КҮНСОБОЛ: Бийликтин дос-туугандарын кызматка коюу илдети канткенде токтойт? (толукталды)

"Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси Эмир Чукуев кызматынан кетип, жетекчинин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Абдималик Бусурманкуловдун дайындалганы талкууга түштү. Анткени анын бир тууган агасы Эмилбек Бусурманкулов учурда өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары болуп иштеп келет. Ошондой эле Бусурманкуловдор да, президент Сооронбай Жээнбеков да кара-кулжалыктар экени талкууга алынды. Ушул себептенби же башкаданбы, айтор, Абдималик Бусурманкулов аэропорттун жетекчисинин милдетин аткаруучу кызматынан алынды.

Буга чейин Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов президенттин агасы Жусупбек Шариповдун күйөө баласы экенин айтуудан баш тартып жүрүп, акыры ачыктаган. Ошондой эле өлкө башчынын кудасынын агасы Ыктыярбек Абжалиев "Мегакомдун" логистика бөлүмүнүн жетекчиси кызматына дайындалып, бир жума иштегенден кийин коомдогу нааразычылыктардан улам өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арызын жазган.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бийликтин дос-туугандарын кызматка коюу илдети канткенде токтойт?" деген собол салды.

БААТЫРБЕКОВ: "Кызматка туугандарды тарткан туура эмес"

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбековдун пикиринде, кайсы бир кызматка бийликтеги адамдын досу сунушталып жатса, анын потенциалын караш керек.

"Дүйнө жүзүндө ушундай маселе бар. АКШнын бир президентинин: "Менин анчалык көп досум жок, бардык эле жерде тартип сактай албайм. Тартипти сактай турган тармактарга досторумду алып келдим, билген кишилерди алып келдим" деген сөзү бар. Бул маселеде биз жаман жагын эмес, жакшы жагын карашыбыз керек. Мисалы, чиновник чогуу иштешип жүргөн, дос болуп жүрүп потенциалын билип туруп, ушул тармакты тарта алат деп койсо дос жагын эмес, ал тармакка татыктуубу, ошол жагын карашыбыз зарыл. Ал эми кызматка туугандарды тарткан туура эмес, анткени Курманбек Бакиевдин убагында "туугандарым акылдуу" деген сөздөр да айтылып кеткен", - деди Баатырбеков.

КАРАМУШКИНА: "Менталитеттеги терс адаттардан баш тартыш үчүн абдан күчтүү, принципиалдуу реформатор жана инсан болуу зарыл"

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаев туугандарын мамлекеттик кызматтарга дайындоого кескин түрдө каршы болгон.

"Атамбаев досторунун суранычтарынан баш тартканы же аларды жазалаганы үчүн бир тобунан алыстаган. Эгер бир эле тууганы кызматка дайындалып, бир жыл ичинде мыкты жыйынтык көрсөтүп, тармакта жылыш байкалса жакшы болмок, бирок мындай мисал жок. Кызматтарга накта кесипкөйлөрдүн келиши үчүн жана өлкөнү жакшы жыйынтыктарга жеткириши үчүн менталитеттеги терс адаттардан баш тартып, туугандары менен урушууга даяр болуу керек. Ал үчүн принципиалдуу реформатор жана инсан болуу зарыл. Даяр адистер болбойт, ал үчүн көп жылдык окуп үйрөнүү жана эмгек керек", - деди Карамушкина.

ТУРДУКУЛОВ: “2 революция тең билими тайкы, бирок бийликке жакын адамдардын кызматка келгенинен келип чыккан”

Жарандык активист Адил Турдукулов президент чарбалык иштерге аралашпоосу керек деген пикирде.

“Бул илдет кыргыз эли үчүн абдан көйгөйлүү нерсе. Себеби 2 революция тең билими тайкы, бирок бийликке жакын адамдардын кызматка отуруусунан келип чыккан. Азыр бешинчи президентти көрүп жатабыз. Анын тууганы, жээни же досу кызматка келсе эле, мурдагы илдеттен улам суроо жаралып жатат. Бул бийлик системинин туура эмес жолдо кетип жатканынан кабар берет. Президент кайрадан чарбалык иштерге аралашып, өлкө президенттик башкарууда жашап жатканын көрсөтүп жатат. Алгач бийлик системин өзгөртүп, бардык башкарууну премьерге толук кандуу өткөрүп бериш керек деген ойдомун. Ошондой эле парламент президенттик аппаратка баш ийбей, өкмөттү толук кандуу көзөмөлдөгөндү үйрөнүшү керек”, - деди Турдукулов.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Мамлекетте сөз эркиндиги бекем болсо, бийлик туугандарын кызматка алып келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт"

Экс-депутат Равшан Жээнбеков бийликтин дос-туугандарын кызматка коюу илдетин токтотууга коом, жарандык активисттер таасирин тийгизе аларын баса белгиледи.

"Массалык маалымат каражаттары же болбосо жөн эле мамлекетте сөз эркиндиги бекем болсо, бийлик өзүнүн жакындарын, туугандарын, өздөрүнө гана баш ийген адамдарын бийликке алып келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Бийлик таасирдүү боло баштап, кызматка сынак менен кесипкөй, татыктуу адамдарды алып келүүгө мажбур болот. Эгерде мен айткан нерселер жок болсо, анда бийлик каалаганын жасаганга мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деди Жээнбеков.

ОСМОНАЛИЕВ: “Жээнбековдун жакындары анын жакшы президент катары тарыхта калышын каалашса, ишине кийлигишкенди токтотушу керек”

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиевдин айтымында, президент тез арада чөйрөсүн тазалашы керек.

“Түркиянын түзүүчүсү Мустафа Кемаль Ататүрккө “үй-бүлө курбайм, мен Түркияга үйлөнгөм” деп айткан сөзү үчүн өз учурунда катуу чабуул коюшкан. Бул сөздүн радикалдуу көз карашы болгону менен, чындыгы бар. Азыркы президент да тууган-урук маселесин ойлонуп көрүп, тез арада айланасын тазалашы керек. Эми бул илдет күчөй берет. Бул Сооронбай Жээнбековго терс таасирин тийгизет. Жакындары Жээнбековдун тарыхта жакшы президент катары калышын каалашса, ишине кийлигишкенди токтотушу зарыл. Азыр кадр дайындоону ачык жолго салбаса, кийин кеч болот. “Кадрлар баарын чечет” деген сөз бекеринен айтылган эмес”, - деди Осмоналиев.

КЕЛДИБАЕВ: “Бүгүнкү күндө жөнөкөй жарандын баласы сот же прокурор болушу кыйын”

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин айтымында, өлкөдө туугандарын кызматка алып келүүгө мыйзам жол бербейт.

“Бирок бийликтеги адамдар ар кандай жол менен алып келе берет. Мисалы, Жогорку Кеңеште депутат болсо, анын баласы облустук, шаардык прокуратурада иштейт. Бүгүнкү күндө жөнөкөй жарандын баласы сот же прокурор болушу кыйын. УКМКга, Бажы кызматына жана башка кызматтарга жөнөкөй үй-бүлөнүн баласы жумушка кире албайт. Жетекчилердин ыйманы болбосо, туугандарын, балдарын кызматка алып келүү өнөкөтү токтобойт. Президенттерибиздин ичинен бир гана Роза Отунбаева туугандарын, жакын адамдарын кызматка алып келген жок. Азыркы доордо тууганын, досторун, бажаларын, жакындарын кызматка алып келүү токтобой жатат. Ал татыктуубу, татыксызбы, баары бир. Буга бийликтеги адамдар этияттык менен мамиле кылуусу керек. Мен Ошто жашайм, Ак Үйдүн 6-7-кабатында отурган кайсы бир таасирдүү адамдардын жакындары, туугандары кайсы бир жерде бөлүм башчы болсо деле, кадр маселелери шаардык, райондук деңгээлдеги маселерди чечип жатат. Мындай көрүнүш Кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет”, - дейт Келдибаев.

БАКЕТАЕВ: "Атамбаев бир дагы тууганын бийликке алып келбей башкарды, бирок өлкөдө коррупция болду"

Саясий серепчи Бакыт Бакетаев Кыргыз мамлекетинде жашаган адамдар баары бири-бирине кандайдыр бир тууган экенин айтып, тууганды кызматка алып келүүдөн мурда өлкөдөгү башкаруу системин өзгөртүү керектигин билдирди.

“Башкаруу системи өзгөрсө коррупцияга жол берилбейт. АКШда демократиянын туу чокусу орногон. АКШнын президенти Дональд Трамптын кызы дагы, күйөө баласы дагы бийликтеги кызмат башчылар. Ал жакта мамлекеттик систем башкача түзүлгөн. Аялын кызматка алып келсе да коррупцияга жол бербейт. Ал эми биздеги мамлекеттик башкаруу системин өзгөртмөйүнчө, кадрларды алмаштыруудан майнап чыкпайт. Себеби өлкөдөгү башкаруу системи коррупциялашып калган.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бир дагы тууганын бийликке алып келбей башкарды, бирок өлкөдө коррупция болду. Мамлекетти башкаруу системин өзгөртүп туруп, мамлекеттик кызматка тууган-досун алып келе берсин. Эгерде башкаруу системи коррупцияга жол берсе, тууганын бийликке алып келүү туура эмес”, - дейт Бакетаев.

ЧОЛПОНБАЕВ: “Дос-туугандарды кызматка коюу илдетин токтотуу үчүн бийлик системин алмаштыруу керек”

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев эл бийликтин ээси болбой жатканын айтты.

“Дос-туугандарды кызматка коюу илдетин токтотуу үчүн бийлик системин алмаштыруу керек. Эл бийликтин ээси болбой жатат. Элдин бийлиги шайлоодо гана көрүнүп, андан кийин соолуп калат. Жогорку Кеңеште элдин өкүлү жок. Мындан улам элдин алдында эч ким отчёт бербей жатат. Эл бийликтин ээси болгондо гана бийликтегилер өздөрүнүн жакындарын кызматка алып келгенге барбай калат”, - дейт Чолпонбаев.

МИСКЕНБАЕВ: "Биз үй-бүлөлүк-кландык-криминалдык режимге кетип жатабыз"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаевдин пикиринде, президент Сооронбай Жээнбеков эч кимге ишенбегендиктен туугандарын кызматка коюп жатат.

"Жээнбеков президент болор алдында "үй-бүлөм ишиме аралашпайт" деп айткан. Биз ошондо "Асылбек Жээнбеков депутаттыктан кетиши керек, үй-бүлөлүк башкаруу болуп калат, жаман сөздөр ээрчийт" деп айтканбыз. Ошондо президент эмне деди? "Жок, менин туугандарым акылдуу болсо, эмне кылайын" деди. Бакиев да ошону айткан. Эми жээндери келип жатат. Жээндерин айтсак, "айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман" дегендей болуп жатат.

Азыр кайра Бакиевдин заманы келди, үй-бүлөлүк-кландык башкаруу болуп, эми криминалдык режимге карай кетип жатабыз. Ар бир президент Алмазбек Атамбаевден үлгү алышы керек, анткени анын бир да тууганы, жээндери кызматка келген жок. Мунун баарын Сооронбай Жээнбеков эске алышы керек болчу. Бир үй-бүлөдөн бирөө же экөө гений болуп чыгышы мүмкүн, бирок кудасы, жээни, таяке-жээни, күйөө балдарынын баары тең гений болушу мүмкүн эмес да. Тарыхта да жок нерсе болуп жатат. Бул өтө өкүнүчтүү, мунун арты жакшылык менен бүтпөйт. Ошондуктан президент өзү чечим кабыл алышы керек, туугандары элди ойлошу зарыл. Президентте эрк болушу керек, бирок Сооронбай Жээнбековдо эркти көрө албай жатабыз. Бул баягы эле Бакиевдин "туугандарым ишеничтүү" деген системи менен келе жатат. Башка ишеничтүү эч кимиси калбай калды", - деди Мискенбаев.

КАЧКЫНБАЕВ: "Туугандарды кызматка коюуну токтотуу механизми дегенде биз тарыхтан сабак алышыбыз керек"

Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев туугандардын бийликке келиши башка өлкөлөрдө дагы бар экенин айтып, бирок ал жактарда шайлоо системи ачык-айкын иштей турганын белгилеп өттү.

"Туугандардын бийликке келиши демократиялык Япония, АКШ мамлекеттеринде дагы бар. Япониянын мурдагы премьер-министринин небереси да кийин премьер болду, Америкада Жорж Буш президент болгондон кийин анын уулу дагы бийликке келди, Билл Клинтондун, кийин анын аялы Хилари Клинтонду айталы. Бирок бул өлкөлөрдө шайлоо процедуралары, шайлоо системи ачык-айкын иштейт. Бирок бизде бул маселеден оозубуз күйүп жатпайбы? Акаев, Бакиев учурунда ушундай болду. Азыркы бийлик мындайды кайталабайбы деген чочулоо болот да. Бүгүнкү күндө президенттин майлуу-сүттүү орундарга туугандарын алып келип жатканын көрө элекпиз. Токтотуунун кандай механизмдери бар дегенде, биз тарыхтан сабак алышыбыз керек. Негизи чечим кабыл ала турган саясий кызматтарда азырынча орчундуу каталар кетип, элге жакпай, кыжырына тие турган учурду азырынча байкай элекмин", - деди Сейтек Качкынбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан