Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова парламент жыйынында Кытайдын туристтери үчүн визасыз режим киргизүүнү сунуштады. Ал кытайлык туристтер дүйнө туризминин 30 пайызын түзө турганын айтып, бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып калуу керектигин белгиледи. "Кытай биздин жаныбызда турат. Орусия, Казакстан 15 жылдан бери топ-топ болуп саякаттоочу туристтер үчүн визасыз режим менен иштеп келе жатат. Анда 40-50 турист келет. Ал эми туристтик компания алардын чыгып кетишине жооп берет. Биз эмне үчүн ушунча потенциалды колдонбойбуз? Миграция кызматы, УКМКга суроо бергенде баары эле аларга бул жакта калып кала турган жарандай, кылмышкердей карайт экен", - деди ал. Мындан улам SUPER.KG порталы "Кытайдын туристтерине визасыз режим киргизүү демилгеси көтөрүлдү. Колдоо керекпи?" деп собол салды.
ПИРМАТОВ: “Кытайлык туристтерге визасыз режимди киргизүү таптакыр өлкө кызыкчылыгына туура келбейт”
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов Кытайдын учурда Кыргыз ишкерлерине виза бербей жатканын эске салды.
“Бул демилгеге каршымын. Бул менин жеке жарандык позициям. Ансыз деле кытайлар жок бир да тармагыбыз калбады. Эми алардын туристтери өлкөнү каптап кетсе болбойт да. Кытайдан азыр бизге кыйраткан деле турист келбейт. Алар Европада, АКШда жүрүшөт.
Бизде кытайлык туристтерди кызыктырган нерсе жок. Тескерисинче, учурда биздин жарандарга Кытай виза бербей жатат. Бул Тышкы иштер министрлигинин кемчилиги деп ойлойм. Теракт болгондон кийин эле аталган министрлик так позициясын билдирип, Кытай тарап менен сүйлөшүүгө барышы керек болчу. Азыр да дипломатиялык мамиле кура албай жатышат. Айдоочулар, ишкерлер Кытайга кире албай кыйналып, бизге кайрылышууда. Кытайлык туристтерге визасыз режимди киргизүү таптакыр өлкө кызыкчылыгына туура келбейт. Өзүбүздүн жарандарга жумуш жок болуп жатканда кара жумушчу орундарын кытайлар каптап кетүүдө”, - деди Пирматов.
РЫСПАЕВ: “Кытайдын туристтери биздин өлкөгө виза менен кирип, чыкса коркунуч болбойт”
Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев Кытай жаранынын Кыргыз мамлекетине мыйзамсыз жашап алганына каршы экенин айтты.
“Кытайдын туристтери өлкөгө виза менен кирип-чыкса, баары мыйзам чегинде болсо коркунуч жок. Бизге Кытайдан виза ачылбай, бул жакка инвесторлор келбей, Кыргыз-Кытай соода алакасы дагы кечеңдеп баратат. Буга чейин Кыргыз жарандары Кытайга шарты менен барып иштешчү. Азыр Кытай визаны кошуп койгон. Кытай жаранынын Кыргыз мамлекетине келип мыйзамсыз жашап алганын, биздин жаран болуп алганын колдобойм. Виза менен кирип, кайра чыгып бизге акчасын калтырганын колдойм”, - дейт Рыспаев.
ТӨЛӨНОВ: “Туризмди өнүктүрөбүз деп Кытайдан виза режимин алып койгон туура эмес”
Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөнов мамлекеттин коопсуздугуна көңүл буруу зарылчылыгын белгиледи.
“Кытайдын жарандарын визасыз өлкөлөрдүн катарына киргизүү туура эмес. Бүгүнкү күндө белгилүү болуп жаткандай, Кытайдан Кыргыз жарандарына виза алуу аябай татаал шарттар түзүлүп, кыйынчылыктар болуп жатат. Ошолорду карап туруп аларга биз визасыз режим киргизебиз деген туура эмес.
Кытайдын туристтерине визасыз режим киргизсек мамлекеттик коопсуздук каякта калат? Мамлекеттик коопсуздукту дагы караш керек да. Туризмди өнүктүрөбүз деп Кытайдан визаны алып коюуга болбойт. Жүз миңдеген кытай келип, өлкөгө отурукташып албайт деп эч ким кепилдик бербейт. Ошон үчүн менин оюмча, визасыз режим киргизилбеши керек”, - деди Төлөнов.
ЖАМАНКУЛОВ: “Кытайлар Улуу Жибек Жолунун биздин аймактагы шаарларына кызыгышат”
Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов учурда Кытайдан келген туристтердин саны аз өлчөмдө экенин белгиледи.
“Албетте, Кытай менен мамилени жакшыртыш зарыл. Кытайларга дүйнө жакшы шарттарды түзүп баштады. Азырынча Кытайдан келген туристтердин саны көп эмес. Кытайлык туристтердин баарына визасыз режим киргизүүгө каршымын. Азыр алар ишкерлик боюнча эле өлкөгө кирип жатышат. Депутат Махабат Мавлянова сунушту башкача мааниде айтты. Ал муну айрым туристтик операторлорго карата демилгеледи. Негизи эки өлкөнүн 30-40 туристтик операторлорун каттоодон өткөрүп, ошолордун саякатчыларын гана өлкөгө визасыз киргизүү ыкмасы буга чейин башка өлкөлөрдө колдонулган. Демилгени ошондой багытта карап чыкса болот.
Албетте, кытайлар Улуу Жибек Жолунун биздин аймактагы шаарларына кызыгышат. Андан сырткары алар экологиялык таза жерлерди көрүүнү жактырышат. Кытайлар негизинен чет өлкөнүн казино жана оюн-зоок жерлерине барышат. Андан кийинки орунда дүкөн кыдыруу турат. Алар тарыхый аймактарга барууга да кызыкдар. Кытай менен мамиле түзүүдө коопсуздук жагы жана саясий факторлор мааниге ээ”, - деди Жаманкулов.
МИДИН УУЛУ: “Кытайлык туристтерди визасыз кабыл алууну баштасак, башка кытайлар да коррупциялык жолдор менен өлкөгө кирип кетиши мүмкүн”
Жарандык активист Канат Мидин уулунун пикиринде, аталган демилге Кыргыз өлкөсүнө коркунуч туудурат.
“Кытай менен виза режимин жоюп салуу өтө кооптуу. Кирешени эле ойлой берсек утулуп калышыбыз мүмкүн. Баарын эле акчага такай берген туура эмес. Андан да улуттун келечеги, мамлекеттик кызыкчылык деген нерселер жогору турат. Бизде чоң коррупция бар. Эгер кытайлык туристтерди визасыз кабыл алууну баштасак, анда башка кытайлар да коррупциялык жолдор менен өлкөгө кирип кетиши мүмкүн. Кытайдагы уйгур, казак туугандарыбыздын абалы кандай болуп жатканын көрүүдөбүз. Албетте Кытай менен мамиле түзүшүбүз керек. Бирок Кытай менен визасыз тартипти киргизүү маселеси башка талкууланбашы шарт. Муну ойлонууга да болбойт. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ушул сыяктуу жөнөкөй нерселерди түшүнбөй жатканы өкүндүрөт”, - деди Мидин уулу.
КАЧКЫНБАЕВ: “Кытай демократиялык өлкө болбогону үчүн кытайлык туристтерге визасыз тартип киргизүүгө болбойт”
Саясат таануучу жана чыгыш таануучу Сейтек Качкынбаев Кытай туристтерине визасыз тартип киргизүү өлкөгө бир топ кыйынчылыктарды алып келиши мүмкүн экендигин айтты.
“Депутат айым кандай мааниде айтканын билбейм, ошон үчүн анын сөзүнө карата пикир айтпай турайын. Ал эми “Кытай туристтерине визасыз режим керекпи же кереги жокпу? Бул суроого мен мындай демекмин. Учурда Кыргыз өлкөсүнө визасыз кирүү үчүн 44 өлкөгө уруксат берилген. Алар дүйнөдөгү алдыңкы, өнүккөн, демократиялык өлкөлөр. Ал эми Кытай демократиялык өлкө деп эсептелбейт. Ошон үчүн бул өлкөдө адам укуктарына кепилдик берилип, саясий эркиндиги бар өлкө болмоюнча, аларга визасыз тартип киргизүүгө болбойт. Кытайдын калкы да аябай көп, ал жерде Япониядагыдай же АКШдагыдай орто катмар жок. Катардагы эле Кытай жараны келсе ал биз үчүн коркунуч туудурбайт деп айта албайсың.
Эгер Кытайдан көп жаран кирип келсе бизде көптөгөн кыйынчылыктар жаралат. Кытай бай өлкө жана демократиялык өлкө болуп, салыштырып айтканда, Кытайдын “алайкуулуктары” деле же “баткендиктери” деле орто эсеп менен жылына 30 миң доллар таап турса, анда, Кытай жарандары бизге эс алуу үчүн гана келет деп ойломокпуз. Тилекке каршы, азыр андай эмес. Эгер Бишкек-Пекин темир жолун куруу демилгеси көтөрүлсө анда аны артыкчылык катары карап, бул демилгени колдоо керек. Анда биз адам эмес товар ташыйбыз. Бирок муну Кытай жарандарына визасыз тартип киргизүү маселеси менен алмаштырбоо керек”, - деди Качкынбаев.
КУЛТАЕВА: “Кытай туристтерине визасыз тартип киргизсе болот. Алар мыйзамды сыйлаган эл”
Кыргыз улуттук университетинин Конфуций институтунун мурдагы жетекчиси Үмүт Култаева Кытай туристтерине визасыз тартип киргизүү туура экендигин айтып, бирок алардын Кыргыз өлкөсүндө калуусуна жол бербөө керектигин белгиледи.
“Кытай туристтерине визасыз тартип киргизсе болот. Анткени биздин өлкөдө туристтер эс ала турган ажайып кооз жана коопсуз аймактар көп. Бирок визаны чектелүү жана кыска убакытка берүү керек. Жолдомосунун убактысы бүткөн соң аларды көзөмөлгө алып, алардын биздин өлкөнүн аймагында калып калышына жол бербөө зарыл. Бул боюнча тиешелүү органдар тыкыр иш алып барууга тийиш. Мүмкүн алар биздин көзөмөлдүн жоктугунан, шалаакылыгыбыздан пайдаланып кетиши да мүмкүн.
Алардын берген акчаларына алданбоо керек, мунун баары өзүбүзгө байланыштуу. Бизде буга окшогон көрүнүштөр көп болуп турат. Канчалаган чет өлкөлүктөргө Кыргыз паспортун берип, дүйнө элдерине уят болуп келебиз. Мен көптөгөн Кытай жарандары менен иштешип келем. Алар тартипке көнгөн, мамлекеттик машина деген эмне экендигин жакшы билген, мыйзамды сыйлаган эл. Бирок буга чейин Кытай жарандарынын Кыргыз өлкөсүнө келип эс алууга кызыккандыгына көп деле күбө болгон жокмун. Алардын укмуш кооз жерлери, курорттук жайлары өтө эле көп”, - деди Култаева.