КҮНСОБОЛ: "Коопсуз шаар" долбоору боюнча айдоочулардын 57 пайызы айып пулун төлөй элек. Аталган долбоордун максаты коомчулуктун коопсуздугун камсыз кылуубу же элден акча жыйнообу?

Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жол эрежелерин бузуу боюнча айып пулдарынын өлчөмүн азайтууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Анда ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов жол эрежесин бузгандардын 43 пайызы гана айып пул төлөгөнүн айтты.

SUPER.KG порталы "Коопсуз шаар" долбоору боюнча айдоочулардын 57 пайызы айып пулун төлөй элек. Аталган долбоордун максаты коомчулуктун коопсуздугун камсыз кылуубу же элден акча жыйнообу?" деген собол салды.

БАКИРОВ: "Долбоордун максаты - коопсуздукту камсыз кылуу"

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров "Коопсуз шаар" долбоорунун максаты коопсуздукту камсыз кылуу экенин белгиледи.

"Долбоордун максаты коопсуздукту камсыз кылуу экенин өкмөт бир канча жолу айткан. Айып пулдар ар кандай себептерден улам чогулбай жатат. Айрымдар автоунааны ишеним кат менен айдап жүрүшөт, айып пулдун көлөмү жогору болуп жатат. Мындан улам өкмөт, парламент айып пулду төмөндөтүүгө аракет кылып жатышат. Ал эми буга чейин чегерилип калган айып пулдарды сөзсүз түрдө төлөш керек. Анткени унаасын сатканда бул маселе көтөрүлөт. 1-2 айлык акция уюштуруп, кыска убакыттын ичинде айып пулду төлөсөңөр жеңилдиктер болот дегендей механизмдерди карап көрүүнү сунуштап жатабыз", - дейт Мирлан Бакиров.

ОРМОНОВ: "Коопсуз шаар" долбоорунун максаты акча чогултуу эмес"

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов долбоордун максаты коопсуздукту камсыз кылуу болуп санала турганын айтты.

"Акыркы жылдары жол кырсыгынан көптөгөн жарандарыбыз жаракат алып, каза болуп жатат. Ошондуктан долбоордун эң негизги максаты жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу. Айрымдар айып пулдун көлөмү азайса, бюджетке акча түшпөй кала турганын айтышууда. Долбоордун максаты бюджетке акча чогултуу эмес. "Коопсуз шаар" долбоору аркылуу биздин жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу керек", - дейт Ормонов.

МАМАТАЛИЕВ: "Коопсуз шаар" долбоорунун максаты акча чогултуу эмес, адамдардын өмүрүн сактоо"

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев айып пулдардын көлөмү жашоо-шартка байланыштуу болушу керек деген пикирде. "Жол эрежесин бузуу боюнча айып пулдардын суммасы биздин азыркы өзүбүздүн турмушубузга ылайыктуу эмес. Биздин андай айып пул төлөй турган айлыгыбыз жок. Жашоо-шартыбыз дагы ага жетпейт. Биринчи кезекте долбоор акча чогултуу катарында болуп калып жаткан. Депутаттар айып пулду 3000 сомдон 1000 сомго чейин түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун даярдашты. Ага ылайык, айып пулдун көлөмү азыркы жашоо-шартыбызга туура келет. Айдоочулардын 57 пайызы айып пулун төлөбөй жатканынын себеби баарына эле белгилүү. Алар айып пулдун өлчөмү жогору болгондуктан төлөбөй жатышат. Адам баласынын өмүрүнө коркунуч келтирген жол эрежесин бузуу боюнча айып пулду жогорулатуу керек. Ал эми анчалык коркунуч келтирбеген жол эрежесин бузуу боюнча айып пулду азайтуу зарыл. Максат акча чогултуу эмес, адамдардын өмүрүн сактоо болушу шарт", - дейт Маматалиев.

БАКИРОВ: "Коопсуз шаар" долбоорунун негизги максаты шаардын жана жарандардын коопсуздугу болушу керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров долбоордун максаты жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу экенин айтты.

"Негизи "Коопсуз шаар" долбоорунун негизги максаты шаардын жана жарандардын коопсуздугу болушу керек. Бүгүн жолдогу кырсыктардын кескин азайганы боюнча дагы айтылды. Бул жакшы көрүнүш. Жол эрежесин бузуу боюнча айып пулдардын көлөмүн азайтуу боюнча мыйзам долбоору каралды. Кандай болгон күндө дагы долбоордун негизги максаты жарандарыбыздын жана шаарыбыздын коопсуздугу болушу керек. Ал эми кийинки маселе балким, акча жыйноо болушу мүмкүн", - деди Бакиров.

МАСАЛИЕВ: "Айып пулдар унааларды каттоонун көйгөйүнөн улам төлөнбөй жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жол эрежесиндеги айып пулдардын төлөнбөгөнү унаа айдоочуларынын эмес, анын жакын туугандарына катталып калганынан улам болуп жатканын айтты. "Жол эрежесиндеги айып бузуулар боюнча 3000 сом төлөй турган жерде 1000 сомго түшүрүп жатат. Ошондуктан бул жерде айдоочуларга бир аз болсо дагы жеңилдик болууда. Айып пулдар унааларды каттоонун көйгөйүнөн улам төлөнбөй жатат. Себеби унаа ээсинин эмес, анын туугандарына катталып калган учурлар кездешүүдө. Башка адамга катталган унааны айдоочу айдап жүрөт. Ал айып пулдар тууганынын дарегине барганда алар төлөшпөйт да. Негизги көйгөйдүн баары ушул жерде болууда. Эгерде унаа айдоочунун өзүнүн атында болсо, ал ошол замат дароо төлөмөк. Айып пул төлөбөгөндөрдүн унаасын айып аянтчасына коюш керек. Мына ошондо чырлар башталат. Ага азырынча кээ бир кызматкерлердин алы жетпейт. Мисалы, мен жеке өзүм 5 жолу 7 жарым миң сомдон айып пул төлөдүм. Ал эми унааларды каттоо өтө татаал маселе, ага кепилдемеге уруксат берип коюшат. Бир кишинин атында 10-15 унаа турат. Анан ал 2-3 жолу колдон колго өткөн. Бул маселени чечүү үчүн акырындап элди көндүрүү зарыл. Унаа айдоочунун гана атына катталышы шарт. Бул бир күндө чечилип калчу маселе эмес", - деди Масалиев.

КАРАСАРТОВА: "Коопсуз шаар" долбоору акча чогултуу үчүн багытталгандай болуп көрүнүп турат"

Укук коргоочу Рита Карасартова билдиргендей, "Коопсуз шаар" долбоору акча чогултуу үчүн эле багытталгандай көрүнүп жатат. "Бул долбоорду кичинекей шаардан баштаса жеңил жана туура болмок. Бүгүнкү күндө булар чоң долбоор кылып башташты. Долбоор 34 миллион доллар менен ишке ашты. "Коопсуз шаар" видеокөзөмөлдү гана камсыздады. Калган маселелердин баарын муниципалитетке үйүп коюшту. Кээ бир жакка муниципалитет жол белгилерин туура эмес чийип койсо ал жерде тыгын көбөйөт. Бүгүн көптөгөн маселелер чечилбей туруп, долбоордун экинчи фазасын ишке ашырабыз деп жатышат. "Коопсуз шаар" долбоору акча чогултуу үчүн багытталгандай болуп көрүнүп турат", - дейт Карасартова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан