КҮНСОБОЛ: Министрлер кабинетинин дээрлик жарымы кызматтан кетти. Абылгазиевдин өкмөтү жүктөлгөн милдетти аркалай алдыбы?

Быйыл 20-апрелде Мухаммедкалый Абылгазиев командасы менен өкмөткө келген. Андан бери 8 ай өттү, бул убакыттын ичинде 5 министр кызматтан кетти. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Абылгазиевдин өкмөтү жүктөлгөн милдетти аркалай алдыбы?" деген собол салды.

КЫДЫРАЛИЕВ: "Абылгазиев коркконсуп иштеп жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев парламентте премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге бир эскертүүсү бар экенин айтты.

"Абылгазиев дагы иштеши керек, ага убакыт бериш керек. 27 жыл ичинде өлкөдө 30дай өкмөт башчы иштеди. Ар биринин орто иштеген мөөнөтү бир жылдан ашкан жок. Натыйжада эч кимиси эч кандай жакшы көрсөткүч алып келе алган жок.

Абылгазиев иштесин, убакыт беребиз. Ал жаңы өкмөттү алып келип жатканда "өз милдетин алып бара албаган министрлерди кетирем" деп айткан. Учурда бул процесс жүрүүдө. Абылгазиев системдүү иштеп жатат, иши канааттандырарлык. Парламенттин бир эскертүүсү бар, Абылгазиев чечкиндүү иштеши керек, анткени ал коркконсуп иштөөдө", - деди Кыдыралиев.

ТУРУСКУЛОВ: “Транспорт министринин орун басарынын кармалганы өкмөт башчыга аброй алып келбейт”

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов премьер-министр өкмөттүн курамын түзүп жатканда тандап, талдап таза адамдарды алып келиши керек деген пикирин айтты.

"Абылгазиевдин өкмөтүнүн ишине баа берүү үчүн бир жылдык ишмердүүлүгүн карашыбыз керек. Жаңы жылдан кийин өкмөт башчы жаңы түзүм алып келем деп жатат. Ошондуктан азырынча баа берип, пикир айтууга эрте. Өкмөт башчы бардык болуп жаткан нерселерге жооп бериши керек. Транспорт жана жолдор министринин орун басары кармалганы жаман көрүнүш болду. Бул окуя өкмөт башчыга аброй алып келбейт. Ошондуктан өкмөт башчы министрлер кабинетин түзүп жатканда тандап, талдап таза адамдарды алып келиши керек”, - дейт Турускулов.

КАРАШЕВ: “Өкмөттө көйгөйлөр бар экени катуу талкууланып жатат”

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев парламент Абылгазиевдин өкмөтүнүн бардык сунуштарын колдоп жатканын айтты.

"Өкмөттүн иштешине шарт түзүп берип жатабыз. Азыркы өкмөттүн 5-6 мүчөсү алмашты. Ар кандай себептен кеткендер болду. Талаш-тартыш менен кеткендер дагы болду. Бирок кимисин алып келсе, баарын колдоп келе жатабыз. Жылдын жыйынтыгы менен баа берүү керек. Экономикалык көрсөткүчтөр кандай болгонун жана элдин жашоо деңгээлинде кандай өсүш болгонун көрөбүз. Албетте, көйгөйлөр бар экени коомчулукта катуу талкуу болуп жатат. Бул көйгөйлөрдү жылдын жыйынтыгы менен тастыктап баа беребиз", - дейт Карашев.

МОМБЕКОВ: "Абылгазиевдин өкмөтү Жогорку Кеңештин ишенимин актай алган жок"

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков азыркы өкмөттүн ишин сынга алды.

"Биз өкмөттү апрель айынын аягында шайлаганбыз. Адатта Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, өкмөттүн ишине апрель айында баа берилет. Өкмөттүн бекитилген түзүмүнүн түшүмүн ошондо карайбыз. Жеке пикиримде, өкмөт Жогорку Кеңеш тарабынан берилген ишенимди актай алган жок. Экономикалык өсүш, коррупцияга каршы күрөш солгундап кетти. Кадр саясатында башаламандык болуп жатат. Бул арада ири инвестор алып келишкен жок. Канча убакыттан бери ишке ашыра албай келген чуулгандуу "Коопсуз шаар" долбоору дале ишке кире элек. Оштогу цемент заводу, Таластагы төө буурчак заводу да жеке ишкерлердин колдоосу менен иштеди. Бажы салыгын жыйноо жаатында планды аткара алган жок.

Апрель айында өкмөттүн ишине "канааттандырарлык эмес" деп баа берсек өкмөт отставкага кетиши керек болот. Өкмөттүн курамы бекитилип жатканда "балдардын өкмөтү кетип, чалдар келип жатат" дедим эле. Мына чалдар чарчап калды. Бул кадр саясатындагы калпыстыкты билдирет. Жаш министрди алып келсе, реформа жаратат беле деген ишеним бар болчу. Эски кадрларды бийликке алып келгенде этеги эмне болду? Ара жолдо оодарылып кетти", - деди Момбеков.

РЫСПАЕВ: "Өкмөттүн иши өтө жай жүрүп жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевдин айтымында, депутаттар өкмөттүн кадр маселелерине кийлигише берип, ишин алсыратууда.

"Өкмөттүн бир жылдык отчётун ала элекпиз. Бул отчётту угуп, анан баа берүү керек. Негизи өкмөттөгү чуулгандуу окуялар, чиновниктин пара менен кармалганы жакшы эмес. Мындай көрүнүштөр өкмөткө жакшы баа алып келбейт. Өкмөттүн иши өтө жай жүрүүдө. "2" деген баа койбойм, анткени иштер болуп жатат. Өкмөт ыкчам иштеши керек. Ыкчам багыттарга барышы зарыл. Көп тармактарда, айрыкча, өндүрүш тармактарында эрктүү чечимдерди кабыл алышы керек.

Бир эле өкмөттү күнөөлөй бергенден да алысмын, себеби парламенттик башкаруу болгондон кийин өкмөттүн ишине фракциялардын кийлигишүүлөрү көп болуп жатат. Фракция лидерлеринде, депутаттарда "фракциябыздын квотасы, биздин киши барышы керек" деген түшүнүк пайда болуп калган. Ошон үчүн өкмөттү дагы бир тараптуу күнөөлөй бербей, ага дагы мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Өкмөт өзү баарын түзүп, өзү жооп бергидей кылуу зарыл. Фракциялар, депутаттар тарабынан көптөгөн кийлигишүүлөр боло берсе, өкмөттүн жумушуна залакасы тиерин билебиз. Өзүбүз кадр саясатына кийлигишүүнү токтотпосок, өкмөттүн иши алсырай бериши ыктымал", - деди Рыспаев.

ТОКТОНАСЫРОВ: "Транспорт министринин орун басары пара менен кармалганда Абылгазиев өзү элден кечирим сурап кызматтан кетип калышы керек болчу"

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров министрлер кабинети иштей албай эл алдында уят болуп жатат деген пикирде.

"Министрлер кабинетиндеги ушундай көрүнүш өкмөт башчы туура эмес тандалганын айтып турат. Министрлер кабинетин эптеп эле курап койгондун жыйынтыгы эмне болуп жатат? Иштей албай эл алдында өздөрү уят болуп жатышат. Демек, башкы маселе - кабинетти кантип куруу. Транспорт министринин орун басары пара менен кармалганда Абылгазиев өзү элден кечирим сурап кызматтан кетип калышы керек болчу. Ал болсо жармашып отурат.

Кол алдындагы министрлер одоно катачылыктарды кетирип жатканда өкмөт башчы күнөөлүү болот да. Өкмөттүн курамын тандап жатканда бир эле талкуу менен өткөрүп койбой, дыкат текшерүү керек. Ант бердирип эле кызматка киргизип койбой, министрлерди тандап жатканда "бул тармакты кантип өнүктүрөсүң" деп программаларын сураш керек. Конкреттүү бир министрдин программасын керек болсо 2-3 күн талкууга алуу зарыл", - деди Токтонасыров.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан