КҮНСОБОЛ: Сот системин реформалабай туруп коррупция менен күрөшүү мүмкүнбү? (толукталды)

Президент Сооронбай Жээнбеков 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында айрым мамлекеттик мекемелерде коррупцияга каршы күрөш жыргатарлык эмес жүрүп жатканын айтып сынга алган. Үч айдан кийин ал Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында судьялыкка талапкерлердин декларацияларын дыкат текшерүү керектигин айткан. Мындан улам Жээнбеков соттук реформаны тездетүүгө чакырып, бул маселе анын жеке көзөмөлүндө болорун убадалаган.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Сот системин реформалабай туруп коррупция менен күрөшүү мүмкүнбү?" деп собол салды.

АЛТЫБАЕВА: "Бир күндө эле бардык коррупцияны жок кылабыз дегенден алыс болуш керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева сот тармагын реформалоо боюнча иштер жүрүп жатат деген пикирде.

"Бир күндө эле бардык коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылабыз дегенден алыс болуш керек. Коррупция менен күрөшүү иши тынымсыз боло турган процесс. Буга чейин болгон эки революцияга сот тармагында болгон элдеги нааразычылык да себеп болгон.

2010-жылы Баш мыйзамыбызга Сотторду тандоо кеңеши институтун киргизгенбиз, 2016-жылдагы референдумда Тартиптик комиссияны киргизгенбиз, 2019-жылдын 1-январынан тарта иштей турган жаңы кодекстерди кабыл алдык. Бул укук коргоо органдарынын ишин реформалай турган кодекстер. Ошондуктан реформа жүргүзүү өз өзүнчө эмес, комплекстүү аткарыла турган иш", - деди Алтыбаева.

ТОКТАКУНОВ: "Соттор бийликти карап көнүп калышкан"

Юрист Нурбек Токтакуновдун ою боюнча, сот тармагында реформа болуш үчүн соттор өз алдынча болууга эрки жетиши керек.

"Сот реформасы болуп, сот тармагы тазаланган соң коррупция менен күрөшүү болбосо, анда коррупционер менен коррупционер эле күрөшүп жаткандай болуп калат. Сот реформасы болбосо, коррупция менен күрөшүү эмес, саясий күрөш болуп калат. Президент сотторго "туура чечимдерди чыгаргыла, кандай болсо ошондой жыйынтыкка келгиле" деп айтып, эркиндикти толук бериш керек.

Соттор бийликти карап көнүп калышкан. Учурда деле коррупция менен күрөш деп баарын алып барып камап жатышат, бул жерде саясий күрөштүн белгилери байкалып жатат”, - деди Токтакунов.

ТАЛАС УУЛУ: "Соттор Ак Үйдүн көрсөтмөсү жок иш алып бара албайт"

Журналист Семетей Талас уулунун пикиринде, коррупция менен күрөшүү президенттен көз каранды.

“Сот системин реформалабай туруп деле коррупция менен күрөшүү мүмкүн. Себеби соттор баары бир президенттен көз каранды да. Соттор Ак Үйдү укпайт, өз алдынча дегени менен баары бир иш жүзүндө Ак Үйдөн көз каранды.

Азыркы бийликтин тушунда чын эле коррупция менен күрөш жүрө турган болсо, соттор коррупциялык иштерди өз алдынча жаап коё албайт, себеби сот системиндеги иштер өлкө башчыдан көз каранды. Президент чындап эле коррупцияга күрөштү баштап койсо иш уланып кетмек.

Атамбаевдин тушунда "коррупция менен күрөш" деп каршылаштарынан тазалоо иши жүргөн. Учурда коррупцияга каршы күрөш тегиз болот деп үмүттөнгөнбүз, бирок бир тараптуу жүрүп жатат. Ак Үй тарап коррупция менен күрөштү тандап жүргүзбөй тегиз баштаса, анда соттор бул күрөштү ишке ашыра алышат. Күрөштө тандап мамиле болсо, анда коррупционерлердин айрымдары камалып, айрымдары жүрө берет”, - деди Талас уулу.

