Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишкердик субъекттерин текшерүүгө мораторий киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Анда ал ишкерлердин укуктарын коргоо үчүн Бизнес-акыйкатчы институту түзүлө турганын айтты. SUPER.KG порталы "Инвесторлор менен ишкерлерди укук коргоо органдары коргошу керек эмеспи?" деген собол салды.
АМАНБАЕВ: "Ишкерлердин укугун колдогон институт түзүү болбогон кеп"
Экс-акыйкатчы Бактыбек Аманбаев ишкерлердин укуктарын колдогон институт түзүүнүн зарылчылыгы жок экенин айтат. "Ишкерлердин укуктарын колдогон институт түзүү болбогон кеп. Себеби азыр биздин өлкөдө ишкерчилик укуктары бузулган үчүн ишкердик өнүкпөй жаткан жери жок. Ишкерчиликти өнүктүрүш үчүн ишин мыкты билген, экономикалык программасы бар өкмөт керек. Ишкерлердин укуктарын башкача ыкмалар менен коргосо болот. Өкмөттүн эки гана иши бар, ишкерлерди колдош керек жана коргош керек. Колдоо болгондо ишкерлерге каржылык жактан жана ар тараптан жеңилдиктерди берүү менен жана жаңы технологияларды киргизүү менен колдош керек. Экинчиси, учурда коңшу өлкөлөр өндүрүштү бир жолго салып коюшту. Аларда ишкердик өнүгүү жолунда баратат, биздин ишкерлер аларга атаандаш боло албай жатат. Ошондуктан ушул учурда биздин өкмөт аларды ишмердигин коргоп, өнүктүрүүгө көмөк бериш керек. Ушундай жол менен ишкерлерди колдоп жаткан соң алардын укугун коргоого зарылчылык жок. Бул күлкүлүү нерсе. Эгер ишкерлердин укуктары бузула турган болсо, азыркы эле акыйкатчыга, укук коргоо органдарына кайрылса болот. Бул нерсенин азыр бизге кереги жок, бул баягы көп сөздүн бири, мылтыгым жакшы болсо, жакшы атат элем дейт, а чынында ата албайт", - деди Аманбаев.
ЖАПАРОВ: "Укук коргоо органдары ишкерлердин укугун коргогондун ордуна бут тосуп жатат"
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров салык төлөөчүлөрдүн укуктары корголбой жатканын айтты. "Салык төлөөчүлөрдүн укуктары жакшы корголбой жатат. Көп учурда укук коргоо органдары ишкерлердин укуктарын коргогондун ордуна аларга бут тосууда. Ошондуктан көп ишкерлер түздөн-түз укук коргоо органдарына, фискалдык органдарга акча төлөп, салыкты бюджетке төлөбөй жаткан учурлар кездешүүдө. Улуттук статистиканын маалыматы боюнча, 24-26 пайыз көмүскө экономика бар. Айрым эксперттер 40-50 пайызга чейин көмүскө экономика бар деп айтып жатышат. Ачык иштеген ишкерлердин укугун коргой турган жакшы механизм жок болуп жатат. Анан Бизнес-акыйкатчы институту жакшы же жаман иш алып бара турганы белгисиз. Акыйкатчы институту жылына бир жолу отчёт берет. Ошого жараша чаралар көрүлөт. Аталган институттун туура эмес иш жасагандарды жумуштан бошотууга дагы укугу бар. Мындай институт түзүлсө ишкерлеге шарт түзүлүп жатканы боюнча баа берилмек. Эгерде өкмөт аталган институтту түзүүгө кызыкдар болсо, мен эки колдоп колдомокмун", - деди Жапаров.
БАКИР УУЛУ: "Ишкерлердин укугун коргоону укук коргоо органдары, Акыйкатчы институту деле чечип коёт"
Мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун пикиринде бул болгону өнүккөн өлкөдөн көчүрүлгөн сунуш. "Бизнес-акыйкатчы институту эч кимге кереги жок институт. Батыштан же болбосо Орусиядан көчүрмө алабыз дешсе, анда биздин экономиканы да ошондой жогорку деңгээлге көтөрүш керек. А биздин экономика өзү араң жүргөндө Бизнес-акыйкатчы институтунун түзүүнүн кереги жок. Бул болгону көчүрүлгөн эле нерсе. Ишкерлердин укугун коргоону укук коргоо органдары, Акыйкатчы институту деле чечип коёт же болбосо Акыйкатчы институнун алдында деле атайын ушул багытта бөлүм түзүп койсо жетиштүү", - деди Бакир уулу.
СУЛТАНОВ: "Бизнести коргоо үчүн абдан көп аракет жасашыбыз керек"
Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси Талант Султановдун айтымында, бул демилге буга чейин эле көз карандысыз эксперттер тарабынан көтөрүлүп келген.
"Бизнести коргоо үчүн абдан көп аракет жасашыбыз керек. Кичи-орто бизнес башчылары мамлекетке караганда көп иш орундарды түзүп жатат. Ал эми башка өлкөлөрдү жумуш орун түзүү милдетин бийлик өз моюнуна алган. Азыр өкмөт салыктардын пайызын көбөйтөбүз деп жатыптыр. Бул, албетте, бюджетти көтөрүү максатында жүргүзүлүп жатат. Бизнес-акыйкатчы инстутуту болсо жакшы болот. Бул туура идея деп ойлойм. Аталган институттун башчысы ачык-айкын шайлоо менен тандалышы керек. Ишкерлердин айтымында, азыр да кыйынчылыктар болуп жатат. Бизнес-акыйкатчы институтун түзүү идеясын буга чейин эле көз карандысыз эксперттер сунуштап жүргөн. Муну жаңы идея деп айта албайбыз. Сапар Исаковдун өкмөтү да "Таза коом" программасынын алкагында ишкерлерге шарт түзүүнү пландап жаткан. Ал бардык ишкерлер менен өзү жолугуп, көйгөйүн чечүү үчүн тийиштүү мекемелерге тапшырма берген", - деди Султанов.
АТТОКУРОВ: "Эгер бул институт түзүлсө анын башчысын өкмөт эмес, бизнес ассоцияциялар тандашы керек"
Жарандык активист Азамат Аттокуровдун айтымында, азыр ишкерлерге карата мамлекет тарабынан ыксыз текшерүүлөр азайып калган. "Бизнес-акыйкатчы институтун түзүү демилгеси өкмөттүкү эмес. Бул мурда эле айтылып келе жаткан. Мен бул идеяны колдойм. Эгер бул институт түзүлсө анын башчысын өкмөт эмес, бизнес ассоцияциялар тандашы керек. Өлкөдө ишкерлердин укугун Конституция боюнча президент коргошу керек. Кийин сот, укук коргоо органдары коргоого тийиш. Азыр ишкерлерге карата ыксыз текшерүүлөр, бут тосуулар азайып калды. Прокуратуранын да кийлигишүүсү азайды. Бирок дале ири инвесторлордун укуктары корголбой келет. Буга кен казганы келген инвесторлордун окуяларын мисал келтирсек болот", - деди Аттокуров.
АКМАТБЕКОВ: "Бизнес-акыйкатчы институтун түзсөк эле бардык көйгөйлөр чечилип кетпейт"
Экономика боюнча эксперт Руслан Акматбековдун пикиринде, ишкерлердин көйгөйүн көтөрүп чыккан аянтчалар көп болгонуна карабай эч кандай маселе чечилбей жатканын айтты.
"Бизде ар бир көйгөй үчүн бир министрлик же комиссия түзүп алган жаман адатыбыз бар, бул деле ошондой сезилет. Бирок таптакыр эле мунун салымы болбойт деп айтканга болбойт. Жардамы тийиши мүмкүн. Ушул сыяктуу Бизнес-акыйкатчы институтун түзсөк эле бардык көйгөй чечилип кетет деген түшүнүк туура эмес. Өлкөдөгү бардык бизнес ассоциациялары бизнес-акыйкатчы милдетин аткарып, өкмөт менен ишкерлердин, ишкерлер менен коомдун ортосунда кандайдыр бир байланыш түзүп келишет. Өлкөдөгү ишкерлердин көйгөйүн көтөрүп чыккан аянтчалар да көп бар. Бирок эч кандай маселе чечилбейт. Жаңы келген ар бир өкмөт ушул маселени чечүү үчүн аракет кылып баштайт. Өкмөт алмашкан соң бул маселе калып калат. Биздеги эң чоң көйгөй ишкерлер менен бийликтин ортосундагы ишенимдин жоктугу. Ишкерлер көбүнчө мамлекеттик мекемелер менен иштешпөөгө аракет кылат. Ал эми укук коргоо органдарына карата алар кылмыштуу топтор менен биргелешип иш жүргүзөбү деген күмөн саноо бар.
Биздеги мыйзамдар жана мамлекеттик машина ишкерлер кандайдыр бир катачылык кетирсе, аны дароо жазалаганга багытталып калган. Бул туура эмес, иш болгон жерде катачылык болот, ар бир ишкер жаңылат. Ишкердик чөйрөдөгү башкы маселе бийликтин, ишкердин, коомдун бири бирине карата ишениминин жок экендигинде. Ишеним болбогон жерде экономиканын иштөөсү да чабал болот", - деди Акматбеков.
ҮМӨТАЛИЕВ: "Мындай институттардын натыйжалуу, пайдалуу экени эл аралык тажрыйбада аныкталган"
Ишкер Эмил Үмөталиев ишкердикти өнүктүрүүгө эмне жардам берсе, баарын жасай берүү керек деген пикирде. "Мен сөзсүз түрдө институтту колдогондордон эмесмин. Ошентсе да бул демилгенин зыяны жок деп эсептейм. Деги эле ишкердикти өнүктүрүүгө кандай кадам жардам берсе, бардыгын жасай берүү керек. Мындай институттардын натыйжалуу, пайдалуу экени эл аралык тажрыйбада аныкталган. Бирок түпкү маселелер башка чөйрөдө жатат. Бул мүлккө болгон мамиле жана сот системинин акыйкаттуулугу. Эң башкысы, жарандын укуктары толук кандуу корголушу үчүн сөз эркиндиги башкы орунда турат. Мындан сырткары оппонент партиялардын парламенттеги орду бекем болуп, алар көзөмөлдөө кызматын мыкты аткаруусу керек. Коомдогу ар бир жаран коррупцияга же башка нерсеге канчалык көз каранды болсо, ишкерлер андан 10 эсе көз каранды", - деди Эмил Үмөталиев.