22-февралда "Ата Мекен" партиясынын жыйыны Бишкек шаарында өттү. Анда партиянын лидери Өмүрбек Текебаев өкмөттү сынга алды. Ал экономиканын өсүшү басаңдап, түз инвестиция өлкөгө келбей калганын билдирген. Өкмөттү "бечел, шалтурук" деп атаган. Буга жооп кылып, өкмөттүн басма сөз катчысы Текебаевдин сыны жакындаган шайлоого байланыштуу деген билдирүү таратты.
SUPER.KG порталы "Текебаев өкмөт чабал болуп жатат десе, өкмөт Текебаевдин сынын шайлоо жакындап калганына байланыштуу деди. Өкмөт чабал болуп жатат деген сын шайлоого гана байланыштуубу?" деген собол салды.
БАКИРОВ: "Өкмөткө карата сын-пикирлер ар дайым эле айтыла берет"
Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров өкмөткө карата сын-пикирлер ар дайым эле айтылып турарын белгиледи.
"Бул жерде өкмөт боюнча буга чейин, азыр, мындан кийин деле сын-пикирлер айтылат. Аткаруу бийлиги болгондон кийин жумушунда кемчиликтер, жетишкендиктер болот. Бул жалпы айтыла турган сөздөрдүн бири. Ал эми конкреттүү кайсы тармак боюнча чабал болуп жаткандыгын так билбейм. Өкмөт, парламент деле сындалып жатат. Бул мындайча айтканда, мыйзам ченемдүү көрүнүш, бул биз үчүн жаңылык эмес. Өкмөт аракетин кылууда. Парламенттик-президенттик башкаруу бийлигине өткөндөн кийин мындай стабилдүү өкмөт болгон эмес. Бирок ичинде жаңылануу болуп жатат. 80 пайыздан ашык жаңылануу болду. Кайсы бир тармакты тарта албаган министр болсо, аны алмаштырып ордуна башка адам дайындалууда. Тоо-кен тармагы, энергетика тармагы боюнча жакшы жумуштар бар. Өкмөткө айтылган сын ар дайым болуп турчу нерсе", - дейт Бакиров.
ШАКИЕВ: "Эч кандай шайлоого байланыштырбай эле, карапайым элден сурамжыласа деле ошондой баа берилмек"
Экс-министр Нурланбек Шакиев азыркы өкмөттүн чабал экендигин бир жыл мурун эле эфирде айтканын эскертти.
"Текебаев өкмөт эмнеге чабал, бечел, шалтурук экендигин ташка тамга баскандай далилдер менен айтты. Кыргызда "Уялбаган кыз уялган кыздын бетин тырмайт" деген сөз бар го. Өкмөттүн жообу ушул сөздөй эле болду. Андай болбосо конкреттүү жасалып жаткан иштерди далил келтирип, силер ушуларды көрбөй жатасыңар дегендей жооп бериши керек эле. Азыркы бийликке эч кандай шайлоого байланыштырбай эле, карапайым элден сурамжыласа деле ошондой баа берилмек. Азыр сенектик мезгилде жашап жатабыз. Эл чарбасынын бир дагы тармагында өсүп-өнүгүү жок. Артка да, алдыга да кетпей чайпалып, ордубузда турабыз. Бул өтө жаман көрүнүш. Эгерде шайлоого байланыштуу болсо алдыда азыркы бийликке карата айтылчу ачуу пикирлер, сындар өтө курч болот. Андыктан чычалабай, ачуу чындыкты моюнга алып, кемчиликтерди тездик менен оңдоп, чыйралып, алды-артын карап чымырканып иштеш керек. Иш билги, кесипкөй кадрларды көбүрөөк тартып, экономиканы, элдин жашоосун жакшыртууну күнү-түнү ойлонушу зарыл", - дейт Шакиев.
КЕЛДИБЕКОВ: "Чабал кылган бул Текебаев... Ал мыйзамды жазып жатканда туура кылышы керек эле"
Саясатчы Ахматбек Келдибеков Текебаевге окшогондорго эч нерсе жакпай турганын айтты.
"Куудул Тынар Курбаналиевдин коюп жаткан интермедиясы мага жакты. 119 кой бар, теке жок деп айтпадыбы. Бул Текебаев кайсы жерге сүйкөнөрүн билбей жатат. Ал саясий чайкоочулук кылып, бир нерсени сүйлөп койсом ишим чечилет деп ойлоп жатат. Мыйзам бардыгына бирдей. Ошон үчүн бүгүнкү күндө ал бир туруп президент экономикалык иштерди өзүнө алды деп, кайра өкмөт чабал деп жатат. Ошонун бардыгын чабал кылган бул Текебаев. Ал мыйзамды жазып жатканда туура кылышы керек эле. Президентти бүгүн жалпы кыргыз эли шайлагандан кийин экономикалык, социалдык жана башка Кыргыз мамлекетинде болуп жаткан иштердин бардыгына жооптуу. Ошон үчүн менин оюмча, бүгүнкү күндөгү президент менен өкмөттүн иш алып барып жатканы Текебаевге окшогон кишилерге жакпайт. Андай кишилерге эч нерсе жакпайт. Эч нерсе жагып дагы көргөн эмес", - дейт Келдибеков.
АСАНОВ: "Өкмөттү сындаган пикирлер шайлоого чейин эле айтылып жүргөн"
Саясатчы Бектур Асанов Текебаевдин өкмөттү сындаганы туура экенин билдирди.
"Аткаруу бийлигин сындаган пикирлер шайлоого чейин эле айтылып жүргөн. Өкмөттүн чабалдыгы бул жашыруун эмес да. Менин оюмча, бул өкмөттүн айласы кетип калганда Текебаевге берген жообу. Негизинен Текебаевдин өкмөттү сындаганы туура", - дейт Бектур Асанов.
КЕЛДИБАЕВ: "Текебаев саясатчы болуп түптөлгөндөн бери оюн ачык билдирип келет"
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев Текебаевдин пикири негиздүү экенин айтты.
"Текебаев саясатчы болуп түптөлгөндөн бери оюн ачык билдирген кыргыз саясатчысы. Ал шайлоо жакындаганына карабай эле дайыма өзүнүн позициясын айтып келген. Анын билдирүүсү туура жана негиздүү. Текебаевдин өкмөттү сындаганы шайлоого байланыштуу эмес", - дейт Келдибаев.
ДҮЙШӨБАЕВ: "Текебаевдин өкмөттү сындаганында кандайдыр бир негиз бар деп эсептейм"
Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев Текебаевдин өкмөттү сындаганында кандайдыр бир негиз бар деген пикирде.
"Текебаевдин өкмөттү сындаганы шайлоого гана байланыштуу эмес. Биринчи кезекте коомдун пикири, элдин ою кандай экенин угушубуз керек. Элдин арасында өкмөт жакшы иштеп жатат же алгылыктуу иштерди бүтүрдү деген маанай төмөн. Текебаевдин айтканында кандайдыр бир негиз бар деп эсептейм", - дейт Дүйшөбаев.