КҮНСОБОЛ: Саясий партияларды мамлекеттик казынадан каржылай турган мыйзам долбоору комитеттен колдоо таап, палатага сунушталганы жатат. Саясий партиялар бюджеттин эсебинен каржыланышы туурабы?

Шайлоочулардын 2 пайыз добушун алган саясий партиялар шайлоо күрөөнүн эсебинен каржыланганы жатат. Мыйзамга ылайык, шайлоого катышуу үчүн партиялар 5 миллион сомдон турган шайлоо күрөөсүн беришет. Шайлоочулардын 5 пайыздык добушун алган партияларга күрөө кайтарылат, ал эми жогорудагы чектен өтпөй калгандардын күрөөсү бюджетке которулат. Мыйзам долбоорунун авторлорунун айтымында, дал ушул акчанын эсебинен шайлоочулардын 2 пайыз добушун алган саясий партиялар каржыланмакчы. Бул мыйзам долбоору комитеттен колдоо таап, палатага сунушталганы жатат.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Саясий партияларды мамлекеттик казынадан каржылай турган мыйзам долбоору комитеттен колдоо таап, палатага сунушталганы жатат. Саясий партиялар бюджеттин эсебинен каржыланышы туурабы?" деген собол салды.

СУЛАЙМАНОВ: "Саясий партиялардын мамлекет тарабынан каржыланышы туура эмес. Буга эл каршы болот"

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов эл бул мыйзам долбооруна каршы боло турганын айтты.

"Саясий партиялардын мамлекет тарабынан каржыланышы туура эмес болуп калат. Каршы боло турган себептер көп. Каржы маселеси тартыш, саясий партиялар ага даяр эмес. Негизгиси эл өтө каршы болот. Эл менен эсептешпеген бул туура эмес деп эсептейм", - дейт Сулайманов.

БАКИРОВ: "Саясий партияларды мамлекеттик казынадан каржылай турган мыйзам долбоору келечекте керек"

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров бул мыйзам долбоору керек деген пикирин билдирди.

"Бул мыйзам долбоору саясий партиялар жөнүндөгү жаңы мыйзам. Учурда эски мыйзамды колдонуп жатабыз. Азыркы мыйзам 1999-жылы кабыл алынган. Андан бери 21 жыл өтүптүр, моралдык жактан эскирди. Бул жерде мамлекеттик каржылоодон сырткары бир топ жакшы жактары бар. Саясий партиялардын сапаттуу, салмактуу болушуна шарт түзөт, каражаттарын ачык-айкын көрсөтүү сымал жакшы жактары бар.

2015-жылдагы парламенттик шайлоону ала турган болсок. Шайлоого 14 партия катышты. 6 партия 7 пайыздык босогодон өттү. 2 партия 5 пайыздык босогодон өтүп, 5 миллион сомдук күрөөсүн алышты. Кийинки партиялар 2 пайыздан өтүп, шайлоочулардын добушуна ээ болгон. 2 пайыз добуш алган партияларда мамлекеттик каржылоо болуш керек. Тилекке каршы, 5 пайыздык босогону да багындыра албай жеңилген партиянын күрөөсү БШКда калууда. Мына ушул каражатты кайра саясий партияларга уюштуруу иштерин камсыз кылганга аз да болсо колдоо көрсөтүү шарт. Жалпы Кыргыз мамлекети боюнча 243 партия бар. Ошол 243 партияны каржылайт деген пикирлер айтылып жүрөт. Бул туура эмес. Шайлоочулардын 2 пайыз добушун камсыз кылган саясий партияларга каржылоо болушу керек деген ой айтылып жатат. Бул башка мамлекеттерде бар.

Талкуулар көргөзгөндөй, жаңы мыйзамдар керек. Келечекте сапаттуу, салмактуу партияларды түптөсөк, ал жыйынтыгында парламенттин курамын түптөйт, парламент өкмөттү түптөйт. Мындайча айтканда, бири-бирине байланышкан комплекстүү маселе. Ошондуктан бул мыйзам долбоору келечекте керек. Бул мыйзам кабыл алынса нормасы 2026-жылдан тартып иштейт", - дейт Бакиров.

ШЫКМАМАТОВ: "Бул мыйзам долбооруна каршымын. Азырынча бул кадамга баруу эрте"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов бул мыйзам долбооруна каршы экенин айтты.

"Туруктуу партиялары бар, партиялык түзүлүшү калыптанган, парламенттик демократия өнүккөн мамлекеттерде ушундай практика бар. Бирок бул бизге азырынча жарашпайт. Анткени биздин партиялардын бардыгы коррупцияга белчесинен баткан. Бизде партияларда саясатчылар туруктуу идеологияны карманган, принципиалдуу эмес. Алар бүгүн бир партияда, эртең башка партияда болуп, ар бир шайлоо сайын партияларын өзгөртүп жатат. Бул өтө туура эмес. Идеологиялык түшүнүк жок.

Элдер азыр партиялык түзүлүшкө, партиянын калыптануусуна кыжырданып, экономикалык абал жакшы эмес болуп турганда, башка бир муктаждыктарга акча жетпей жатканда олигархтардын партиясына элдин эсебинен акча төлөп берүү деген өтө туура эмес.

Бул мыйзам долбоору өтпөйт, өтсө дагы президент кол койбойт деп толук ишенем. Мындай эреже калыптанса эл таптакыр эле жерге түкүрөт. Бул эреже боюнча парламентке өтүп келген партиялар каржыланат. Парламентке акчасы көп байлар келет. Байлар келип, партиясын кайрадан элдин эсебинен каржылаганы адилеттүүбү? Эгерде партиялык коррупция болбой, парламентке карапайым партиялар келсе, мамлекет жардам берсе бир жөн эле.

Бул деңгээлге качандыр бир кезде, балким, 10, 20 жылдан кийин жетебиз. Бирок азыр бул кадамга баруу эрте", - дейт Шыкмаматов.

АСАНБЕКОВ: "Азыркы оор кырдаалда Кыргыз мамлекетинде саясий партияларды каржылоо чечимдерин кабыл алууга эрте"

Саясий ишмер Темирбек Асанбеков Кыргыз мамлекетинде бул демилгени кабыл алуу эрте экенин айтты.

"Өтө изилденип, иштелип чыккан эрежелердин чегинде партияларды каржылоо өнүккөн өлкөлөрдө бар. Бизде социалдык катмардын кызыкчылыгын коргогон, өзүнүн саясий идеологиялык, экономикалык принциптерин туруктуу көрсөтө алган партиялар жокко эсе. Көпчүлүгү жеке кызыкчылыктарын көздөгөн жарандардын мамлекеттик формалдуу юридикалык каттоодон өтүп алышып, саясий партиябыз деген атка жамынып, коомчулукту адаштырып жаткан уюмдар.

Парламенттеги партиялар да туруксуз, саясий конъюнктурага жараша тез эле түлкүдөй болуп өзгөрүшүп, саясий туруктуулугун көрсөтө алышпайт. Ошондуктан жалпы эл арасында чыныгы саясий партия уюмдарынын үлгүсүн, иш жыйынтыктарын көрө алышпай, нааразычылык көп. Экономикалык абалыбызда да ашыкча каражат бөлүү мүмкүнчүлүктөрү жок.

Ошол себептен, азыркы оор кырдаалда Кыргыз мамлекетинде саясий партияларды каржылоо чечимдерин кабыл алууга эрте", - дейт Асанбеков.

КАЧКЫНБАЕВ: "Саясий партиялар бюджеттин эсебинен каржылана турган болсо, анын коркунуч жагы бар"

Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев саясий партиялар бюджеттин эсебинен каржылана турган болсо, анын коркунуч жагы бар деген пикирде.

"Мыйзам долбоорунун жол-жоболорун окуй элекмин. Мыйзам тууралуу айта албайм. Саясий партиялар бюджеттин эсебинен каржылана турган болсо, анын коркунуч жагы бар. Бул КТРК сыяктуу арзымат партия болуп кетиши мүмкүн. Дүйнөлүк практикада бюджеттин эсебинен каржыланып жатат дегенди уга элекмин", - дейт Качкынбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан