КҮНСОБОЛ: ИИМ быйыл мыйзамсыз паспорт берүү боюнча 36 иш козголгонун билдирди. Канткенде Кыргыз өлкөсү жасалма паспорттордун мекени дегенден арылат?

Өткөн аптада Ички иштер министрлиги быйыл жасалма паспорт берүү боюнча 36 кылмыш иши козголгонун маалымдады. Бул маселе Кыргыз өлкөсүндө издөөдө жүргөн кытайлык ишкер Айэркен Саймаити Түркияда киши колдуу каза болгондон кийин дагы бир жолу козголду. Буга Саймаитинин жанынан Кыргыз паспортунун табылганы жана түркиялык басылмалар анын өлүмүнө шектелгендерден да Кыргыз паспорттору алынганын жарыялагандыгы себеп болду. Мамлекеттик каттоо кызматы муну четке какты.

Ал эми УКМК Саймаитинин Кыргыз паспортун алганы боюнча 1 жарым ай мурун кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Кыргыз паспорт башка жарандарга берилгендиги негизинен ал адам кылмыш жасаса же кырсыкка кабылган учурларда ачыкталат, ачыкталбай калган канчалаган паспорттор берилди деген суроо көбүндө жаралат. Буга байланышкан эң чуулуу окуя 2016-жылы катталган. Анда Түркияда Кытайдан келген уйгур улутундагы 98 адам Кыргыз паспорт менен кармалган болчу.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "ИИМ быйыл мыйзамсыз паспорт берүү боюнча 36 иш козголгонун билдирди. Канткенде Кыргыз өлкөсү жасалма паспорттордун мекени дегенден арылат?" деген собол салды.

МАСАЛИЕВ: "Жасалма паспорт бергендерге карата жазаны күчөтүү керек"

"Жасалма паспорт берүүнү жоюш керек, талапты катуу коюу зарыл. Жасалма паспорт берүү - кылмыш деп эсептелинет. Ошондуктан мындай учурларда иш козгоп, чара колдонуп, жоопко тартуу керек.

Биздин өлкөдө жасалма паспорт таптакыр берилбейт деген ойдон алысмын албетте, адам деген адам, акчага жана башка нерсеге азгырылып, өзүнүн милдетин аткарбай койгон учурлар толтура эле. Бул өкүндүрө турган жагдай. Буга өкмөт бир чара колдонушу керек. Ал эми өкмөт Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлерине иш козгогондо коомчулук ызы-чуу көтөрүп, "Жок, тийбеш керек" деген сөздөр чыкты. Паспортту Мамлекеттик каттоо кызматы эле берет да, эгер маселелерди чечебиз дешсе, ошол мекеме сунуштарын көтөрүп келиши керек.

Айта кетүүчү жагдай, дагы көп нерселерди такташ керек. Мисалы, менин Саймаитиде жасалма паспорт болгон деген маалыматым жок. Аны өлтүрдү делгендер кыргыздын паспорту менен жүргөндүгү чын болсо, берген тараптарга катуу жаза көрүш керек. Биздин өлкө жасалма документтерди берип кетти деген пикирге көп кошулбайм, бирок баалуу кагаз, документтерди салыштырмалуу оңой берет деген ойго кошулам. Мындай көрүнүш бардык эле өлкөдө бар. Жасалма документтерди бергендерге жазаны күчөтүү менен аны азайтуу мүмкүн", - деди Масалиев.

МАТРАИМОВ: "Жасалма паспорттордун берилишине укук коргоо органдары чек коё алат. Бул үчүн аларга эрк эле керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун пикиринде, бул көрүнүшкө эрк болсо укук коргоо органдары эле чекит коё алат.

"Жасалма паспортту берүүдөн күч органдары тыгыз териштирип туруп, чекит койсо эле арылабыз. Баары билет, жасалма паспорттор кайсы жерлерде берилип жатканын. Болгону ошол ишке чекит коюуга каалоо жана эрк керек. Орустардын "Улица разбитых фонарей" деген сериалында бир эпизод бар. Анда "Капысынан анда кыргыз паспорту эмес бекен?" деп айткан жери бар. Ушундай шермендечиликке алып келе турган нерсе да бул.

Мамлекеттик каттоо кызматы көзөмөлдөй албайт да, алар документтерди алмаштырууда, айрыкча 1994-жылдагы документтерди алмаштырууда кылдат карашы керек. Алар ошол жерде тактап, документтин тарыхын иликтеп туруп бериши керек. Негизинен бул маселеге чекит койчулар - күч органдары", - деди Матраимов.

САБИРОВ: "Жасалма паспорт берүүнү токтотпосо, көйгөй жаралышы мүмкүн"

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировдун пикиринде, бул маселени тиешелүү органдар колго албаса, чоң көйгөй жаралышы мүмкүн.

"Бул боюнча көп маселе бар, көп эле айтылып жатат. Бирок ошол жасалма паспорттор өлкө ичинде жасалып жатабы же башка жактабы белгисиз болууда. Анткени азыр Орусияда, Түркияда иштеп жүргөн башка өлкөлөрдүн жарандары биздин паспортторду көтөрүп жүрүшөт деп жатышат. Ал эми биздеги мекемелер андай документтер берилген эмес, базадан чыккан жок дешет. Ошон үчүн адегенде ким, кайсы жерде жасап жатканын аныкташ керек.

Бул жерде бир чоң коррупциялык схема бар деп ойлойм. Эгерде муну өзүбүздүн мамлекеттик коопсуздукту көзөмөлдөгөн органдар карап чыкпаса, чоң маселе жаратчу абал. Ушул көйгөйдү тамырынан жок кылуу керек. Ага карабай бул жагдайды текшерип, карап, иликтеп чыккан орган жок болууда", - деди эл өкүлү.

ТИЛЛАЕВ: "Паспорт берүүдө жаңы ыкмаларды колдонбосок дүйнөлүк аренада аброюбуз түшө берет"

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевдин пикиринде, жасалма паспорт берүү токтобосо, дүйнөлүк аренада Кыргыз өлкөсүнүн аброюна шек келип, Кыргыз жарандарына ишенбөөчүлүк пайда болуу ыктымалдуулугу бар.

"Кыргыз паспортторунун башка өлкөлөрдө жасалма жол менен чыгып жатканы бизди албетте, өкүндүрөт. Буга чейин өзүбүздүн кызматкерлер паспортторду коррупциялык жол менен жасап келсе, азыркы технология өнүккөн убакта бардык жерде аны жасоого мүмкүн болуп калды. Мындан улам биз дагы жаңы технологияларды колдонуп, жарандын бармак изи, анын сүрөтүн электрондук түрдө кабыл алып текшерген, жаңы ыкмаларды колдонуубуз керек.

Ар бир адам паспортту ушул жол менен алса жакшы болот. Мурдагыдай кол коюу жолу болсо, аны окшоштуруп жасап коюп жатышат. Ошондуктан жаңы ыкмаларды колдонуп, жаңы ыкмалардын негизинде алдын ала иш жүргүзбөсөк, анда дүйнөлүк аренада биздин аброюбуз түшө берет. Акыркы Саймаитинин окуясы, сириялык жарандардын кыргыз паспорту менен жүргөнү өтө өкүнүчтүү нерсе. Бул дүйнөлүк коомчулукта дагы, биздин коомдо дагы Кыргыз жарандарына болгон ишенбөөчүлүктү арттырат. Мамлекет өлкөнүн келечегин, жарандарды ойлосо, бул маселени тез арада жөнгө салуусу керек", - деди Тиллаев.

БЕКЕШЕВ: "Жасалма паспорт боюнча дүйнөдө өлкөбүздүн репутациясы төмөн деңгээлге түштү"

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, бул маселе бирдиктүү база менен каралышы керек.

"Жасалма паспорттор боюнча кайсы мамлекетти албайлы ушундай окуялар болгон. Тилекке каршы, бул маселе боюнча дүйнөдө өлкөбүздүн репутациясы өтө төмөн деңгээлге түштү. Жасалма паспорт көп жарандардан, анын ичинде криминалдык структуралардан табылып жатат. Менимче, бул жерде процедураларды өзгөртүү керек. Аталган маселе боюнча "милицияга берели, алар жакшы көзөмөлдөйт" деп айтып жатышат. Менин оюмча, 2009-жылга чейин милицияда дагы паспорттук столдор болгон. Мындан улам ал жерде көп эле паспорттор сатылган, аны өздөрү ачык айтышпайт.

Документтер жасалма жол менен сатылып жатат. Бул жерде УКМК, ИИМ жана ар бир мамлекеттик органдар менен байланыш түзүлсө, ар бир мамлекеттик орган өздөрүнө жоопкерчилик алса, маселе жоюлмак. Азыр УКМК, ИИМ бул маселени мамлекеттик каттоо кызматына шылтап жатат. Менимче, бул маселени бирдиктүү база менен караш керек", - деди Бекешев.

БЕЙШЕНАЛИЕВ: "Жасалма паспорттор бизден эмес, кандайдыр бир жайда принтерге окшош жабдуу коюп алып, фотошоп менен биздин паспортко окшоштуруп жасагандардан берилет"

Мамлекеттик каттоо кызматынын адиси Адилет Бейшеналиев жасалма документтер аталган мекемеден эмес, көмүскөдө өз алдынча жасаган жайлардан тарайт дейт.

"Мыйзамсыз паспорт алды" дегендер бул көбүнчө кайра эле 1994-жылкы паспортторго барып такалат. Ал учурда документтердин коргоочу элементтери аз болчу, жада калса айрым маалыматтар кол менен толтурулчу. Биринчи ошону мыйзамсыз алып, анан кийин жаңы паспортторго алмаштырып алгандар мурда болгон. Ал эми азыркы күндөгү фактылар бул жасалма паспорттор жөнүндө гана болуп жатат.

Алар кандайдыр бир жайда, принтерге окшош жабдуу коюп алып, фотошоптоп, биздин паспортко окшоштуруп документ жасап чыгаргандар. Анан аны алдамчылык менен сатышат. Ал эми биздин мекемеде азыр жок адамдарга же Кыргыз өлкөсүнүн жарандары болбогон адамдарга паспорт берилбейт. Биометрикалык паспортто андай кылууга такыр мүмкүнчүлүк жок. Анткени адам паспорт алыш үчүн анын биометрикалык маалыматтары биздин базада болушу керек, сүрөткө өзү келип түшүшү керек. Калктын реестринде ал биздин жаран катары каттоодо турушу керек. Маселен, чет элдик жаран «мага паспорт бер» деп келсе, бул маалыматтар чыкпаса ага берилбейт. Ошондуктан бизден мыйзамсыз паспорт берүү дээрлик мүмкүн эмес.

Кыргыз өлкөсүндө быйылкы жылдан баштап биометрикалык чет элдик же жалпы жарандык паспорт берүү да башталмак. Бирок ал тендерден кийин чырга жана кылмыш иштерине байланыштуу кармалып келе жатат. Мамкаттоо ал боюнча соттун чечими чыкса, чет элдик документ келерки жылдан тартып берилиши мүмкүн", - деди Мамкаттоонун адиси.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан