КҮНСОБОЛ: Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу окуяларды журналисттер чагылдырбаганы туура. Депутаттын мындай сунушу "ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" дегендик эмеспи?

Депутат Таалайбек Масабиров массалык маалымат булактарында үрөй учура турган маалыматтар берилип жатканын билдирип, бул кичинекей балдардын психологиясына терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айткан. Ал маалыматты бергенде чектөө киргизилиши керектигин белгилеген. Буга чейин дагы бир катар депутаттар ушундай сунуштарын айтып келишкен.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу окуяларды журналисттер чагылдырбаганы туура. Депутаттын мындай сунушу "ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" дегендик эмеспи?" деген собол салды.

ИСМАИЛОВА: "Коом бул көйгөй канчалык деңгээлге көтөрүлгөнүн билип турушу керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова коом бул көйгөй канчалык деңгээлге көтөрүлгөнүн билип турушу керек деген пикирде.

"Депутаттын мындай сунушу туура эмес. Социалдык тармактарга зордук-зомбулукка байланыштуу болгон бардык окуяларды чыгарып турушубуз керек. Анткени биздин жарандарыбыз бул көйгөй канчалык деңгээлге көтөрүлүп кеткени жөнүндө билиши шарт. Болгон окуялардын баарын билдиришибиз зарыл. Мурда социалдык тармак мындай иштечү эмес да. Билбей эле жүрүптүрбүз", - дейт Исмаилова.

ИКРАМОВ: "Канчалык жаман нерсени жайылткан сайын элдин психологиясы ошол нукка кете берет"

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жаман маалыматтарды жайылтпоо керектигин билдирди.

"Ар бир нерсенин эки тарабы тең болот. Канчалык жаман нерсени жайылткан сайын элдин психологиясы ошол нукка кете берет. Жаманды жашырыш керек. Бул менин жеке пикирим, ар ким ар кандай ойлойт. Элибизге жакшы нерсе айтылып турса жакшы болмок. СССР убагында канча деген окуялар болгон, бирок жаман жактар айтылган эмес", - дейт Икрамов.

МОМБЕКОВ: "Маалымат каражаттары зомбулук боюнча маселени жаш балдарга тескери таасир бербегендей кылып чагылдырышы керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков кыңыр ишти кылтып койгон жаңылыштык экенин белгиледи.

"Зомбулук Кыргыз мамлекетиндеги мыйзам бузуу кылмыштарынын бири болуп эсептелет. Кыңыр иш 40 жылда билинип калат дегендей эле, кыңыр ишти кылтып койгондун өзү жаңылыштык. Бардыгы ачыкка чыгып турушу керек. Бирок зомбулук боюнча маалыматты жаш балдардын эс-тутумуна таасир бербегендей кылып чагылдыруу зарыл. Мыкачылыкты жазбай эле койгон туура болот. Аларга адабий терминдерди колдонуп жазуу шарт. Зомбулукту сүрөттөп, баяндап бериштин кереги жок. Бул жаштардын тарбиясына тескери таасирин тийгизе турганын эске алышыбыз керек", - дейт Момбеков.

ТУРДУБЕКОВА: "Зомбулукту жашырганда көйгөй чечилип кетпейт"

Укук коргоочу Назгүл Турдубекова бул туура эмес деген пикирде. "Ар бир адамдын маалымат алганга укугу бар. Коомчулук ачык-айкын, объективдүү маалымат алып турушу керек. Кыргыз мамлекетинде зордук-зомбулук боюнча канчалык аялдар кыйынчылыкка учурап жатканы боюнча толук маалымат берилип турушу зарыл. Жер-жерлерде өкмөттүн өкүлдөрү дагы план түзгөнгө, кандайдыр бир чара иштеп чыкканга түшүнүгү болот. Эгерде биз эч ким билбесин, эч ким көрбөсүн деп унчукпай отурсак, ал көйгөй жок болуп кетпейт. Себеби зордук-зомбулукту кылган адамдар мыйзамды деле билишпейт. Негизи мыйзамды билбеген адамдар ушундай ишке барышат. Маалыматтар чыгып турса тийиштүү, эффективдүү чара иштеп чыкканга мүмкүнчүлүк болот", - дейт Турдубекова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан