2017-жылы президенттик шайлоодон кийин чыгып кеткен экс-депутат Өмүрбек Бабанов быйыл 9-августта Кыргыз өлкөсүнө кайтып келген. Ал азыркы учурда УКМКга жана Финполго сурак берип жүрөт. Ал эми эки жыл мурун "коррупция" беренеси боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган Өмүрбек Текебаев кечээ, 29-августта үй камагына чыкты. Быйыл 21-августта Жогорку Сот Текебаевге карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылып, жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилсин деген чечим чыгарган.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Бабанов келди, Текебаев чыкты. Эми Кыргыз саясатындагы оюндардын жүрүшү өзгөрөбү?" деген собол салды.
БАКИРОВ: "Алар конструктивдүү саясий багытын уланта тургандай ой калтырып жатат"
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров эки инсандын саясатта орду өзгөчө экенин айтты. "Өмүрбек Текебаевдин саясатта, парламентаризмди өнүктүрүүдө орду өзгөчө, партиянын лидери. Бабанов дагы партияны жетектеген, премьер-министр болгон. Алардын саясий кырдаалга таасири тиет деп ойлойм. Бирок эки лидердин журналисттерге берген жоопторуна караганда, алар конструктивдүү саясий багытын уланта тургандай ой калтырып жатат. Ошол өңүттө кетсе туура болот. Парламенттик шайлоо жакындап жатат. Бир эле алар эмес, башка саясий партиянын лидерлери, саясий күчтөр ар кандай даярдык көрүү камында жүрөт. Парламенттик шайлоого карата саясий кырдаал алар келеби же келбейби, чыгабы же чыкпайбы албетте, өзгөрүп, курч болот деген ойдомун", - дейт Мирлан Бакиров.
САБИРОВ: "Өлкөгө саясий стабилдүүлүк керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров азыркы учурда саясий стабилдүүлүккө чоң кадамдар ташталып жатат деген пикирде. "Өлкөгө саясий стабилдүүлүк керек. Менин оюмча, азыркы учурда саясий стабилдүүлүккө чоң кадамдар ташталып жатат. Сентябрь айында парламент каникулдан келип, иштер башталат. Жакынкы күндөрү өзгөчө, абдан чоң нерсе болбойт деп ойлойм. Азыр парламент, президенттин аппараты, өкмөт дагы экономиканы ойлонушу керек. Кышка даярдык көрүшүбүз шарт. 2020-жылдын башынан аягына чейин парламенттик шайлоого карата партиялар уюштуруу иштерин баштайт. Азырынча эч кандай саясат аралаштырбай экономиканы ойлоп, кыштан жакшы чыгып кетишибиз зарыл", - дейт Сабиров.
МОЛДАЛИЕВ: "Текебаев түрмөдө жатканы менен саясаттан алыс кеткен жок"
Саясат таануучу Орозбек Молдалиев белгилегендей, Бабанов өлкөгө келгени менен сурак берип жатат, Текебаев үй камагына чыкты. "Текебаев түрмөдө жатканы менен саясаттан алыс кеткен жок. Интервью берип, тарапташтары менен жолугуп жатты. Азыркы учурда эки Өмүрбекке көңүл бурулуп жатат.
Бабанов өзүнүн стратегиясын, тактикасын өзгөртүшү керек. Бабановдун тактикасы шайлоочулардын добуштарын сатып алуу. Аны элдин баары билет. Добушту сатып алган саясатчылар шайлоодон кийин элге көп кайрылбайт. Экинчиден анын майдаланып кетмей жагы бар, ал жылкы көрүп калса башка нерселерди унутуп калышы мүмкүн. Жаңы нукта иштей ала турганын көрсөтө алса электоратын ээрчите алат. Болбосо баягы эле Бабанов деген сөз жүрөт. Ал эми Текебаев тууралуу айтсак, ал камалып отурганда ага элдин боору ооруган. Ал камактан чыгып, элге аралашып, кошулгандан кийин мурдагыдай болот. Текебаевге көп нерселерди калыбына келтириши керек. 2010-жылдан кийинки шайлоолордо анын партиясы чоң деле ийгиликке жетише алган жок. Текебаев ошону эске алышы керек", - дейт Молдалиев.
КАЧКЫНБАЕВ: "Бабановдун келиши, Текебаевдин чыгышы бир жылдык эле стабилдүүлүктү алып келиши мүмкүн"
Саясатчы Бектур Асанов саясат өзгөрбөйт деген ойдо. "Саясат өз нугунда эле болот. Текебаев бийликке каршы кетпейт. Бабанов оппозиция болбойт жана каршы сүйлөбөйт. Ал бийлик менен сүйлөшүп алууга аракет кылат. Жалпы саясат күз өткүчө ушундай эле нукта болот", - дейт Бектур Асанов.