КҮНСОБОЛ: 8-мартта болуп өткөн жөө жүрүштө аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы чыккан активисттер кармалышты. Милиция кызматкерлери активисттерди эмес, чагымчылдарды кармашы керек беле?

Кечээ, 8-мартта борбор калаадагы "Жеңиш" аянтында "Феминалле" жана "8/365" деп аталган коомдук кыймылдар тарабынан аялдардын укугун коргоо үчүн “Аялдардын тилектештик жүрүшү” өтө турган болгон. Белгиленген жайга плакаттарын көтөрүп кыз-келиндер топтоло баштаган кезде аларды көздөй бет кап тагынып, калпак кийген 20 чакты эркек киши келген. Алар плакаттарды тартып алышып, өтө турган жүрүштүн катышуучуларын таратуу аракетин көрүштү. Феминисттер менен бет капчандардын ортосунда чыр чыкканда милиция жүрүшкө чыккан активисттерди кармашты.

Милиция эки тараптан тең адамдар кармалды деген маалыматты таратканы менен анын күбөлөрү бет капчан тарапка милиция тийишкен жок деп айтып жатышат. Шаардык милиция бул күнү чагымчылдык аракетти көрдү деген шек менен 5 киши кармалганын билдирди. Свердлов РИИБи жүрүшкө чыккандардын кармалышынын себебин - алар мэрия жана укук коргоо органдары менен макулдашышкан эмес деп түшүндүрдү. Мындан улам жүрүш башталбай жатып аяктады.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "8-мартта болуп өткөн жөө жүрүштө аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы чыккан активисттер кармалышты. Милиция кызматкерлери активисттерди эмес, чагымчылдарды кармашы керек беле?" деген собол салды.

МАВЛЯНОВА: "Акцияга катышкандардын өздөрүн "чагымчылдар" деп атагым келет"

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова бул сыяктуу акциялардын баарын улутту жок кылууга багытталган аракеттер катары баалай турганын айтты.

"Бул боюнча интернет булактары аркылуу билип жаттык. Негизи эле аял укугун коргоону бетке жамынып, "жатыным меники", "төрөбөйм", "чай куйбайм" деген сөздөр улуттук нарк-насилдерге таасир берет. Булардын баарын улутту жок кылууга багытталган аракеттер катары баалайм. Мындай лозунгдарды көтөргөндөрдүн өзүн "чагымчылдар" деп атагым келет. Биздин эл кылымдардан кылымга жазылбаган, оозеки каада-салт, нарк-насил менен эле башкарылып келген.

Баарынан дагы акцияга чыккандарды түшүнүп, акылым жетпей турат. Эгер алар чай куйбаса, эмне чайды чоң атасы куябы? Бул улутту жок кылуу аракеттери. Ал гана эмес бул тууралуу мыйзамдарды жазып чыгышыбыз керек. Бир эле мыйзам менен чектелип калбастан, аларга айып пул дагы төлөтүшүбүз керек. Аталган акциянын катышуучулары "Жеңиш" аянтына чыкканынын өзү эң туура эмес кадам болду. Элди чогултуу, майрамдоо дегендерге тыюу салынса дагы алардын топтолуп алганы бул - ээнбаштык", - деди Мавлянова.

ИСМАИЛОВА: "8-мартта өткөн маршты үчүнчү күчтөр пайдаланып кетти"

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова жөө жүрүштү үчүнчү күчтөр пайдаланып кеткенин айтты.

"Мен аялдарга, балдарга карата зордук-зомбулукка каршымын. Жогорку Кеңештеги аялдар форумунда дагы бул маселени көп карайбыз. 8-мартта зордук-зомбулкка каршы митинг өткөрөбүз деп үчүнчү күчтөр пайдаланып кетти. "Чай куйбайм", "күйөөгө тийбейм" деп чыгышты. Бул ар бир жарандын укугу. Кыргыздардын канчалаган кыйын, белгилүү аялдары бар болчу. Алардын үй-бүлөөсү дагы болгон. Митингдин каржыланганы боюнча дагы текшерилиши керек. Ошол жөө жүрүшкө катышкан кээ бир аялдар дайыма митинг өткөн жерлерде эле жүрүшөт. Бул нерсени кандай түшүнсө болот?", - дейт Аида Исмаилова.

КАРАСАРТОВА: “Аялдардын тилектештик жүрүшү” боюнча: "Коопсуздукту камсыз кыла турган орган бул жолго барбашы керек эле"

Укук коргоочу Рита Карасартова коопсуздукту камсыз кыла турган орган бул жолго барбашы керек эле деген пикирде.

"Негизи мыйзам боюнча милиция кызматкерлери эки тарапты эки жакка бөлүп коюшу керек болчу. Биринчи тарап дагы, экинчи тарап дагы өздөрүнө тиешелүү талаптарды айта берсе, туура болмок. Алар тараптардын арасында ур-тепки болбошун алдын алыш керек эле. Тилекке каршы, алар атайын күтүп турушту. Мен милициянын кадамдарын видеодон көрдүм. Өзүм акцияга бир аз кеч барып калдым.

Видеодон карасам балдар ачыктан ачык келип аялдарды сабап, плакаттарын айрып жөн эле басып кетишиптир. Милициялар унаада баарын көрүп, билип эле турду. Алар качан гана кыздарды сабап кеткенден кийин унаадан чыгып, акцияга катышкандарды кармап кетишти. Бул жерде милиция кызматкерлери ким менен кандай саясат жүргүзүп жатканын ачык көрсөтүп койду. Биздин коопсуздукту камсыз кыла турган орган бул жолго барбашы керек эле", - деп билдирди Рита Карасартова.

КУЛУЕВА: "Элдин кыжырына тийген лозунгдар менен жүрүшкө чыгып жүргөн феминисттерге коомдун ушундай реакциясы керек болчу"

Журналист Элнура Кулуева улуттук баалуулуктарга каршы келген лозунгдар менен чыккандарга карата коомчулуктун реакциясы туура эле болду деген оюн айтты.

"8-март майрамды 2-3 жылдан бери эле феминисттик кыймылдын өкүлдөрү туура эмес нукка буруп келе жатышат. Өткөн жылдары да Курманжан датканын сүрөтүн кошо көтөрүп алышып, "чай куйбайм" деген сындуу көптөгөн биздин улуттук баалуулуктарыбызга туура келбеген лозунгдар менен чыгып, элдин кыжырын келтирип жүрүшкөн. Бул жолу да "Менин жатыным - менин ишим" деген лозунгдар менен чыгышты. Бизде, кыргызда баалап, барктап аяр мамиле жасай турган баалуулуктар бар. Ал эми булар өткөндө маданияттын очогу болгон музейге барып алып чечинип чыгышты. Эл топтолууга болбойт, тыюу салынат дегенди укпай кайрадан топтолушту. Мындай учурда коомдун кайсы бир реакциясы керек болчу жана бул туура реакция болду. Милиция активисттерди кармаган жок, алар аялдардын укугу дегенге жамынып гейлерди, бир жыныстуу мамилени колдоп, аны пропаганда кылгандарды таратты.

Эгерде алар чын эле фактылар менен аялдардын укугун коргойбуз, кордолушуна жол бербейбиз деген ураандар менен алдын ала шаар бийлиги менен макулдашып, ушул гана багытты көздөп чыгышса мен деле аларды колдомокмун", - деди Кулуева.

БЕКЕШОВ: "Кыргызда эркектер аялды сыйлап эле келет, кордоду деп көчөгө чыккандар үй-бүлө деген баалуулукту жок кылгысы келгендер"

Журналист Бейшенбек Бекешов жасалып жаткан иш аракеттерди кыргыз аялзатын уяткаруу катары баалай турганын айтты.

"Эгерде биз мыйзам менен жашоону кааласак, баарыбыз ага баш ийип, анын талаптарына макул болушубуз керек. Ал мыйзамга аялбы, эркекпи баары таянып, уруксат алып жашаганы жакшы. Ал эми аялдарга зомбулук кылгандарга каршы митингге чыгабыз дегендин негизи дагы, тамыры дагы жок. Ал атайын кыргызды жамандаш үчүн ойлонулуп табылып, жасалган чагымчылдардын иши. Кыргыздын аялдарын эч ким зордуктап, зомбулук кылып жаткан жери жок. Бул нерсени чанда эле бир келесоо жасабаса, кыргыздын баары эле эне сыйлап, жар жана эже-карындаштарын урматтап келе жатышат. Анан чанда эле акмак бирөө аялга зомбулук кылып койбосо, анда дагы "кыргыздын баары аялдарын кырып атат", "аялдарын кул, күң кылып атыптыр" дедиртүүнү эңсешет. Кыргыз эркектерин жаман атка кондуруп жаткандар бул - атайын батыштан элди бузуп, жарган күчтөрдүн чагымчылдыгы. Себеби алардын бирден бир максаты мамлекеттеги үй-бүлө дегенди жок кылуу.

Аларга үй-бүлөнүн кереги жок. Алар үй-бүлө көрбөгөн, эркеги эркекке, аялы аялга баш кошкондор. Мына ошолор укук үйрөтөбүз деп келип, биздин акмагыбыздын баарын чыгарып олтурат. Ушундай нерселерди уюштуруп, өткөрүүнүн кенедей дагы зарылдыгы жок болчу. Бул нерсени атайын каржыланган уюмдар жасап жатышат. Кыргыз өзү куураган, ишенчээк эл экен. Элди пайдаланып, бирөө акчага алданып, бирөө азгырыкка алданып, "эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт" болуп, дүрбөп жатышат. Алардын оюна койсоң, Кыргыз өлкөсүндөгү кыз-кыркындын баары кордолуп жатыптыр. Чынында биздегидей аялдын укугун алдыга чыгарган өлкөлөрдү эсептеп көрүшсүнчү. Кыргыз деген аялын Кудайга шүгүр, башына көтөрүп эле жүрөт. Алар каалаганын кылып, жасап, бийликке барып жатышат. Булардын баарын аялды жылаңачтоо, аны товарга айлантуу, аял кадырын кетирип, акмак кылуу үчүн жасалып жаткан иш аракет деп билем", - деп билдирди Бекешов.

ТОКТОНАСЫРОВ: "Биз жүрүшкө чыккан кыз-келиндердин оюн уга билишибиз керек болчу"

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров кечээ жүрүшкө чыккандардын үнүн угуш керек болчу, аларга мындай мүмкүнчүлүктү бербей койгондор жооп берсин деген оюн айтты.

"Феминист активист аялдар митингге эмес, жүрүшкө чыкты. Бийлик, милиция ушул экөөнүн айырмасын билбейби? Маршка уруксат берип коюш керек болчу, анын эмнеси бар? Ошол учурда кыргыздын ак калпагын кийип, бет кап менен эркек адамдар кирип келди. Алар биринчиден калпактын баркын кетиришти, ошол кийим менен кыз-келиндерге орой мамиле жасашты. Милиция болсо ошол эркектерди кармап кеткендин ордуна кыз-келиндерди кармап кетпедиби? А эмнеге кимдир бирөө ой-пикирин айтайын десе кыйынсынып келишип эле эркектер аларга сөз бербей коюшат. Биз кечээ жүрүшкө чыккандарды да уга билишибиз керек болчу. Мен ошол феминисттердин укугун бузуп, алардын оюн айттырбай койгон ошол жигиттердин кармалып, жасаган иштери үчүн жоопко тартылышын укук коргоо органдарынан талап кылам.

Эртең ошол активист кыз-келиндер кайрадан жүрүшкө чыгышат экен. Булар прогрессивдүү күч, мен аларды колдойм. 8-мартта милиция кызматкерлери тарабынан да, калпак кийип кирип келген эркек кишилер тарабынан да аларга карата орой мамиле жасалды. Бул үчүн бардык кыргыз аялдарынан кечирим сурайм", - деди Токтонасыров.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан