Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүүсүнө президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Анда ал өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жарандык коом ачык, маалымат каражаттары эркин, парламент күчтүү болушу керектигин айтты. Мамлекет башчы бул демократиялык коомдогу негизги баалуулуктар экенин эскертти.
SUPER.KG порталы "Өлкөнүн өнүгүшү үчүн жарандык коом ачык, ЖМКлар эркин, парламент күчтүү болушу керек" деди президент. Азыркы тапта жарандык коом ачык, ЖМКлар эркин, ал эми парламент күчтүүбү?" деген собол салды.
БАЙБАКПАЕВ: "Кыргыз мамлекетиндегидей сөз эркиндиги эч жакта жок"
Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байбакпаев Кыргыз мамлекетиндегидей сөз эркиндиги эч жакта жоктугун айтты.
"Баарыбыз жарандык коом ачык, маалымат каражаттары эркин, парламент күчтүү боло турган жолдо келе жатабыз. Кудай буюрса, болот. Мен президенттин айтканын колдойм. Өлкөнүн өнүгүшү үчүн жарандык коом ачык, ЖМКлар эркин, парламент күчтүү болушу зарыл. Кыргыз мамлекетиндегидей сөз эркиндиги эч жакта жок. Биздин парламент күчтүү. Дагы иштеп чыгуу керек", - дейт Байбакпаев.
СУЛТАН: "Сооронбай Жээнбеков айткан пикирдин өзү өтө эле примитивдүү"
Мурдагы элчи Кылычбек Султан азыркы учурда Сооронбай Жээнбековдо жарандык коом менен парламенттин күчтүү болушун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркин болушун камсыздай ала турган жетиштүү бийлик бар деген пикирде.
"Негизинен, бул пикирдин өзү өтө эле примитивдүү. Дүйнөдө аталган критерийлерге жооп бербеген, бирок, өнүгүү жагынан алдыңкы орундарда турган мамлекеттер бар. Ал эми биздин өлкөдө, тилекке каршы, өнүгүү да жок жана ошол айтылган демократиянын белгилери да жоголуп бара жатат.
Баарынан күлкүлүүсү ушуларды айтып жаткан адам өзү эң биринчи кезекте өлкөнүн өнүгүүсүнө жооптуу. Анткени азыркы учурда Сооронбай Жээнбековдо жарандык коом менен парламенттин күчтүү болушун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркин болушун камсыздай ала турган жетиштүү бийлик бар. Ал эми андай болуш керек, мындай болуш керек деп айтып коюу катардагы жарандын деле колунан келет", - дейт Кылычбек Султан.
НЫШАНОВ: "Парламент ойдогудай күчтүү боло элек"
Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов парламент күчтүүбү же жокпу эл айтышы керектигин белгиледи.
"Маалымат каражаттары Орто-Азия өлкөлөрүнүн ичинде эркиндик боюнча алдыда. Ал эми парламент ойдогудай күчтүү боло элек. Бүгүнкү күнү парламентке өтүү боюнча босоголук чек тууралуу талкуу болуп жатат. Көпчүлүк босоголук чек 3-5-7 пайыз болуш керек деп жатат. Канча көп фракция келген сайын жоопкерчилик жоголот экен. Мисалы, бүгүн 6 фракция бар. Премьер-министр кызматтан кетсе жооп бере турган адам жок. Жарандык коом жөнүндө айта турган болсок, бул боюнча маселе деле жок. Себеби жарандык коом ачык", - дейт Нышанов.
КАДЫРБЕКОВ: "Бүгүнкү күнү парламенттин күчтүү болушуна шарт жок"
Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков парламентти эл шайлабай, партиянын лидерлери шайлап жатат деген пикирде.
"Парламенттин күчтүү болушуна шарт жок. Парламентти эл шайлабай, партиянын лидерлери шайлап жатат. Ким депутат болорун партиянын лидерлери чечет. Эл өзүнүн шайлоо укугунан ажырап калды. Аларга партияларга добуш берүү бир эле мүмкүнчүлүгү калды. Демек, элди шайлоо укугунан ажыратып койгондон кийин ким депутат болорун партиянын лидерлери чечип жаткандыктан, ар бир орун сатылып калгандыктан, келечекте парламентте жалаң акчалуу адамдар болуп калышы мүмкүн. Алар өздөрүнө жараша адамдарды, өкмөт мүчөлөрүн шайлашат.
Жарандык коом ачык болуп, өз пикирлерин айтып жатат. Бирок алардын ою сыртта калууда", - дейт Кадырбеков.
КЕЛДИБАЕВ: "Бүгүнкү күнү жарандык коом ачык болуп, өздөрүнүн ой-пикирлерин билдирип жатышат"
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев маалымат каражаттары эркин эмес деген ойдо экенин билдирди.
"Жарандык коом ачык болуп, өздөрүнүн ой-пикирлерин билдирип жатышат. Маалымат каражаттары эркин эмес. "Апрель" каналы жабылып калды. Бул дагы сөз эркиндигине болгон куугунтук. Ал эми парламент күчтүү болуш керек деп айтканы туура. Бирок азыркы тапта парламент күчтүү деп айта албайм. Алар өздөрүнүн ой-пикирин ачык билдире албайт. Бүгүн парламентти күчтүү деп айтканга негиз жок. Кийинки келе турган парламент күчтүү болот деген ойлор бар", - дейт Келдибаев.
СУЛТАНБЕКОВ: "Парламенттин бул чакырылышы элдин үмүтүн актаган жок"
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбековдун айтымында, парламент элдин эмес, президенттин таламын талашып келе жатат.
"Президент жарандык коомдун ачыктыгын талап кылуудан мурда өзү мамлекеттик органдарды ачык-айкын иштетүүгө кадамдарды ташташы керек. Бүгүн мисалы, эл укук коргоо органдарына, Бажы кызматына, сотторго дагы ишенбейт. Демек, бул президенттин деңгээли. ЖМКлар эркин болушу керек деп Жээнбеков эки жүздүүлүгүн көрсөтүп жатат. Президенттин сүйлөгөнү башка, кылганы башка экенине эл көнүп деле калды. Азыр телеканалдар жабылып, гезиттерге кысым жасалып жатат. Өз оюн айткандар камалып жатканы эч кимге сыр деле эмес. Парламент жөнүндө айта турган болсок, бул чакырылыш элдин үмүтүн актаган жок, элдин эмес, президенттин таламын талашып келе жатат", - дейт Султанбеков.