КҮНСОБОЛ: Конституцияны кайра өзгөртүү керекпи?

Быйыл 5-майда Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын кабыл алынганына 25 жыл толот. Бул аралыкта Конституцияга 9 ирет өзгөртүү киргизилген. Аскар Акаевдин убагында 4 жолу, ал эми Курманбек Бакиевдин тушунда 3 ирет толукталып, өзгөртүлгөн. 2010-жылы экинчи президент бийликтен кулатылгандан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, эксперттер, саясатчылар жана жарандык коомдун катышуусу менен жаңы Конституция талкууланып, кабыл алынган. 2016-жылы Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда референдум өткөрүлүп, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилген.

Учурда коомчулукта белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер тарабынан Баш мыйзамды өзгөртүү керек деген сунуштар айтыла баштады. Ошонун негизинде SUPER.KG порталы "Конституцияны кайра өзгөртүү керекпи?" деген суроонун үстүндө собол салды.

БАЙСАЛОВ: "Азыркы Конституцияны туу тутушубуз керек деген терең жаңылыштык"

Коомдук ишмер, активист Эдил Байсаловдун ою боюнча, парламенттик демократияга жеттик деген менен иш жүзүндө андай эмес. "Биз азыр 2010-жылы кабыл алынган, 2016-жылы өзгөртүлгөн Конституция менен жашап жатабыз. Муну биз парламенттик демократия деп жатабыз, бирок бул Баш мыйзам демократияны, бекем системди кура алган жок, бул нерсени Конституциянын автору Өмүрбек Текебаев дагы танбайт. Көптөгөн катачылыктар бар, "ушул Конституцияны туу тутушубуз керек" деген терең жаңылыштык. Ошондуктан 3-4 жыл терең талкуулап, оңдоо киргизсек орундуу иш болот, катачылык болуп жатса, эмнеге оңдоого болбосун.

Парламенттик системди көрдүк, мен мисалы, парламентти элдик орган катары кабыл албайм, ишенбейм. Муну байлардын акционердик коому катары кабыл алсак болот, булар бир канча ирет элдин кызыкчылыгына каршы чыгышкан. Ошондуктан элдик орган болуп, элдин кызыкчылыгын актайт деп ишенбейм.

Учурда парламенттик шайлоодо партиялар үчүн 9 пайыздык чекти коюп коюшту, бул байлардын бийликти колуна топтоп алуусуна алып келди, мындай системде чыныгы элдик өкүл келе албайт. Биз эл өзүнө жаккан гана талапкерге добуш бере ала турган системди киргизишибиз керек, партиянын тизмеси ачык болуш керек. Ошондой систем кире турган болсо, эл тизмеден карап өзү колдогон талапкерге добуш бере алат. Ошондо алдыңкы тизмеде турган талапкер эмес, көп добуш алган, элге иштеген чыныгы эл өкүлү шайланып келүүгө жол ачылат. Ушундай өзгөртүүлөрдү киргизбесек, парламент эч качан элдик парламент болуп, эл үчүн иштебейт", - деди Байсалов.

ИМАНАЛИЕВ: "2010-жылы кабыл алынган Конституция жакшы иштеди"

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиевдин пикири боюнча, азыркы Конституцияны түп тамыры менен өзгөртүп, туруктуу бир бутактын башкаруусуна өткөрүшүбүз керек. “2016-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизилип жатканда, мен “бул Конституциянын мотору жол тандабастыкы, кузову Москвичтики, дөңгөлөгү Ниваныкы болуп калды, бири-бирине айкашпай калды” деп айткам. Өзгөртүп жатканда демилгечилер "парламентаризм өнүгөт, укук коргоо органдарында реформа болот" деген жана башка убадаларды айтышкан. Бирок убадалардын бири дагы аткарылган жок. Ошол өзгөртүүгө каршы болгондугу үчүн Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Саляновага иш козголду, эч ким пайда тапкан жок.

Эми Конституцияны өзгөртүү үчүн мамлекет менен коомчулук биргелешип комиссия түзүп, 2 жыл иштеп, 2020-жылы өзгөртүү киргизиши керек. Өзгөртүүдө 3 эле маселе көтөрүлүш керек: парламенттик башкаруу, президенттик башкаруу же парламенттик-президенттик бакшкаруу. Менимче, парламенттик жолду тандайт окшойбуз. Эл кайсыга добуш берсе, ошого ылайыктуу Конституция жазылат.

Баш мыйзамды түп тамырынан өзгөртүш керек, себеби президенттик эмес же парламенттик эмес башкаруу болуп калган. 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын 2016-жылкыга караганда бир топ артыкчылыктары бар болчу, 2010-жылдан 2016-жылга чейин ал мыйзам жакшы иштеди. Эми өзгөртө турган болсок, 2010-жылдагы жана 2016-жылдагы конституцияга барбай, башка жаңы Конституция керек”, - деди Иманалиев.

ЖЭЭНЧОРОЕВ: "Азыр баш мыйзамды өзгөрткөнгө болбойт"

Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороевдин пикири боюнча, Баш мыйзамды өзгөртө берүүнүн ордуна анын иштешин көзөмөлдөө туура болот. "Конституцияны өзгөртө турган болсок, 2020-жылы жасаш керек болот. Биз бул мыйзамды былтыр кабыл алдык, аны карап чыгышыбыз керек, кайсы жери иштеп, кайсы жери иштеген жок. Иштеп баштаганына бир жыл өтө элек, өзгөртө берүүнүн ордуна биринчиден мыйзамдын иштешин көзөмөлдөшүбүз керек. Эгер өзгөртөбүз деген сунуштар көтөрүлсө, биз ал сунуштарды карап чыгышыбыз керек. Айрымдар президенттик башкаруу кылабыз десе, айрымдар башканы айтып жатат, бул нерселер өзгөртүүгө негиз боло албайт. Биз азыр парламенттик багытка түшкөнбүз. Менин оюмча, азыр өзгөрткөн болбойт", - деди Жээнчороев.

АБДРАХМАТОВА: "Конституцияны өзгөрткөндө кайсы бутакка кандай укук тийди деп өзгөртүү туура эмес"

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова Конституцияны өзгөрткөндө кайсы бутакка кандай укук тийди деп эмес, элдин кызыкчылыгын аткарабы, ошого маани бериш керектигин белгиледи. “2020-жылга чейин Баш мыйзам өзгөртүлбөсүн деген берене бар да. Өзгөртүү боюнча сунуштар түшө турган болсо, ошол тармактагы адистер менен сүйлөшүп, кызыкдар болгон бардык тараптар менен талкуулап чыгышыбыз керек. Өзгөртүүгө татыктуу болгон сунуш болсо, өзгөртүп, же болбосо эмне үчүн өзгөртпөй турганын ачык айтып, ишти ачык жүргүзүш керек. 3-4 жыл аралыгында эле Конституциянын өзгөрүшү бул туруксуздук болуп, мамлекеттик түзүлүшкө, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет. Ошол себептен Баш мыйзамдын туруктуу болушуна жаран катары да, юрист катары да кызыкдармын. Бирок 2016-жылы, тилекке каршы, референдум аркылуу өзгөртүүлөр кирип кеткен.

Конституцияны өзгөрткөндө кайсы бутакка кандай укук тийди деп эмес, элдин кызыкчылыгын аткарабы, ошого маани бериш керек. Биздин бийлик башындагы адамдар жана жол баштаган адамдар биригип, ынтымакка келип, бир нукка түшүү жолун аныктап, анан элге “ушул багытты тандадык” деп сунушташ керек, андан кийин гана Баш мыйзамды ошого карап өзгөртүш керек. Биринчи Баш мыйзамды өзгөртүүдөн эмес, өткөн-кеткен тарыхка баа берип, андай нерселер кайталанбай турган жолго түшүү жолун табуу жолунан башташыбыз керек”, - деди Абдрахматова.

ОСМОНАЛИЕВ: "Бизге парламенттик-президенттик башкаруу туура келет"

Юридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиевдин ою боюнча, Баш мыйзамды өзгөртүүнүн кажети жок, бирок такыр эле иштөөгө тоскоолдук жаратып жаткан болсо, анда өзгөртсө болот. "Баш мыйзамды тез-тез эле өзгөртө берүүгө болбойт, азыр өзгөртүүнүн кажети жок. Биздин Конституция өтө майдаланып кеткен, ошондуктан өзгөртүү тууралуу кептер айтылып жатат болуш керек. Айрым саясатчылар "парламенттик мамлекетти түзөлү, буга Конституция жол ачып бериш керек" деген ойлорун айтып жатышат, мен бул сунуштарды колдобойм. Бизге парламенттик башкаруу болбойт, саясий кырдаалга дал келбейт, президенттик башкаруу да болбойт, болбой турганын болуп өткөн революциялар көрсөттү. Бизге күчтүү парламент жана күчтүү президент, күчтүү премьер-министр керек. Бизге парламенттик-президенттик башкаруу туура келет.

Идеалдуу Конституция болбойт, издесе кемчиликтер чыга берет. Учурда Конституцияны иштетиш керек, такыр эле иштөөгө тоскоолдук жаратып жатса, анда өзгөртүш керек. 2020-жылга чейин референдум аркылуу гана өзгөртсө болот, ал эми 2020-жылдан кийин Жогорку Кеңеш өзгөртүү укугуна ээ болот”, - деди Осмоналиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан