КҮНСОБОЛ: ИИМ өлкөдө уюшкан кылмыштуу топ жок деди. Ишенесизби?

Бүгүн, 21-ноябрда ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов маалымат жыйында Кыргыз өлкөсүндө уюшкан кылмыштуу топ жок экенин айтты. Ал бүгүнкү күндө ИИМ уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн эсебин жүргүзө турганын белгиледи. Бирок бул сандар ички иликтөө үчүн гана колдонула турганын кошумчалады. Министрдин бул сөзү коомчулукта талкууга түштү.

Мындан улам SUPER.KG порталы "ИИМ өлкөдө уюшкан кылмыштуу топ жок деди. Ишенесизби?" деген собол салды.

ЖЭЭНЧОРОЕВ: "Өлкөдө уюшкан кылмыштуу топ бар. Аны менен күрөшүү керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев уюшкан кылмыштуу топ мамлекеттин коопсуздугуна шек жаратат деген оюн билдирди.

"Кыргыз мамлекетинде уюшкан кылмыштуу топтор бар. ИИМде атайын каттоодо турган топтун мүчөлөрү бар. ИИМ бизге уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн санын айтып турат. Балким, министрдин орун басары суроону түшүнбөй калса керек. ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы дагы бар. Уюшкан кылмыштуулук топ мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирет. Алар менен күрөшүү керек", - дейт Жээнчороев.

СУРАБАЛДИЕВА: "Уюшкан кылмыштуу топтор бар экенин элдин баары билет"

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиеванын айтымында, ИИМ өздөрүнүн айткан сөздөрүнө каршы чыгып жатышат.

"Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү элди кыдырып, ишкерлерди аралап, жарандарыбыз менен жолугуп, маалыматтарды алып сураштырса уюшкан кылмыштуу тооп тууралуу эле эмес, милицияда иштеген кызматкерлери жөнүндө көп маалымат ала алат. Уюшкан кылмыштуу топтор бар экенин элдин баары билет. ИИМдин маалымат кызматы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды деп өздөрү маалымат берип жатышат. ИИМ өздөрүнүн сөзүнө өздөрү каршы чыгып жатат", - дейт Сурабалдиева.

АСАНОВ: "Өлкөдө уюшкан кылмыштуу топ жок деп айткан министрдин орун басары тез арада кызматынан бошотулушу керек"

Саясатчы Бектур Асанов өлкөдө уюшкан кылмыштуу топ бар экенин айтты. "Өлкөдө уюшкан кылмыштуу топ жок деп айткан министрдин орун басарын тез арада кызматтан бошотуу керек. Бул ички иштер министринин чабалдыгын, кылмыштуу топтун алдында алсыздыгын көрсөтөт. Мүмкүн алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн акча алып турушат. Кыргыз мамлекетинде уюшкан кылмыштуу топ бар. Дүйнөлүк кылмыштуу топтун филиалдары бар деп айтсак болот", - дейт Бектур Асанов.

СООРОНКУЛОВА: "Министрдин орун басары уюшкан кылмыштуу топ деп жооп бергенде дагы көп суроолорго жооп берип калмак"

Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова министрдин орун басары мындай кескин жооп бергенин башка суроолорго жооп бербөөнүн амалы катары кабыл алганын айтты.

“Уюшкан кылмыштуу топ жок деген жоопко ишенүү албетте, кыйын. Мисалы, учурда биз кылмыштуу топторду гана эмес, аларды ким жетектегенин, алар тууралуу толук маалыматтар баарыбызга белгилүү да. Ким ким менен тирешип, ким кимди жок кылып жатканынан бери маалыматтар бар.

Эгер министрдин орун басары “бар” деп жооп бергенде, канчасы кармалды, канчасы жазаланды деген толгон суроолорго жооп бериши керек болуп калмак. Ал эми ал андай суроолорго жооп бере албайт болчу. Себеби кылмыштуу топтор менен учурда эч кандай күрөш жүргөн жок. Айрым кызматкерлери да алар менен аралашып кетип жатпайбы. Кескин жооп бергенин мен башка суроолорго жооп бербөө амалы катары бааладым”, - деди Сооронкулова.

ТУРДУКУЛОВ: "Каниметовдун өлкөдө уюшкан кылмыштуу топ жок деп айткан сөзү анын сабатсыздыгынан, өлкөдө болуп жаткан көйгөйлөрдү билбегендигинен кабар берет"

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов өлкөдө уюшкан кылмыштуу топ жок экенине көптөр ишенбейт деген пикирде.

"Уюшкан кылмыштуу топ болбосо, анда ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын эмне кереги бар? Бул сөзгө көптөр ишенбейт болушу керек. Анткени уюшкан кылмыштуу топтор дайыма кыргыз бийлиги менен чырмалышып, керек болсо саясатка да аралашкан учурлары боюнча көптөгөн мисалдарды билебиз. Бул нерсе азыр дагы уланып жатат. Депутат болуп шайланган, бийлик органдарына абдан чоң таасир эткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү элге маалым. Ички иштер министринин орун басары эмне үчүн минтип айтып жатканы мага түшүнүксүз. Ал бул сөз менен өзүнүн сабатсыздыгын, өлкөдө болуп жаткан көйгөйлөрдү билбегендигинен кабар берет", - дейт Турдукулов.

ШЕСТАКОВ: "Ички иштер министринин өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жок дегенин тамаша катары эле кабыл алуу керек"

Саясат таануучу Игорь Шестаков мындай жооптор бир гана жылмаюуну пайда кылат деп билдирди. “Министрдин орун басары каалаганын чындыкка алмаштырып алды. Бул жооп болгону жүзүбүздө жылмаюуну гана пайда кылат. Казакстанда биздин депутат кармалганда ал уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү деп көп айтылган. Эгер андай топтун мүчөсү бийликте отурган болсо эмне жөнүндө айтышыбыз керек? Бул жоопту тамаша катары гана кабыл алуу керек деген пикирдемин”, - дейт Шестаков.

МАМЫТКАНОВ: "Уюшкан кылмыштуу топтор бар болгону үчүн биз ИИМди кармап отурабыз"

УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов уюшкан кылмыштуулук жок болсо ИИМдин эмне кереги бар дейт. “Министрдин орун басары уюшкан кылмыштуу топ жок деп жооп берип жатса, анда ал ИИМде иштебей калган го. Эгер анын жообуна ишене турган болсок, рекетчилик жок экен, базарларда акча чогултулбай жатыптыр, андай болсо мал уурдагандардын акчасы кайсыл жакка кетип жатыптыр? Министрдин орун басары жок десе эле кылмыштуулук жок болуп калат экенби? Андай болсо бизге ИИМдин эмне кереги бар деген суроо туулат. Адамдарды өлтүрүп жатат, аларды кылмышкерлер өлтүрбөгөндө кимдер кылып жатат? Бул жоопко ишене турган болсок бул ИИМ жок дегенге барабар. Уюшулган кылмыштуу топтор бар болгон үчүн биз ИИМди кармап отурабыз”, - деди Мамытканов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан