КҮНСОБОЛ: Финполдун Матраимовдорго байланыштуу иликтөөсү сизди ишендире алдыбы?

Быйыл май айында "Азаттык" радиосу Матраимовдордун үй-бүлөсүн Кыргыз өлкөсүнөн 700 миллион доллар чыгарып кетүүгө тиешеси бар болушу мүмкүн деген иликтөө жарыялаган. Анда Матраимовдордун фондуна 2 миллион 300 миң доллар которулган деп айтылган.

Финансы полициясы бул журналисттик иликтөөнүн үстүнөн текшерүү жүргүзүп, 700 миллион долларга жакын сумма Кыргыз мамлекетинен чыгарылып кетпегенин, банктар аркылуу которулганын аныктаган. Мындан тышкары мекеме Матраимовдордун фондуна 2 миллион 300 миң доллардын которулганы тастыкталбаганын билдирген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Финполдун Матраимовдорго байланыштуу иликтөөсү сизди ишендире алдыбы?" деген собол салды.

КЕЛДИБЕКОВ: "Иликтөөдөгү миллиондор - бул Кытай менен соода-сатык карым-катыштын акчасы"

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибековдун айтымында, журналисттик иликтөөдөгү маалыматтардын бардыгы жалган. "Албетте, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын ишинин жыйынтыгы ишендире алат, анткени ал менчик компания же агенттик эмес, мамлекеттик мекеме. Бул орган ар бир жасаган ишинин жыйынтыгына жооптуу болот. Ошон үчүн ишенем.

Буга чейин деле финансист-экономист катары айтып келгем: миллиондогон суммадагы акча каражаттын бардыгы Кытай менен соода-сатык карым-катыштын акчасы. Мындан улам бул ири суммадагы акчаны жөн эле өлкөдөн чыгарып койду деп айта тургандай оюнчук эмес. Финпол изилдегиче эле финансылык-экономикалык документтерди көрүп, биринчи күндө эле журналисттик иликтөөдө бардыгы жалган деп айткам", - деди Келдибеков.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Финансы полициясы Матраимовдор боюнча калп айтса, эртели-кеч жетекчилери жооп берет"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, азыр дээрлик бардык өлкөлөрдө мыйзамсыз акчаларды адалдоого каршы эл аралык банктык жана укуктук көзөмөл органдар иштейт.

"Акча жөнөткөн же алган адамдарды, компанияларды жашыруу мүмкүн эмес. Айрыкча, эгер акча каражаттары Европа жана АКШга которулган болсо. 100 жыл өтсө дагы сактала турган документтер менен Финансы полициясы (Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы) калп айтса, анда эртели-кеч жетекчилери жооп берет", - дейт Жээнбеков.

СУЛТАН: "Систем өзгөрмөйүнчө Финпол жүз ирет иликтесе да, анын жыйынтыгынан акыйкаттыкты күтүүгө болбойт"

Мурдагы элчи Кылычбек Султан элдин көңүлүн "образдарга" эмес, мамлекеттик-коррупциялык системди орноткон жогорку тепкичтеги саясатчыларга бурууга чакырды.

"Азыркы систем өзгөрмөйүнчө Финпол жүз ирет иликтесе да, анын жыйынтыгынан акыйкаттыкты күтүүгө болбойт. Анткени Ак Үйдүн 7-кабатына чейин жеткен коррупциянын тамыры дагы деле кыркыла элек.

"Раим миллион" дейбизби, Эшмат же Ташмат дейбизби, бул жөн гана элдин көңүлүн башка жакка бурууга ыңгайлашкан образдар. Мындай образды жараткан технологдор коррупциянын чыныгы анабашчыларын жаап-жашырууга, карапайым элдин көңүлүн башкага бурууга кызыкдар. Ошондуктан мен элибиздин көңүлүн "образдарга" эмес, мамлекеттик-коррупциялык системди орноткон жогорку тепкичтеги саясатчыларга бурууга чакырат элем.

