Кыргыз өлкөсүндө эртеңден баштап төрт күн катары менен эс алуу күнү болот. Соңку эки жылдан бери 7-8-ноябрь күндөрү Кыргыз өлкөсүндө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленет. Коомчулукта Кыргыз мамлекетинде майрам күндөрү көп экени сынга алынып келет.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Жыл ичинде 14 майрам белгиленет. Кыргыз өлкөсүнө ушунча көп эс алуу күндөрү керекпи?" деген собол салды.
БАКИРОВ: "Кээ бир майрамдарды бириктирип белгилесе туура болот"
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров кайсы майрам ашыкча болуп жатканын талкуулоо керектигин айтты. "СССР убагынан бери белгиленип келе жаткан майрамдар бар. Эгемендүүлүктү алгандан кийин эгемен мамлекет катары белгиленип калган майрамдар да бар. Албетте, майрамдын болуп турганы жакшы, бирок жыл ичинде бизге 14 майрам көптүк кылат. Кээ бир майрамдарды бириктирип белгилесе туура болот.
Мусулман калк болгондон кийин Курман айт сыяктуу майрамдарыбыз дагы бар. Ашыкча майрамдарды талкуулашыбыз керек. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу бизде эс алуу күндөр көп болуп калган учурлар болот", - дейт Мирлан Бакиров.
МОМБЕКОВ: "Календарда кызыл менен белгиленген 14 күн мамлекет үчүн көптүк деле кылбайт"
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков мааниси жок майрамдардын бардыгы алынып салынганын айтты.
"Менин оюмча, бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан календарда кызыл менен белгиленген күндөрдүн макамы бар. Ошондуктан бул нерсени туура эле деп эсептейм. Мааниси жок майрамдардын бардыгы алынып салынган. Азыркы күндөгү календарда кызыл менен белгиленген 14 күн мамлекет үчүн көптүк деле кылбайт", - дейт Момбеков.
ТУРСУНБЕКОВ: "Майрамдарды азайтуу керек. Азыр иштей турган мезгил"
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков майрамдарды азайтуу керектигин айтты.
"Менин оюма койсо, бир да эс алуу күнү кереги жок эле. Иштеш керек. Азыр иштей турган мезгил. Майрамдарды азайтуу зарыл. Бул боюнча депутаттар, өкмөт дагы сунуш киргизсе болот", - дейт Чыныбай Турсунбеков.
БЕКЕШЕВ: "Биздин өлкөдө саясий майрамдар көп"
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өлкөгө саясий майрамдар эмес үй-бүлө менен майрамдала турган майрамдар керек деген пикирде. “Эгер ачык айта турган болсом, биздин өлкөдө саясий майрамдар көп. Ал майрамдарды эч ким үй-бүлөсү менен отуруп деле майрамдабайт. Саясий майрамдар бул 23-февраль, 1-май, 31-август, эми ага 7-8-ноябрь да кошулду. Мисалы, Жаңы жыл үй-бүлө менен белгиленчү майрам, аны көптөр күтөт.
Мен 2016-жылы мыйзам долбоорун сунуштагам, анда 5-май, 23-февралды жана 7-ноябрды жоюп, үй-бүлөлүк майрамдарды киргизели деп сунуштагам. Мисалы, Энелер күнү деп, аны баары үй-бүлөлөрү менен белгилешмек. Бирок 2017-жылы бул мыйзам долбоорун экинчи окууда кароодо "болбойт" дешип 7-8-ноябрды эс алуу күн деп жарыялап өзгөртүп салышкан”, - дейт Бекешев.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Майрамдар болушу керек, бирок мынчалык көп эмес"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков өлкөдө ашыкча майрамдар көп деген пикирде. "Адатта ар бир эле өлкөдө улуттук, мамлекеттик, кесиптик майрамдар белгиленет. Бирок биздин өлкөдөгүдөй мынчалык деңгээлде көп болгону туура эмес деген пикирдемин.
Биздин мамлекетибизде эмгектин өндүрүмдүүлүгү ансыз да төмөн, бирок ага карабастан биз майрамдарды көбөйтүп алганбыз. Албетте, майрамдар болушу керек бирок мынчалык көп эмес. Колубуздан келишинче алардын санын кыскартуу керек деп ойлойм", - дейт Жээнбеков.
ШЕСТАКОВ: "Өлкөдө белгиленип жаткан майрамдардын 60-70 пайызын жоюп салса болот"
Саясат таануучу Игорь Шестаков учурда өлкөнүн оор социалдык-экономикалык абалын эске алуу менен майрамдардын санын кыскартуу керек деген пикирде. “Бул майрамдар, эс алуу күндөр мамлекеттик мекемелерде иштегендерге гана тиешелүү. Себеби бизнес жана жеке сектор майрамсыз жана дем алышсыз иштейт. Карапайым калктын майрамдар менен иши да жок, алар эптеп жашашы керек, ошол себептен тынымсыз иштөөгө туура келет.
Учурдагы өлкөнүн оор социалдык-экономикалык абалын эске алуу менен майрамдардын санын кыскартуу зарыл. Себеби бул нерсенин баары мамлекеттин өнүгүүсүнө, мамлекеттик мекемелердин ишмердүүлүгүнө эч кандай оң таасирин бербейт.
Советтер Союзу маалында 5-6 эле майрам болгон, Жаңы жылды белгилөөгө 1-январь күнү эле берилчү, андан сырткары 7-ноябрь, 1-май, 8-Март эле белгиленчү. Ал эми учурда биздин майрамдай тургандай себептерибиз деле жок. Ооба, майрам болсун, бирок ал күндү кызыл кылып эс алып жатып албай мамлекеттик мекемелердин баары, мамлекет өзү иштеши керек. Учурдагы 60-70 пайыз майрамдарды жоюп салса деле болот. Жаңы жылды, Конституция күнүн, Эгемендүүлүк күнүн, Ноорузду белгилеп, 15 майрамдын ичинен беш-алтоону гана калтырып койсо болот. Азыркы абалыбыз менен аткаминерлердин баары майрамсыз, дем алышсыз иштеши керек", - дейт Шестаков.