КҮНСОБОЛ: Эки "достун" тиреши жарандык согуш коркунучун жаратпайбы?

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратты. Буга чейин аны кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн атайын комиссия чечимин Башкы прокуратурага жөнөткөн. Башкы прокуратуранын корутундусу чыккандан кийин Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө аны коргоо штабы түзүлүп, боз үйлөр тигилип, тарапташтары топтолду.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Эки "достун" тиреши жарандык согуш коркунучун жаратпайбы?" деген собол салды.

ИМАНАЛИЕВ: "Кырдаал кандай болуп кетерин билбейм"

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев "экс-президентти Кыргыз өлкөсүнүн жалпы жарандары сыяктуу эле мыйзам жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү гана токтомду кабыл алдык" деп жооп берди.

"Биз баарыбыз мыйзам айдыңында иштешибиз керек. Баары Кудай астында бир болгон сыяктуу мыйзам астында бирдейбиз. Экс-президентти Кыргыз өлкөсүнүн жалпы жарандары сыяктуу эле мыйзам жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү гана токтомду кабыл алдык. Кырдаал кандай болуп кетерин билбейм, бирок баары калыс, адилет жана мыйзам алкагында чечилиши керек", - дейт депутат.

КУЛОВ: "Эгер Атамбаев бир эле адамдын көрсөтмөсү менен камалса, мен биринчи болуп аны коргоп чыгам"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Кулов азыркы жана мурдагы президенттердин тиреши жарандык согушка жеткире албай турганын айтты. "Муну эки тарап тең жалпыга жарыялашы керек. Айрыкча Атамбаевдин тарапташтары муну айтышы зарыл, себеби бүгүнкү күндө экономика эң мыкты абалда эмес. Аны жакшыртуу үчүн инвестиция керек. Эгер инвесторлорду жарандык согуш менен коркута берсек, бизге эч ким келбей коёт. Жергиликтүү инвесторлор да кетип калышат.

Саясатчылар, депутаттар, массалык маалымат каражаттары "эч кандай жарандык согуш болбойт, азыр болуп жаткан кырдаал мыйзам ченемдүү процесс" деп айтышыбыз керек. Атамбаев тараптан ашыкча иштер болуп жатышы мүмкүн, бирок сотто баары аныкталып белгилүү болот. Эгер бир эле адамдын көрсөтмөсү менен Атамбаев камалса, мен аны коргоп чыгам. Эгер далилдер бар болсо, так фактылар керек", - деди Кулов.

МАМЫТКАНОВ: "Саясий карама-каршылыктар чечилиши үчүн эмне кылуу керектигин биздин саясий элита билбейт"

УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамыткановдын айтымында, тараптар өз максаттарын көздөп, элди ойлобой жатат.

“Баары ачык эле ошол нерсеге даярданып жатканы көрүнүп жатпайбы. Анан даярданган нерсе болот да. Элге бул нерсе керекпи же керек эмеспи деп эч ким сураган жок. Эки тарап өз ара максаттарын ишке ашыралы деп жатат. Карапайым калкты эч ким ойлогон жок.

Тарыхта кандай болгонун баарыбыз билебиз. Эми дагы кайталанат окшойт. Саясий өзгөрүүлөр бир эле жол менен жасалат. Ал - революция. Саясий карама-каршылыктар чечилиши үчүн эмне кылуу керектигин биздин саясий элита билбейт. Эгерде алар билбесе ким үйрөтөт? Ошондуктан өз билгенин, колунан келгенин жасайт", - дейт Мамытканов.

АЛКАНОВА: "Атамбаев коргонуу тактикасын тандады"

Журналист Элнура Алканова азыркы жана мурдагы президенттердин тирешинен улам Кыргыз өлкөсүндө эч кандай жарандык согуш болбой турганын айтты.

"Биз эки төңкөрүштү башыбыздан өткөрдүк. Бул окуялар бийликтин ыйгарым укугунан аша чапканынан улам болгон. Кландык башкаруу, системдик, саясий каталар болгон. Азыр болсо кырдаал андай эмес. Өлкөдө абал туруктуу.

Атамбаев коркуп жатат, ал коргонуу тактикасын тандады. Анын жана тарапташтарынын пикири жалпы коомдун оюн жана маанайын билдирбейт. Атамбаев өзүн коргоого укугу бар, ал коргонот. Кошуналарын чогултуп, тамак-аш менен камсыздоо - бул анын укугу. Эң башкысы чагымчылдык болбош керек. Андай аракеттери болот, бирок укук коргоо органдары да, Атамбаевдин тарапташтары да чагымчылдыкка алдырбаш керек", - деди Алканова.

ТУРДУКУЛОВ: "Алмазбек Атамбаевге карата саясий куугунтук болууда"

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукуловдун пикиринде, акыйкаттык үчүн Атамбаевдин башкаруу маалындагы башкы прокурорго, УКМКнын башчысына, ошол кездеги аткаруу бийлигинин жетекчилерине кылмыш ишин козгоо керек.

"Бул эки "достун" тиреши эмес, маселе башкада. Себеби учурда экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата саясий куугунтук болууда. Бул маселени кароонун өзү мыйзамды тебелөө менен башталды. Экс-президентке кылмыш ишин козгоо туура эмес. Бул жерде саясий жоопкерчилик боюнча айтууга болот.

Эгерде парламент акыйкаттык издеп жатса, Алмазбек Атамбаевдин башкаруу маалындагы башкы прокурорго, УКМКнын башчысына, ошол кездеги аткаруу бийлигинин жетекчилерине кылмыш ишин козгоо керек. Менимче, учурда саясий куугунтук орун алууда", - дейт Турдукулов.

ИСАКОВ: "Жалпы элдин көбү акча үчүн өзүнүн жанын бере койчу абалда эмес"

Жарандык активист Гүлжигит Исаков эки "достун" тирешинен эле эл экиге бөлүнүп, жарандык согушту жаратып жиберет деген ойдон алыс экенин билдирди.

"Таразанын бир тарабында элдин тагдыры, экинчи тарабында эки "достун" тиреши турганда, албетте, таразанын ташы элдин тагдыры тарапка оошу керек. Бул жерде тирешке эмес, улуттун, элдин кызыкчылыгына көбүрөөк маани бериш зарыл. Бул тиреш жарандык согушка алып келет дегенден алысмын. Фанаттарды эске албаганда жалпы элдин көбү акча үчүн өзүнүн жанын бере койчу абалда эмес. Азыр саясат институту аброюн жоготту, саясатчылардын кадыр-баркы аябай төмөндөп кетти. Буга ууру-кески, эски саясатчылардын салымы чоң. Эл азыр күтүү режиминде турат, бир тарапка ооп кетпейт, саясатта көпчүлүгү окшош экенин, ууру-кескилер бардык жерде бар экенин көрдү. Андыктан жарандык согушка барат деп ойлобойм.

Экинчи тараптан мыйзамдын үстөмдүгүнө басым жасашыбыз керек. Соттун чечиминин негизинде гана кылмышкер же кылмышкер эмес деп айтуу туура. Буюрса, өнүгүү жолуна бара жатабыз, элдин аң-сезиминин өнүгүп жатканы - чоң жетишкендик. Биз алдыда да жарандык согуш дегенден алыс болобуз деп ишенем", - деди Исаков.

КЫЛЫЧОВ: "Бийликти тынч жол менен өткөрүп берген адамды тынчтык бузуп болсо да жоготуу аракеттери жүрүп жатат"

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычов эки "дос" тирешин ушул бойдон улантса, жаңжал чыгып кетиши мүмкүн деген оюн айтат.

"Экс-президент өлкөдө тынчтык болсун, түндүк-түштүк деп бөлүнүүлөр болбосун деп жакшы ниети менен биздин тарыхта биринчи жолу тынчтык жолу менен бийлигин өткөрүп берди. Ошол күнү баарыбыз көргөнбүз, досу Алмазбек Шаршеновичтин жасаган эмгектерине ыраазычылыктарын айтып, ал тургай Кыргыз өлкөсүндөгү эң чоң, өзгөчө "Ак шумкар" сыйлыгы менен сыйлайм деп жарыялаган. Бирок экс-президенттин таза ниет менен өткөрүп берген бийлигин алган досу Атамбаевдин кылып кеткен эмгегин уланта албай жатабы же жасай албай жатабы билбейм, биз жумушун көргөн жокпуз да. Балким, ич күйдүлүк кылып дейбизби же Алмазбек Шаршенович анын туура эмес иштерин айтып койгонуна таарындыбы, айтор, тынчтыкты бузуп болсо да Атамбаевди жоготуу максаты, ою болуп жатканын ачык айтып коюш керек", - деди Кылычов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан