8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Ал ошол эле күнү Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин камакта калтырылган. Бүгүн Бишкек шаардык соту Атамбаевдин баш коргоо чарасын УКМКнын имаратында жабык карап, райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Атамбаевдин баш коргоо чарасы экинчи ирет жабык каралды. Бул көрүнүш соттун акыйкаттуулугуна, ачык-айкындуулугуна шек жаратпайбы?" деген собол салды.
МАСАЛИЕВ: "Сот көз карандысыз институт болгондон кийин соттук жыйынды өзүнүн имаратында өткөрүшү керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев белгилегендей, соттук жыйын соттун имаратында өтүшү керек. "2010-жылы май айында мени Убактылуу өкмөт кармашканда так ушундай болгон. Сотту УКМКнын имаратына алып келишкен болчу. Ошондо мен эмне үчүн сот УКМКнын имаратында жыйын өткөрүп жатат деп суроо бергем. Алар мага кээ бир учурда ушундай болушу мүмкүн деп түшүндүрүп беришкен. Негизи ал туура эмес. Кандай болгон учурда дагы сотко алып барышы керек. Бирок мындай нерсе биринчи жолу болуп жаткан жок, бул Убактылуу өкмөттүн тажрыйбасы. Негизи сот көз карандысыз институт болгондон кийин соттук жыйынды өзүнүн имаратында өткөрүшү керек. Баш коргоо чара сөзсүз түрдө ачык болушу керек деген талап жок. Териштирүү иши башталып, күнөө коюлганда сот ачык болушу шарт", - дейт Масалиев.
ТИЛЛАЕВ: "Атамбаевдин баш коргоо чарасы азыркы кырдаалга жараша туура эле жабык өттү"
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев коомдук кырдаалга жараша жабык өткөн болушу керек деген оюн айтты. "Атамбаевдин баш коргоо чарасы азыркы кырдаалга жараша туура эле жабык өттү. Элдин тынчтыгы үчүн жабык өткөнүнө туура эле көз караштамын. Негизи сот ачык өтүшү керек", - дейт Тиллаев.
СООРОНКУЛОВА: "Кармалган адамды сотко алып келгенге мүмкүнчүлүк болбосо же ал ооруп жатса көчмө сот жыйыны уюштурулат"
Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова белгилегендей, негизи сот отурумдары ачык болушу керек. "Соттук отурумдар жабык өткөн учурлар да бар. Бул жолу эмне негиз болгонун билбейт экенмин. Отурумду сотто өткөрүү мүмкүнчүлүгү болбосо сот өзү ошол жакка барып жыйын өткөрсө болот. Бирок ага себеп болушу керек. Буга эмнелер себеп болду белгисиз. Кармалган адамды сотко алып келгенге мүмкүнчүлүк болбосо же ал ооруп жатса көчмө сот жыйыны уюштурулат. Бул жерде коопсуздук үчүн ошондой чечим кабыл алынышы мүмкүн. Бирок жалпы принцип боюнча сот отурумдары сөзсүз ачык болушу шарт. Ал эми соттук ишке кызыкдар болгон адамдарга отурумга катышууга мүкмүнчүлүк түзүлүп берилиши зарыл", - дейт Сооронкулова.
КАРАСАРТОВА: "Бийлик жасап жаткан кадамдарын туура дей турган болсо анда ачык-айкындуулукка өтүшү керек"
Укук коргоочу Рита Карасартова баш коргоо чаралардын жабык өтүшү көнүмүш адат болуп калды деген пикирде. "Атамбаевден башкалардын деле баш коргоо чарасы жабык болгон учурлар бар. Атамбаевдин баш коргоо чарасы сот залында болбой, УКМКнын имаратында болуп өттү. Тескерисинче телеберүүдөн ачык көрсөтүп, ушундай айыптар коюлуп жатат деп көрсөтүшсө туура болмок. Ошондо бир топ элдин көңүлү бийлик жасап жаткан саясатка бурулмак. Соттор жабык өтсө бийлик туура багытта иштеп жатса да элдин оюнда бүдөмүк ойлор жарала берет. Анткени жашыра турган бир нерсе болуп жатат деп айтыла берет. Бийлик жасап жаткан кадамдарын туура дей турган болсо, анда ачык-айкындуулукка өтүшү керек. Антпесе бийликтин рейтинги төмөндөй берет", - дейт Карасартова.
ОШУРАХУНОВА: "Сот жабык өтсө сотко эч ким ишенбейт"
Укук коргоочу Динара Ошурахунова соттор ачык өтүшү керек деген пикирин айтты. "Атамбаев кандай болсо дагы убагында президент болгон. Ошондуктан эл көңүл бурат. Балким, эл толкундап кетпесин деп жабык сот болуп жатат. Бирок бул туура эмес. Сот ачык жүрүшү керек. Элдин баары көңүл буруп жаткандан кийин соттор ачык-айкын өткөрүлүшү керек. Сот жабык өтсө сотко эч ким ишенбейт", - дейт Динара Ошурахунова.
ҮМӨТАЛИЕВА: "Соттун жабык өтүшү ачык-айкындуулукка шек жарататат"
Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева баш коргоо чарасында сырдуу эч нерсе жок болгондуктан ачык өтүшү керек болчу деген пикирде. "Соттун жабык өтүшү ачык-айкындуулукка шек жаратат. Сырдуу эч нерсе деле жок болчу. Азыр бир топ мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр адам укугуна каршы келет. Мурда коомдук жактоочулар соттук отурумдарга катыша беришчү. Азыр болсо алар тергөөчүлөрдүн каалоосуна карата гана киргизилет.
Атамбаевди күбө катары чакырганда аны чабуул менен кармап келсин деген түшүнүк жок. Күбөнү коргоо боюнча мыйзам бар. Күбө көрсөтмө бербегенге акысы бар. Анын керек болсо экс-президент деген макамы алына элек. Макам соттун чечими менен алынышы керек. Мындай мамиле кылуу мыйзамсыз", - дейт Токтайым Үмөталиева.
ТОКТАКУНОВ: "Атамбаевдин соттук процесстери ачык өткөнгө бийликтин өзүнүн кызыкчылыгы болушу керек"
Юрист Нурбек Токтакунов соттун жабык өтүшү ачык-айкындуулукка шек жаратат деген ойдо.
"Атамбаевдин баш коргоо чарасы жабык өткөнү соттун ачык-айкындуулугуна шек жаратат. Бул ишке бүт коомчулук кызыгып жатат. Атамбаевдин соттук процесстери ачык өткөнгө бийликтин өзүнүн кызыкчылыгы болушу керек. Коюлган айыптарга өздөрү ишенсе ачык сот процесстеринен коркпошу керек. Эгерде ачык соттук отурум өткөргөндөн коркуп жатышса, коюлган айыптарга өздөрү ишенбейт дегенди түшүндүрөт", - дейт Нурбек Токтакунов.