Алты жылдан бери айтылып, ишке ашпай жаткан "Коопсуз шаар" долбоору кайрадан үзгүлтүккө учурады. Аталган долбоор ишке ашса жол кырсыгы азайып, коомдук тартип сакталат деп айтылат. SUPER.KG порталы "Бул долбоорду ишке ашырбоого кызыкдар тымызын күчтөр болушу мүмкүнбү?" деген собол салды.
ЖАМАЛДИНОВ: "Бул долбоордун ишке ашпай жатышы мага да түшүнүксүз"
Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов долбоорду ишке ашыруу эмне үчүн үзгүлтүккө учурап жатканын түшүнбөй турганын билдирди.
"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыра турган компания кечээ да тандалбай калганын угуп, мен да таң калдым. Бул долбоор 2014-жылы башталып 4 жылдан бери ишке ашпай келе жатат. Бул жерде татаал деле маселе жок, өкмөттүн сунушуна дал келген компанияны тандап, долбоорду ишке киргизишсе болмок. Менимче, бул тендерден утуп чыгууга кызыкдар компаниялар көп. Бирок эмнегедир бул маселе созулуп, ишке ашпай келе жатат. Жогорку Кеңеш бул долбоорду ишке ашырууга макул. Өкмөттөн дагы эч кандай каражат кетпейт. Бул жерде эмне маселе жаралып, процесс эмне үчүн үзгүлтүккө учурап жатканы мага да түшүнүксүз болууда", - деди Жамалдинов.
ИСМАИЛОВА: "Долбоорду ишке ашырбоого кызыкдар күч бар деп айта албайм"
Жогорку Кеңештин депутаты, "Коопсуз шаар" долбоорунун тендердик комиссиясынын мүчөсү Аида Исмаилова бул маселе боюнча азырынча эч нерсе айта албай турганын айтты. "Тендердик комиссия дагы чогулушу керек. Азырынча чогула элекпиз. Кечээ техникалык мүчүлүштүк болду. Ошол боюнча адистер иштеш керек болчу. Анан адистердин жыйынтыгын угуп комиссия чечим кабыл алат. Далилдер жок болгондон кийин долбоорду ишке ашырбоого кызыкдар күч болгон деп айта албайм", - деди Исмаилова.
АТТОКУРОВ: "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга укук коргоо органдары кызыкдар эмес"
Мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча эксперт Азамат Аттокуровдун айтымында, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга президент менен премьер-министрдин эрки керек болот.
"Коопсуз шаар" долбоору бизге абдан керек. Бир жылда эле миңден ашык адам авариядан каза болду. Бул долбоор ишке ашса айдоочулар жол эрежелерин сактап калат. Астана шаарында да "Коопсуз шаар" ишке киргенден кийин жол кырсыктары кескин түрдө кыскарган. Майда эреже бузуулар да азайган. Албетте, ишке ашырбоого кызыкдар тараптар абдан көп. Бул жерде акча көп. Компанияларды тандоодо кызыкчылыктардын кагылышы болбошу зарыл. Туугандарынын же тааныштарынын компаниялары жеңип чыкса болбойт. Бул долбоорду ишке ашырууга укук коргоо органдары кызыкдар эмес. Алар пара албай калат. Жетекчиликке чейин жеткен коррупциялык систем жоголот. "Коопсуз шаар" ишке ашса айып пулдан түшкөн каражаттар түздөн-түз казынага түшүп калат.
Албетте, аны ишке ашыруучу компанияны тандоо онлайн түрдө, ачык өтүшү керек. Жеңүүчүнү тикелей тандоо жарабайт. Аукциондо техника бузулуп калды дегени жасалма деп ойлойм. Бул долбоор тезинен ишке ашуусун камсыздоо керек. Башталганына көп жыл болуп кетти. "Коопсуз шаарды" ишке ашырууда президент менен премьер-министрден эрк талап кылынат. Жылдын аягына чейин ишке ашып кетсе жакшы болмок", - дейт Аттокуров.
ОРМОНОВ: "Коопсуз шаарды" ишке ашырбоого кызыкдар тарап болушу мүмкүн"
Жогорку Кеңештин депутаты, "Коопсуз шаар" долбоорунун тендердик комиссиясынын мүчөсү Улугбек Ормонов долбоорду ишке ашырбоого кызыкдар тарап болушу мүмкүн деген пикирде. "Кечээ аукцион техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам үзгүлтүккө учурады. Долбоорду ишке ашырбоого кызыкдар күч бар деп айтуу кыйын. Кызыкдар күчтөр болушу мүмкүн. Бирок далилдер жок", - деди Ормонов.
ДҮЙШАЛИЕВ: "Техникалык кемчиликтер бар экенин мурда айткам"
Жогорку Кеңештин депутаты, "Коопсуз шаар" долбоорунун тендердик комиссиясынын мүчөсү Абдыбек Дүйшалиев "Коопсуз шаар" боюнча техникалык документацияны карап жатканда катышканын билдирди.
"Ошондо техникалык каталар көп экенин айткам. Кат түрүндө дагы техникалык катаны жоюу боюнча кайрылгам. Кечээки конкурска бошобой калгандыктан бара албай калдым. Ал эми долбоордун ишке ашканына каршы болгон күчтөр бар же жок экени тууралуу билбейм", - деди Дүйшалиев.
ОЗУМБЕКОВ: "Долбоорду ишке ашырууга тоскоолдук кылган тараптар жок"
Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбеков билдиргендей, бул долбоорду президент, премьер-министр да колдоп жатат.
"Менин оюмча, долбоорду ишке ашырууда тоскоолдук кылууга мүмкүнчүлүк жок. Анткени бул долбоорду президент, премьер-министр да колдоп жатат. Бул социалдык маанилүү долбоор. Азыр күнүнө 3 киши жол кырсыгынан каза болот деген маалыматтар бар. Ошондуктан бул долбоордун мааниси чоң. Аукционго мыйзам чегинде талапка жооп берген 3 эле компания катышып калды. Анын биринин сунуштаган суммасы белгиленген чектен көбүрөөк болуп калды. Бул механикалык ката болуп калышы деле ыктымал. Анткени мындай чоң сынакка катышып жаткан учурда документ топтоо, толтуруу учурунда ката кетип калышы мүмкүн", - деди Озумбеков.