АЗИЗ: "Коррупция менен күрөш жана сот реформасы бирдей иштеши керек"

Юрист Канатбек Азиз сот реформасы жана коррупция менен күрөшүү тең кетсе, ошондо жыйынтык болот деген ойдо.

"Учурдагы коррупция менен күрөштүн аткарылышы сот реформасынан көз каранды болот. Мисалы, бир адам коррупция менен кармалып, бирок иш аягына чыкпаса, реформа жок деп эле эсептесе болот.

Азыркы учурда сот реформасы менен коррупция менен күрөшүү бир багытта, тең кетиши керек. Коррупция менен күрөшүү деп туруп соттун чечими такыр тескери чыгып калса, анда бул бир тыйындык нерсе болуп калат. Коомдогу алдыга жылыш тазалануу, коррупция менен күрөш жана сот реформасы бирдей иштеп баштаганда болот”, - деди Азиз.

МАСАЛИЕВ: "Соттук реформа сотторду алмаштырууга айланып кетти"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев коррупцияны таптакыр жоюп салуу мүмкүн эмес, анын деңгээлин азайтуу аракетин кылыш керек деген оюн айтты.

“Сот системин реформалабай туруп коррупция менен күрөшүү мүмкүн эмес. Сот реформасы болуп жатат, бирок жетиштүү деңгээлде жана сапатта эмес. Реформа сотторду алмаштырууга айланып кетти, соттордун аттары өзгөрдү, ал эми систем ошол эле бойдон калууда.

Коррупция менен жалпы коомчулук бирге күрөшүш керек. Кыргызда жакын тууганыбыз кызматка отурганда “кызматың майлуу-сүттүү болсун” дейбиз, бул туура, жакшы тилек менен айтылды, бирок которо келгенде мааниси туура эмес болуп калат да. Биз аң сезимибизге реформа жасашыбыз керек.

Сот реформасын токтотпошубуз керек, ошол эле мезгилде коррупция менен күрөштү да токтотпошубуз керек. Кичине эле кызматынан ката кетиргенде иштен алынса, ошондо эч ким өз кызматында отуруп катачылыкка жол бербейт. Коррупцияны эч ким, эч качан жоё албайт, азайтыштын аракетин көрүш керек”, - деди Масалиев.

ЖЭЭНЧОРОЕВ: "Коррупция - мамлекеттин коопсуздугуна карама-каршы келген нерсе"

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев учурда сот реформасын жүргүзүү үчүн тийиштүү иштер аткарылып жатканын айтты.

"Коррупция - мамлекеттин экономикалык, кылмыштуулук акыбалына жана мамлекеттин коопсуздугуна карама-каршы келген нерсе. Ошондукан бардык мамлекеттер коррупция менен күрөшүштүн жолун издеп жатышат. Биз жаңы кодекстерди кабыл алып, ошол органдын реформасын жүргүзүп жатабыз. Сот реформасын жүргүзүүгө мен билгенден 8-9 мыйзам кабыл алдык, 2017-жылы, 2014-жылы, 2015-жылы кабыл алганбыз. Бул мыйзамдарды кабыл алгандан бери коррупцияга бөгөт коюу процессин баштап жатабыз. Мисалы, "бейбаштык" беренеси бар, бул азыр өзгөртүү киргенден кийин кандайдыр бир деңгээлге чейин кылмыш эмес "жорук" деп эсептелип, жорук болгондо тергөө маселеси да башка болот. Бул бир мисал", - деди Жээнчороев.

Аталган соболго жооп алуу үчүн депутаттар Курманкул Зулушев, Кенжебек Бокоев, Канат Керезбековго да кайрылдык, бирок алар жооп берүүдөн баш тартты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан