КҮНСОБОЛ: Кыргыз мамлекети АКШ, Кытай, Орусия өңдүү өлкөлөрдүн кызыкчылыктарынын кагылыш очогунда калдыбы?

Өткөн аптада "Азаттык" "Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондордун изи" деген иликтөөсүнүн уландысын жарыялаган. Макаладан улам социалдык тармактын колдонуучулары талаш-тартыш жараткан талкуу жүргүзүп, алардын арасында Кыргыз мамлекети АКШ, Кытай, Орусия өңдүү өлкөлөрдүн кызыкчылыктарынын кагылыш очогунда калды дегендер да бар.

SUPER.KG порталы "Кыргыз мамлекети АКШ, Кытай, Орусия өңдүү өлкөлөрдүн кызыкчылыктарынын кагылыш очогунда калдыбы?" деген собол салды.

КАРАШЕВ: "Биз бир өлкөнүн ортосунда кала турган мамлекет эмеспиз"

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев Кыргыз мамлекети көз карандысыз өлкө экенин белгиледи.

"Кыргыз мамлекети өз алдынча, эгемендүү, көз карандысыз өлкө. Өзүнүн аянты, Конституциясы, желеги, гимни бар. Бул жерде 6 жарым миллион калк жашайт. Баарыбыз Кыргыз мамлекетинин патриотубуз. Биз эч кандай бир өлкөнүн ортосунда калган мамлекет эмеспиз", - дейт Аалы Карашев.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Кыргыз өлкөсү бүгүнкү күндө эки көз караштын кызыкчылыктарынын ортосунда калып калды"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, Кыргыз мамлекети кандайдыр бир өлкөлөрдүн кызыкчылыгынын кагылышынын ортосунда калган жок. "Кыргыз мамлекети Кытай, АКШ, Орусия өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарынын ортосунда калды деп айта албайм. Кыргыз өлкөсү бүгүнкү күндө эки көз караштын кызыкчылыктарынын ортосунда калып калды. Биринчиси, Кытай менен Орусиянын авторитардык жана бир адамдын бийлигин сактап калуу көз карашы. Экинчиси, адилеттүү, ачык-айкын, демократиялык башкарууну киргизүүгө аракет кылган идеологияны орноткусу келген көз караш. Ушул эки көз караш кагылышып жатат. Эгер биз Кыргыз мамлекетинде адилеттүү башкаруу, адилеттүү сот курабыз десек, сөзсүз түрдө демократиялык, ачык башкарууну тандашыбыз керек. Бизге андай мамлекет кереги жок десек, анда авторитардык көз караштагы Орусия, Кытай каалаган башкарууну калтыра берсек болот", - дейт Равшан Жээнбеков.

МОЛДОКМАТОВ: "Кыргыз мамлекетинде болгон саясий окуялар бизге жакын жайгашкан коңшу мамлекеттерге тез таркайт"

"Замандаш" саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов мамлекеттин ичиндеги чечимдер, коомго болгон бийликтин мамилеси акция, пикет, митингдер аркылуу айтылып, чыгып турушу керек деген пикирде. "Кыргыз мамлекети Борбор Азия мамлекеттеринин так ортосунда, Евразия материгинин ортосунда жайгашкан. Стратегиялык мааниге ээ болгон географиялык аймактабыз. Бир жагынан коңшубуз Кытай, бир жагынан Өзбекстан, чыга беришибиз Орусия. Башкача айтканда, жакынкы эки чоң держава менен кошунабыз. Батыш мамлекеттери АКШ, Европа мамлекеттери ар дайым көз артып келет. Кыргыз мамлекетинде болгон саясий окуялар бизге жакын жайгашкан коңшу мамлекеттерге тез таркайт. Бизде болуп жаткан демократиялык процесстер коңшу мамлекеттерге дагы тез сиңирилет. Кыргыз мамлекети эгемендүүлүктү алгандан баштап чоң мамлекеттердин таасири алдында жашап келебиз.

Кыргыз өлкөсү чоң бир тирештин же талаштын алдында калган жок. Бул бүгүнкү митинг же буга чейинки талаш сөз эркиндигинин өтө жогору экенинин белгиси. Албетте, ар кандай иш-аракеттерде биринчи кезекте социалдык жоопкерчилик болушу керек. Бул элдин коопсуздугу жана мамлекеттин кызыкчылыгы. Азыркы учурда Кыргыз мамлекети талаш же тартыштын арасында эмес. Өлкөнүн ичинде жүрүп жаткан демократиялык процесс. Бул нормалдуу көрүнүш. Мамлекеттин ичиндеги чечимдер, коомго болгон бийликтин мамилеси акция, пикет, митингдер аркылуу айтылып, чыгып турушу керек", - дейт Жеңиш Молдакматов.

КЕЛДИБАЕВ: "Кыргыз мамлекети АКШ, Кытай, Орусия өңдүү өлкөлөрдүн кызыкчылыктарынын кагылыш очогунда калган жок"

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев "Азаттыктын" иликтөөсүндө саясий оюндар жок деген пикирде.

"Азаттыктын" иликтөөсүндө АКШнын, Орусиянын кызыкчылыгы жок. Ар бирибиз Кыргыз мамлекетинин жараны болгондон кийин өлкө үчүн күйүшүбүз керек. Кандайдыр бир өлкөнүн кызыкчылыгы корголуп жатат деген сөз ууруларды колдогон адамдардын дооматы жана ушагы болуп эсептелет. Башка күчтөрдүн кызыкчылыгы жок. Буга чоң саясатчылар дагы аралашкан жок. Бул жерде саясий оюн жок. АКШнын авиабазасына байланыштуу маселе тууралуу сөз болсо, кызыкчылык бар деп айтса болот эле", - дейт Келдибаев.

ИСАКОВ: "Өлкөдө ар кандай диний, саясий, улуттук жана аймактык поляризация күчөтүлүп жатат"

"Кыргыз мамлекети геосаясат жагынан, ошондой эле жаңы дүйнөлүк түзүлүштө ээлей турган орду менен чоң мааниге ээ өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет. Ошол эле убакытта, көп эксперименттерди башынан өткөргөн өлкө болгону үчүн жана начар кадрдык саясаттан улам мамлекеттүүлүк жагынан бир топ эле алсырап калды.

Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен эң көп Кыргыз өлкөсү үчүн эмне эксперименттер жасалды? Кыргыз өлкөсү тез арада уңгу улуттан ажырап калсын деген максатта "улут" графасы алынды. Андан сырткары, ар кандай диний, саясий, улуттук жана аймактык поляризация күчөтүлүп жатат. Суроолор аябай көп.
Жакынкы 5 жылда өтө чоң мааниге ээ боло турган өзгөрүүлөргө күбө болобуз, буюрса. Кыргыз өлкөсү бир силкинип алып, көптөгөн көйгөйлөрдү тарыхта калтырат деген үмүтүм бар. Биздин көчөдө дагы чоң майрам болот", - дейт Исаков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан