Кечээ, 23-октябрда Жогорку Кеңеште өлкөдө сейрек кездешкен жаныбарларга аңчылык кылып, атууга тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоорунда 2020-жылдан тарта 2030-жылга чейин өлкөнүн жалпы аймагында аркар, кулжа, эчки, теке, элик, бугу, марал жана каманды атууга мораторий киргизүү сунушталган. Жыйынтыгында депутаттар бул мыйзам долбоорун колдошкон жок.
SUPER.KG порталы "Кайберендерге аң уулоого тыюу салуу мыйзам долбоорун парламент депутаттары колдобой коюшту. Депутаттар кыргыздын экологиясын сактоону каалашпайбы?" деген собол салды.
МАМАТАЛИЕВ: "Бул мыйзам долбоору бир аз чийки болуп калды"
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев мыйзам долбоору боюнча бир канча сунуштарды айтканын билдирди. "Мыйзам бир аз чийки болуп калды. Мен ага өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылдым. Аңчылык кылып кармалгандарга миллион сом айып пул салына турганы айтылды. Аларды эч ким көрбөй калса, жоопкерчиликтен качып кете беришет экен. Байлар миллион сом төлөп коём деп аңчылык кыла беришет да. Алар миллион сомду оңой төлөп коюшат. Айып пулдун көлөмүн көбөйтүү же аңчылык кылгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек. Ушул сыяктуу сунуштар айтылды. Депутаттардын көбүнүн жаратылышты сактайлы деген эле тилектери бар. Мыйзам долбоору бир аз чийки келип калгандыктан, колдоо тапкан жок", - дейт Маматалиев.
ТОКТОШЕВ: "Аңчылыкка тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун өткөргөнгө болушунча аракет кылдык"
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев белгилегендей, мыйзам долбоору 4 саат талкууланып, четке кагылды.
"Кечээ биз демилгелеген мыйзам долбоору 4 саат талкууланып, четке кагылып кетти. Көпчүлүк депутаттардын добушу менен мыйзам долбоору өтпөй калды. Биз, демилгечилер мыйзам долбоорун өткөргөнгө фактыларды келтирип болушунча аракет кылдык. Биз айтканыбыздан кайтпай, күрөшөбүз", - дейт Токтошев.
САМАЕВ: "Сейрек кездешкен жаныбарларга аңчылык кылып, атууга тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору көп каражатты талап кылат"
Депутат Урматбек Самаев сейрек кездешкен жаныбарларга аңчылык кылып, атууга тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору көп каражатты талап кылат деген ойдо.
"Негизи кайберендерди атууга бардыгыбыз эле каршыбыз. Бирок бул жакта маселенин экинчи тарабы дагы бар да. Учурда мамлекет бюджеттеги каражатты социалдык, билим берүү жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүгө багыттап жатат. Ал эми бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, билинбегени менен бир топ каражат керектелет. Мисалы, материалдык-техникалык базаны чыңдаш керек. Штаттык түзүмдү көбөйтүп, кызматкерлерге айлык акы чыгарып берүү зарылчылыгы пайда болот. Белгилей кетчү нерсе, Кеминде айыл тургундары жоголуп бара жаткан жаныбарларга, канаттуу куштарга мыйзамсыз аң улоолорду өздөрү көзөмөлдөп турушат экен. Андыктан мамлекет каржылык жактан даяр болгуча, ар бир аймактын жашоочулары көзөмөлдөө иштерин жүргүзүп турса жакшы болот эле", - деди Самаев.
МАДЕМИНОВ: "Жылына токой чарба агенттиги 500 Марко Полону атканга уруксат берет"
Депутат Мурадыл Мадеминов мыйзамдын өтпөй калышынын артында жеке кызыкчылык жатат деген оюн айтты.
