, жалгыз эле президент жооп бербей, премьер менен спикер да жооп берүүгө тийиш.

“Президент кеменин капитаны сыяктуу, ал эми кеменин эки жагында бортмеханик жана бортинженер дегендер болот. Алар азыркы премьер жана спикер болууда. Эгер бортмеханик менен бортинженер өз ишин так аткара алышпаса, капитандын да иши жүрбөйт. Мындай учурда кеме аңтарылып кетиши, туура эмес толкундарга туш болуп калышы же бузулуп калышы мүмкүн. Ошол себептен улам парламент менен өкмөт дагы көмөктөшүп туруусу зарыл. Өлкө башчы өз мүмкүнчүлүгүнө жараша иш алып барып жатат. Аны жакшы көргөнү да, сындагандары да бар. Капитан иш алып барып жатса, демек, механик менен инженер да иш алып барууда. Такыр иш алып барбай жатышат деген пикирге кошулбайм. Жалгыз эле президент жооп бербей, премьер менен спикер да жооп берүүгө тийиш. Себеби алар да башкарууга катышууда. Экономиканы жылдыруу аракеттери жүрүүдө, инвестиция тартуу аракеттери көрүлүүдө, жолдор оңдолуп жатат. Түрдүү жыйындар өтүүдө, тапшырмалар берилип жатат. Чиновниктер дайындалып, кызматтардан алынып, отчётторун угуп жатышат. Эл кандай кабыл алат, ал башка маселе, бул нерсенин баары жыйынтык, бюджет, жалпы өсүш кандай болоруна көз каранды”, - дейт Акун.

МОЛДАЛИЕВ: “Парламенттин мурунку чакырылышына караганда азыркы чакырылышы пассивдүүрөөк болуп жатат”

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев парламент өкмөттү күнөөлөгөнгө аракет кылып, өкмөт парламент кабыл алып берген деген жагдай жаралганын айтты.

“Мамлекетти президент өзүнө тиешелүү маселелер боюнча башкарышы керек. Себеби бизде толук парламенттик мамлекет эмес да, президенттик-парламенттик башкаруу болуп жатпайбы. Парламенттин мурунку 5-чакырылышына караганда азыркы чакырылышы пассивдүүрөөк болуп жатат.
Мисалы, 5-чакырылышта кабыл алынган мыйзамдардын ишке киргизилиши боюнча, айрым мыйзамдардын кабыл алынгандан кийин кайра кайтарылышы боюнча парламенттин начар иштеп жатканын көрсөтүп жатпайбы. Парламент өкмөттү күнөөлөгөнгө аракет кылып, өкмөт парламент кабыл алып берген деген жагдай жаралды. Албетте, мындай эки тарапта болуп жатканда жагдайды өлкө башчы колуна алууга туура келет. Бирок азыркы парламентте оппозиция жок болуп жатат, бир аз шалаакыраак иштеп жаткандарынын себеби ошондо. Түрткүлөгөн фракциялар жок болуп, конструктивдүү оппозиция да жок болууда”, - дейт Молдалиев.

АКЫЛБЕК: “Алсыз парламент бар жерде президент бийликтин бутактарын башкара берет”

Саясий серепчи Нурсултан Акылбектин айтуусунда, президенттин өкмөткө тапшырма бергени, парламент менен өкмөттүн алсыздыгын билдирет.

“Алсыз өкмөт менен алсыз парламент турса, мамлекетте болуп жаткан абал боюнча эл президенттен сурайт. Тилекке каршы, парламент Конституцияда берилген укуктарын толугу менен колдоно албай жатат. Бир эле өкмөттүн эмес, парламенттин тагдыры президенттин колунда. Мындай саясий жана Конституциялык кризис бүгүн башталган жок. Бул кризис мурдагы президенттин бийликти толук өзүнүн колуна алгандан башталган. Бул көрүнүш бийлик алмашса деле өзгөрүлбөй келет. Мындай кризистен чыгуу үчүн парламент Баш мыйзамда берилген укукту толугу менен колго алып, өкмөттү өздөрү түптөшү керек, президент көрсөткөн талапкерди тандабай. Качан гана парламент жоопкерчиликтүү, көз карандысыз болгондо президенттин өкмөт башчынын функцияларын аткаруусу токтойт. Бирок азыркы парламент эң алсыз болуп келет. Алсыз парламент бар жерде президент бийликтин бүт бутактарын башкара берет. Толугу менен саясий кризистен чыгуу үчүн дагы бир конституциялык реформа керек”, - деди Акылбек.

ҮМӨТАЛИЕВ: Конкреттүү адамдарды конкреттүү кемчиликтери үчүн сындаш керек"

Коомдук ишмер Эмил Үмөталиев парламентти жамандап, иштебей жатат, кыскартуу керек деген алдануу экенин айтты.

“Конкреттүү адамдарды конкреттүү кемчиликтери үчүн сындаш керек. Кеп күнөөлөгөндө эмес, кеп сындаганда. Кеп элдин кызыкчылыгына тиешелүү маселелерди караштырганда. Жалпысынан Парламент институтун күнөөлөгөн болбойт. Себеби биз демократияны курабыз деп макулдашканбыз. Демократиянын негизги курамы - бул парламент, ошол себептен парламентаризмди курабыз деп сүйлөшкөнбүз. Бирок айырым күчтөр кайра артка тартып, кайра эле президенттик күчкө таяныш керек, президенттик мамлекет куруш керек дегендер жанданып жатат. Ошолорго алданбашыбыз керек. Парламенттин ичиндеги кээ бир саясатчылардын каталарын же элге каршы иштеген иштерин сөзсүз түрдө ачыкка чыгаруу керек. Бирок парламентти жамандоо - бул тоталитаризмдин отуна май тамызуу. Ошол себептен парламентти жамандап, иштебей жатат, кыскартуу керек деген бул алдануу жана тоталитардык күчтөрдүн аракетине ээрчип кетүү. Биз парламентаризмди коргошубуз керек”, - деди Үмөталиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан