Июнь айында бир нече саясатчыга кылмыш иштери козголуп, камакка алынды. Алардын көбү экс-президенттин айланасындагылар. Айрымдар "саясий куугунтук болуп жатат" деп айтышса, башкалар "коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат" деп билдиришүүдө.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Бийлик элди саясий куугунтук эмес, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жатканына кантип ишендире алат?" деген собол салды.
МАДУМАРОВ: "Жаңы бийликтин кылмышы эски бийликтикинен көбүрөөк болушу мүмкүн"
"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров учурдагы камоолорду мыйзамдуулукту сактоо үчүн күрөш деп баалоого болбой турганын айтты.
"Соңку бир нече жылдан бери элдин бийликке болгон ишеними жокко эсе болуп калды. Элдин ыдырап баратканынын бирден-бир белгиси элдин сотко, Жогорку Кеңешке, өкмөткө, президентке ишеним көрсөтпөй жатканында. Жадакалса азыр муфтиятка да ишеним көрсөтпөй калышты. Бүгүнкү күндө түзүлгөн кырдаал өтө коркунучтуу.
Тилекке каршы, соңку 6 жылдык Атамбаевдин мезгилинде коррупцияга каршы катуу күрөшүп жатабыз деген ураан астында келишкен. Жарым жылдан бери коррупцияга каршы күрөшөбүз деп кыйкырып жаткандардын өздөрү коррупцияга белчесинен батып калганын көрүп жатабыз. Кеп кимди камап жатканында эмес, кеп эмне үчүн камап жатканында. Азыр четинен аткаминерлерди алып барып камап койсоң эч жаңылбайсың. Бирок маселе анда эмес.
Камап жаткандар кимдер? Камалып жаткандардан эмне айырмасы бар? Бир эле айырма бар. Камалып жаткандар кечээ бийликте эле, камап жаткандар болсо бийликте эмес болчу. Бирок экөөнүн айырмасы барбы? Жок! Экөөнүн кылмышы бирдейби? Албетте, бирдей. Мүмкүн жаңы бийликтики көбүрөөк болушу мүмкүн. Азыр маселе коррупцияга каршы күрөш жөнүндө болуп жаткан жок. Бүгүн "Мына мен бийликке келдим, менин айтканым болот, ким мага жакпаса, аны камайм" деген саясат жүрүүдө. Бизде мыйзамдуулукту орнотуу үчүн күрөш болуп жаткан жок. "Эми менин кишилерим келди. Сенин кишилериң менен эсептешет" деген көрүнүш болуп жатат. Ишенимди кайтаруу үчүн алкымы таза, ою таза, кесипкөй азаматтардан элдик өкмөттү кураш керек. Кечээ Атамбаевдин өкмөтү, бүгүн Жээнбековдун өкмөтү эмес, кыргыз элинин өкмөтү дегенди пайда кылуу зарыл. Башка жол жок. Азыр бийликтен эл нан сурабай жатат. Адилеттүүлүктү гана талап кылууда", - деди Мадумаров.
ЧОЛПОНБАЕВ: "Алмазбек Атамбаевдин жоопкерчилиги жөнүндө маселе көтөрүлсө, эл накта коррупцияга каршы күрөш башталганына ишенет"
Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев азыркы президент келгенден бери бир топ кызматкерлер камакка алынып жатканын белгиледи. "Ар кайсы басылмалар, саясий партиялар азыркы учурда "эч кандай коррупцияга каршы күрөшүү болгон жок, жалган жалаа жабылды" дегендей сөздөрдү айтып жатышат. Биздин көз карашта алардын ойлору туура эмес. Себеби мурдагы премьер-министр Сапар Исаков КСДП төрагасынын орун басары болгону менен чоң чуулгандуу маселелер боюнча кылмыш иши козголгонун баарыбыз көрүп турабыз. Оор кылмыш кылган адамдарды камакка албай коюу бийликтегилердин алар менен кызматташып кеткендигине алып барышы мүмкүн. Булар саясий багытына жараша эмес, кылмыш жасаганы үчүн камакка алынып жатат.
Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев мурда премьер-министр болгону менен эч бир партияга тиешеси жок. Бир дагы саясий партияга тиешеси болбосо, бул киши бийликтин же башка жогорку органдарга сын-пикир айтпаса, анын камалышын саясий куугунтук деп айтууга болбойт. Камалып жаткан адамдардын баары КСДПдан болуп жаткандыгы саясий куугунтук деп эсептөөгө болбойт. Анткени КСДП бийликтин партиясы катарында турат. КСДПнын төрагасы мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүндө ал мамлекет башчы болуп турганда ага баш ийген адамдардын кылган кылмыштарынын бардыгы жеке анын буйругу менен жана аны менен макулдашылып жасалгандыгы айтылган. Бул чоң далил болуп турат. Ошондуктан Алмазбек Атамбаевдин жоопкерчилиги жөнүндө маселе көтөрүлсө, элдин баары накта коррупцияга каршы күрөш башталды деп ишенет эле", - деди Чолпонбаев.
ИКРАМОВ: "Бүгүнкү күндө эч кандай саясий куугунтук жок"
Жогорку Кеңештин эркин депутаты Тазабек Икрамов бүгүнкү күндө эч кандай саясий куугунтук жок деген пикирде. "Сотторго мурдагыдай жогору жактан кийлигишүү, кысым жок. Судьялар өздөрүнүн иштерин алып барып жатат. Мамлекетке келген насыялар боюнча коррупциялык систем чыгып жатат. Бул боюнча куугунтук деп айтпайт элем. Бүгүнкү күндө саясий куугунтук жок. Эгерде куугунтук болсо оппозициялык партиядагылардын жетекчилерин камайт эле. Азыр болсо бийликтин партиясынын мүчөлөрү камалып жатат. Бул жерде чыныгы коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат", - деди Икрамов.
РЫСАЛИЕВ: "Коррупцияга каршы күрөштүн белгилери байкалууда"
"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Зарылбек Рысалиевдин айтымында, үстүдө калкып турган коррупционерлердин бардыгы камалып жатат. "Элдин оозунда жүргөн коррупционерлер камалууда. Ошолордун күнөөсү далилденип, күзүндө сотто алардын күнөөсү аныкталса, бул коррупцияга каршы күрөш экенине ишенебиз. Бүгүнкү күндө тергөө иштери болуп жатат. Бул дагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн белгиси", - деди Рысалиев.
БААТЫРБЕКОВ: "Коррупцияга каршы күрөш болуп жатканын баары эле көрүп турат"
Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбековдун айтымында, учурда чын эле коррупцияга каршы күрөш жүрүүдө. "Саясий куугунтук эмес, коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканын тергөө бүткөндөн кийин сот гана чечип, чекит коёт. Менимче, коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканын баары эле көрүп турат. Мен билгенден жакында камакка алынган экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев партияда иштеген эмес. Учурда ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча эле иш алып барылууда", - деди Баатырбеков.
КАРАМУШКИНА: "Коррупциялык иштер боюнча бардык соттук отурумдар түз эфирде көрсөтүлүшү керек"
КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина бийлик элди коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жатканына 5 жол менен ишендире ала турганын айтты.
"Биринчиден, коррупциялык иштер боюнча бардык соттук отурумдар түз эфирде көрсөтүлүшү керек. Эл тергөө кандай жүргөнүн жана сот кандай чечим чырганын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу зарыл.
Экинчиден, жетекчилик кызматтарга адамдар тааныш, туугандык же кайсы бир партияга мүчөлүгүнө карап эмес, Мамлекеттик кадр кызматынын талабына ылайык билими жогору таза кадрлар дайындалышы керек.
Үчүнчүдөн, ар бир чоң аймакта жарандар коррупциялык фактылар тууралуу айта ала турган ишеним телефондору болуш керек, бирок арыздануучу жалган маалымат айтса, ал жоопко тартылыш керек.
Төртүнчүдөн, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы, Каржылык чалгындоо кызматы, мамлекеттик көзөмөлдөө менен түз эфирлер жүргүзүлүп турушу зарыл. Мындан тышкары коррупциянын алдын алуу боюнча мыйзамдар түшүндүрүлүш керек, анткени жарандардын көбү пара сунуштаганы аларды эмне күтөрүн билишпейт.
Бешинчиден, элдик көзөмөлдөө Коррупцияга каршы кызматы менен биргеликте бардык мамлекеттик кызматкерлердин жана алардын туугандарынын бизнес мүлктөрүн жана турак жайларын текшериши керек", - деди Карамушкина.
АРТЫКОВ: "Саясий куугунтук болуп жатат" дегенден алысмын"
КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков июнь айында камалган саясатчылар боюнча саясий куугунтук деп айтканга негиз көрбөй жатканын айтты. "Бул боюнча тийиштүү органдар карап чыгат. Бийлик коррупцияга каршы күрөшүп жатат. Саясий куугунтук болууда" дегенден алысмын. Коомчулуктун көпчүлүгү бийликтин коррупция менен күрөшүп жатканын колдоодо", - деди Артыков.
Аталган собол менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго, КСДП фракциясынан депутат Асел Кодурановага кайрылганыбызда алар ар кандай себептер менен жооп бере алышкан жок.