"Кайберендерге аң уулоого тыюу салуу мыйзам долбоорун сунуштаган демилгечилердин арасында болгом. Кечээ, 23-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында ал колдоого ээ болгон жок. Негизи мындай чечим чыкканына экологиянын тиешеси жок. Бул жакта ири коррупциялык схемалар иштелип жатат. Себеби Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргыз өлкөсүнө келген туристтерге аң улоого лицензия берет. Ал үчүн алар 10 миң доллар алат экен. Быйыл болжол менен 500 Марко Поло атылганы белгилүү болду. Ушинтип акчаны алып, уруксат берип коюп отура беришсе, жакында илбирстин саны дагы кескин азая баштайт. Андыктан бул мыйзам долбоорун кайрадан сунуштайбыз", - деди Мадеминов.
ИКРАМОВ: "Мамлекетке акча төлөп, аңчылык кылууда картаң жаныбарларды атканга жол берсек туура болот"
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов депутаттар экологияны коргоо боюнча бир канча маселелерди көтөрүп жүрүшкөнүн билдирди.
"Экологияны коргоо керек. Бул маселени көтөрүп эле келебиз. Бул жерде жеке кызыкчылык боюнча маселелерди колдоп бере берсек туура эмес болуп калат. Жеке пикирим боюнча, мамлекетке акча төлөп, аңчылык кылууда картаң жаныбарларды атканга жол берсек туура болот. Аңчылыкка тыюу сала турган болсок мамлекетке акча түшпөй, аткезчилик жолу менен кийик, аркарларды жашына, эркек-ургачысына карабай кыруу башталат. Кээ бир адамдардын жеке кызыкчылыгы менен мамлекетке түшүп жаткан пайдалуу нерсени жокко чыгаруу туура эмес", - дейт Икрамов.
РЫСПАЕВ: "Экологиялык көйгөйлөргө карата элдин мамилеси өзгөрүшү керек"
Депутат Кожобек Рыспаев экологиялык маселелерди чечүүдө каражат жагын дагы караш керек деген пикирде. "Мыйзамды кабыл алсак деле, шарт түзүлбөсө мыйзамсыз аң улоо улана берет. Бул көйгөйгө карата элдин мамилеси өзгөрүшү керек. Өлкөдө туризмди өнүктүрүү зарыл. Аң улоого туризмдин бир бөлүгү катары, көп эле мамлекеттерде уруксат берилген. Албетте, "Кызыл китепке" кирген же сейрек кездешүүчү жаныбарлардан тышкары. Биздин өлкөгө да көпчүлүк туристтер ушул багытта келип жатканы баарыбызга эле маалым. Бул мыйзам доолборун кабыл алыш үчүн, буга чейин кабыл алынган мызамдарды дагы тууралаш керек болуп калат. Негизи буга чейин деле өкмөт аң улоого мораторий жарыялаган. Анда ар бир аймакта 3 жылдык мөөнөт менен кезектешип жаныбарларды атууга тыюу салынган. Канчалык тыюу салбайлы, каржылык жактан даярдык жок болсо, экология сакталбайт", - деди депутат.
КАРАСАРТОВА: "Экологияны коргоо боюнча депутаттардын сүйлөгөн сөзү менен жасаган иши дал келиши керек"
Укук коргоочу Рита Карасартова депутаттар экологияны коргоого байланыштуу акцияларга катышканы менен бул боюнча мыйзам долбоорун колдошкон жок деген пикирин айтты. "Негизи экология боюнча жөө жүрүш, марафон болгондо депутаттар "экологияны коргойлу" деп сүйлөп калышат. Бирок бул жөн эле сөз экенин кечээ далилдешти. Парламенттин ишин кабыл алган мыйзам долбоору менен кабыл албаган мыйзам долбоору аркылуу билсе болот. 82 лоббист аң уулоого тыюу салган мыйзам долбоорун колдогон жок. Калп эле экологияны коргоо тууралуу акцияларга катышуунун кереги жок. Сүйлөгөн сөзү менен жасаганы дал келгенди биз адам, жаран деп атайбыз", - дейт Карасартова.