Кыргыздын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов орусиялык басылмага маек берип жатып Кыргыз жеринде экинчи аскердик базаны куруу мүмкүнчүлүгү бар экенин айткан. Муну ал өлкөнүн түштүк аймагы Ооганстанга жакын экендиги, Ирак, Сириянын таасиринин кооптуулугу менен түшүндүргөн. Жаңы дайындалган элчинин бул билдирүүсү интернетте талкуу жаратты.
4-февралда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бишкекке расмий иш сапары менен келген. Ал аскердик база ачуу азырынча Кыргыз тараптын гана демилгеси экенин белгилеп, Москва бул маселени Кыргыз бийлиги менен талкуулоого даяр экенин айткан болчу.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыз мамлекетине башка өлкөнүн аскерий базасын ачуунун канчалык зарылчылыгы бар?" деген собол салды.
САБИРОВ: “Эгемендүү мамлекет болгонубуз менен бир учагыбыз жок, экономикабыздын абалы начар”
Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров Кыргыз өлкөсүндө коопсуздукту сактоочу техникалар жок экенин айтты.
“Чет өлкөлөрдүн аскерий базалары мамлекеттин коопсуздугу үчүн ачылышы мүмкүн. Башка саясий жолдору да бар. Кандай багытта болорун карап көрүү керек. Азыркы учурда талкуу болуп жаткандагы маселе бул Ооганстандан пайда болуучу чакырыктардан улам айтылган сөз. Эгемендүү мамлекет болгонубуз менен бир учагыбыз жок, экономикабыздын абалы жаман. Биз ЕАЭБге киргенден кийин ошого мүчө өлкөлөр менен иш жүргүзүп жатпайбызбы. Мындан башка эл аралык уюмдар менен иш алып барып келебиз. Ошолордун коопсуздукту камсыздоо максатында кабыл алган чечиминен улам аскердик база ачылып калышы мүмкүн. Кыргызгазды Орусияга берип койгонубузду ушундай алакалардын кесепети десек болот”, - деди Сабиров.
СУЛЕЙМАНОВ: "Башка өлкө Кыргыз жерине аскерий база ачам десе бизге ашыкча чыгым кетирүүнүн кереги деле жок"
Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулейманов аскердик база ачуунун зыяны жок деп эсептейт.
"Ош облусуна аскердик база ачса коопсуздук үчүн жакшы болот деген ойдомун. Ижара үчүн каражат төлөшсө бюджетке түшөт. Жумуш орундары түзүлөт. Башкысы биздин суверенитет, коопсуздугубуз. Терс жактарын көрбөй элемин. Башка өлкө аскерий база ачам десе бизге ашыкча чыгым кетирүүнүн кереги деле жок. Алар бизди коргошот. АКШ деле коопсуздук үчүн Европа өлкөлөрүнө базаларын курган эмеспи. Кыргыз армиясынын абалы да жакшырды. Жаш өлкө катары биз да армиябызды акырындап бекемдеп жатабыз. Менимче, башка өлкөнүн аскерий базасынын бизге зыяны тийбейт, кыргыз армиясы экөө бири-бирине тоскоол жаратышпайт", - деди депутат.
МАМЫТОВ: “Орусиянын тышкы иштер министри аскердик база ачуу күн тартипте жок экенин айтты. Бул маселени талкуулоонун кажети жок”
Акыйкатчы Токон Мамытов билдиргендей, аскердик база ачууну жөн эле чечпей, кандай максатта ачылганы жатат деп карап чыгуу керек.
“Бул нерсе Борбор Азияда, анын ичинде Фергана өрөөнүндөгү аскердик-саясий кырдаалга жараша болот. Азыркы учурда аскердик-саясий кырдаал Ооганстанда аябай курчуп кетти. Бир нече теракттар болду. Бир теракттан 120 киши каза болду. Абал курчуп жатат. Аскердик база ачуу тууралуу жөн эле чечпей, кандай максатта ачылганы жатат деп карап чыгуу керек. Башка коңшу мамлекеттер менен кеңешип, ошол жерде экинчи база Жамааттык коопсуздук келишим уюму, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештик уюму же Кытай менен болобу. Ошону такташ керек. Экинчи аскердик база эмне үчүн керек, аскерлери ким болот, алардын статусу дипломаттыкпы же техникалык персонал болобу? Бул жерде чоң маселе бар. Биз мүчө болгон уюмдардын алдында өзүнчө милдеттемелер бар. Ошол милдеттемелерге каршы келбейби? Шашпай чечиш керек. Дароо эле мындай болот же тигиндей болот деп айтуу эрте. Орусиянын тышкы иштер министри бүгүнкү күнү бул маселе күн тартибинде жок экенин айтты. Ошондуктан бул нерсени талкуулоонун кажети жок”, - дейт Мамытов.
МЕДЕТБЕКОВ: “Кыргыз мамлекетине башка өлкөнүн аскердик базасын ачууга каршы болбош керек”
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков башка өлкөлөр Кыргыз мамлекетинин коопсуздугун, бейкуттугун, стабилдүүлүгүн кааласа, аскердик база ачууга каршы болбош керектигин айтты.
“Башка өлкө тышкы агрессивдүү күчтөргө каршы жардам беребиз десе, эмнеге каршы болмок элек? Кыргыз мамлекетине жардам берүүгө Орусия өзүнүн сунушу менен чыгышы мүмкүн. Кыргыз мамлекетинин түштүгүнө аскердик машыгуучу борбор куруу боюнча 2-3 жылдан бери өлкөбүздүн кээ бир саясатчылары, өкмөттө жүргөн адамдардын атынан демилге болгон. Борбор курулса аскер кызматтарына жаңы техникаларды, жаңы жабдууларды, байланыш системдерин үйрөнүүгө көп жардам болот. Чек арадагы маселе боюнча, коопсуздукка потенциалдуу түрдө зыянын келтирип жаткан эл аралык деңгээлдеги терроризм, экстремизмдин баарын эске алсак эмне үчүн аскердик базадан баш тартышыбыз керек? Муну туура түшүнүшүбүз кажет. Бирок кээде биздин жарандар “Кыргыз мамлекетине базанын кереги жок. Өлкө өзү эле алдыга өсүп кетет” деп айтышат. Эгерде андай философия менен жашасак Кыргыз мамлекетинин өсүп-өнүгүшүнө кыянаттык кылган болуп эсептелет”, - дейт Медетбеков.
КАДЫРБЕКОВ: “Баткен окуясында чакан отрядга күчүбүз жетпей калган”
Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков Кыргыз өлкөсүндө өз алдынча чоң армияны кармоого каражат жетишсиз деген пикирин айтты.
“Орусиянын аскерий базасын ачууга зарылчылык бар. Анткени Орусия менен коркунучтар жаралган учурда бири-бирибизди коргойбуз деген келишим бар. Келишимдин негизинде биздин мамлекет, Казакстан, Орусия, Беларусь керектүү жерге аскерий базаларды коё алышат. Башка өлкөлөрдүн базаларын ачууга зарылчылык жок. Мисалы, Аль-Каида келет деп келишими жок АКШ базасын алып келип катачылык кетиргенбиз. Канттагы база мурун эле бар болчу. Азыр коркунуч Ооган жактан келип жатат. Анткени Сириядан чыккандар Ооганстан аркылуу Орто Азияга киргени жатышат. Мындай учурда өлкөнүн түштүк жагына база ачуу керек болот. Эгемендүү өлкө болуп туруп кичинекей отрядга туруштук бере албай калганыбызды Баткен окуясында көргөнбүз. Чоң армияны кармаганга бизде бюджетте каражат дагы жетишсиз. Бизде Өзбекстан, Казакстандай каражат жок. Танк, тик учактардын баасы кымбат турат. Сырттан коргой турган күч болсо макул болгонубуз туура”, - деди Ишенбай Кадырбеков.
КЕЛДИБАЕВ: “Өлкөгө башка мамлекеттин аскердик базасын ачуунун зарылчылыгы жок”
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев белгилегендей, Кыргыз өлкөсү стабилдүү, эч кандай экстремизм, терроризм коркунучу жок.
“Кыргыз мамлекетине башка өлкөнүн аскердик базасын ачуунун зарылчылыгы жок. Өлкө стабилдүү, эч кандай экстремизм, терроризм коркунучу жок. Башка мамлекеттер менен мамилебиз жакшы. Биздин мамлекет көз карандысыз мамлекеттердин шериктештик уюмуна, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгондуктан эч кандай коркунуч жок. Башка өлкөнүн аскердик базасы ачыла турган болсо ижара акы төлөп, бюджетке салым кошпосо, башка пайда алып келбейт”, - дейт Келдибаев.