Элибиздин трагедиясы - бул 30 жылдан бери бийликти каалагандай калчаган президенттер жана элди ит минген абалга жеткирип, шайлоолордо добушун сатуу деңгээлине түшүргөн саясатчылар", - деди Султан.

МАСАЛИЕВ: "Бажы кызматында иштеп кеткен адам катары айтсам, 700 миллион доллар - бул товардын баасы"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин айтымында, Финпол журналисттердин иликтөөсүндөгү материалдын негизинде текшерүү жүргүзүп, учурда 25 миллион доллар боюнча далил тапты. "Финполдун учурда "журналисттер калган материалдарды бербей жатат" дегенин кандай түшүнүү керектигин билбейм. Эгер маалымат агенттигинин мүмкүнчүлүгү болсо, ал материалдарды берип койсо болмок. Себеби Финпол кайсы банктан которулганын билбесе кантип иликтемек эле? Бирок менин пикиримде, ал материалдар деле чийки болсо керек.

Иликтөөдө 700 миллион доллар суммадагы которуулар болгон экен, бизде бүгүнкү күндө 250 миллион доллар которулганы боюнча далил бар деп айтылды. Бирок бул маалыматтарды Финпол сураганда 25 миллион боюнча далил бар деп жооп кайтарып жатышат. Учурда бул туурасында ар кандай сөздөр тарап жатат. Бири ишенсе, экинчиси ишенбейбиз деп жатат. Андай болсо иликтөөнү Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына тапшыруу керек. Мен ишенем же ишенбейм деп айта албайм, себеби менде башка маалымат жок.

Бажы кызматында иштеп кеткен адам катары айтсам, 700 миллион доллар - бул товардын баасы. Иликтөөдө уйгурлардын компаниясы аталып жатат, андай 3-4 ишкана бар. Себеби ай сайын тизме менен миллиондорду которуп турат. Базарда ири суммада товар алгандардан деле сурай турган болсок, алар деле ай сайын 100 миң, жарым миллион, 1 миллионду которуп же конвертке салып, ал акча менен Үрүмчүгө барып товар жөнөтөт. Бул эң жөнөкөй түшүнүк.

Тиги жигит 700 миллион долларды 5 жылда тапты дегенге ишенесизби? Андай болбойт, андай боло турган болсо күн сайын миллион сомдон топтош керек экен. Бул сатып алган товардын наркы болушу мүмкүн деген ойдомун. Ал эми башка которуулар боюнча изилдөө керек. Миллион, миллиард деген сандарды айтканды токтотуп, кичинекей сандарды сүйлөсө иликтөө ийгиликтүү болушу мүмкүн. Учурда эл Матраимовдун сандыгын ачса эле андан 700 миллион доллар же миллиард чыгат деп күтүүдө. Матраимовдо мынча акча жок десе эч ким ишенбейт. Божомолдорду айтып алып коомду бөлүп, “сен сатылдың”, “сатылган жоксуң” деп Матраимовду коргоп койсо, “сен буюртма аткарып жатасың" деп да сүйлөп башташты", - дейт Масалиев.

ТОКТАКУНОВ: "Финполдун иликтөөсү боюнча шектенүүгө негиз бар"

Журналист Али Токтакуновдун айтымында, "Азаттыктын" иликтөөсүндөгү сумма тастыкталды. "Мейли, 700 миллион доллар эмес, 650 миллион доллар экен. Бул деле ири суммадагы акча. Финполдун иликтөөсүнөн кийин менде көп суроолор жаралды: Бул акчалар кимдики? Кимдин атына которулган? Кайдан пайда болду? Финпол азырынча бул суроолорго жооп айта элек.

Бул мамлекеттик мекеменин төрагасы Бакир Таировдун эки тууганы иштеп жаткан компанияга аталган миллиондордун бир бөлүгү которулган. Ошон үчүн Финполдун иликтөөсү боюнча шектенүүгө негиз бар. Таиров өзүн "принципиалдуу жигитмин, ишти аягына чыгарам" деп сыпаттаган. Эми ишинин жыйынтыгын көрөбүз", - деди Токтакунов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан