Ушул жылдын апрель айында президент Сооронбай Жээнбеков бир тууган агасынын жылдыгына катышуу үчүн Ошко эл менен бир учакта барган эле. Өлкө башчынын бул кадамы коомчулуктун колдоосуна арзыган. Өлкөбүздө жаңы келген жетекчилер тарабынан башында жакшы саамалыктар болгону менен кыска убакытта унутулуп же ар кандай шылтоолор менен токтоп калган учурлар бар.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "6 жыл бою Сооронбай Жээнбеков элге жакын болоруна ишенесизби же бул утурумдук эле пиарбы?" дегендин үстүнөн собол салды.
ТАШИЕВ: "Президент мамлекеттин иши менен мамлекеттик учакта жүрүшү керек"
Экс-депутат Камчыбек Ташиев президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектен Ошко эл менен чогуу учканда жеке иштери менен барганын баса белгиледи. “Менин билишимче, президент Бишкектен Ошко эл менен бирге учуп барган убакта өзүнүн жеке, үй-бүлөлүк иши менен барган. Бул жакшы көрүнүш, жакшы салт. Бирок президент иш сапары, мамлекеттин иши менен бара турган болсо, ал милдеттүү түрдө бардык коопсуздукту сактап, мамлекеттин унаасын, мамлекеттин учагын, мамлекеттин жан сакчыларын пайдаланышы керек. Себеби ал өзү үчүн эле эмес, мамлекеттеги бардык жарандардын президенти. Анын коопсуздугу иштешине шарт түзөт. Ал эми ишинин натыйжалуулугу ар бирибиз үчүн маанилүү болушу керек”, - деди Ташиев.
АБДРАХМАТОВА: "Президентибиздин бул салтты улантышына тилектешмин"
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова өлкө башчылар элге жакын болсо чыныгы турмуштун деңгээлин көрө алат дейт. “Чыныгы лидерлер, позициясына бекемдер, өлкөгө жакшы нерселерди алып келе тургандар элден бөлүнбөйт. Дүйнөдөгү президенттердин, спикерлердин, премьер-министрлердин жан сакчылары болушу керек. Президентибиз кимден жашырынышы керек? Биздин элде эч кандай коркунуч жок. Жолду бекитпей, эл менен чогуу учуп эле жүргөнү жакшы.
Мисалы, Малайзияда жаңы шайланган премьер эл менен эле чогуу жүрүп, университетте лекция окуп, базар аралап жүргөн. Эч кандай зыян тарткан эмес. Мамлекет жетекчилери элге жакын болсо, чыныгы турмуштун абалын, базардагы бааларды, жолдорду өз көзү менен көрөт. Бизде дагы экс-президент Роза Отунбаева эл менен бирге ички жана сырткы сапарларына учуп жүргөн. Эч ким ага кол көтөрүп, зыян келтирген эмес. Албетте, президентибиздин бул салтты улантышына тилектешмин. Канчалык чоң бийлик колуңа тийсе, ошончо чоң жоопкерчиликке да ээ болосуң. Өлкө башчыбыздын жеке ишине кийлигише албаймын. Бирок эл менен бирге учат деп үмүт артып турам”, - деди Абдрахматова.
МЫРЗА: "Жээнбеков буга чейин эле эл менен учкан, ошону 6 жыл сактайт"
Жарандык активист Айбек Мырзанын пикири боюнча, Жээнбековдун эл менен бир каттамда учканы пиар кадам эмес. "Жеке пикиримди айтсам, мен өлкө башчысы эл менен бирге 6 жыл учат деп ишенем. Ички каттамдарда жеке учак менен учууга биздин мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жок, каржылык абалыбыз аны көтөрө албайт. Өзү дагы карапайым президент деп эсептейм, эл менен чогуу эле учат деп ойлойм. Буга чейин деле учкан, ошону 6 жыл сактайт.
Эл менен учканын пиар деп эсептебейм, баштагандан кийин аягына чыгарат болуш керек. Эл менен чогуу учушу, өлкөнүн абалына карап иш кылганы, экинчиден элге жакын болуу максатында болушу керек. Президент тез-тез эле ички каттамда уча бербейт да. Президенттин чынында эле эл менен чогуу учуу ниети бар", - деди жарандык активист.
ОРУНБЕКОВ: "Өзүнчө учак жалдаган президенттер - элинен корккондор"
Журналист Дайырбек Орунбековдун айтымында, Жээнбековдун эл менен бирге учканы - жөнөкөйлүктүн белгиси. "Белгилүү болгондой, президент жеке иши менен Ошко барганда мамлекеттин эмес, өзүнүн каражатына барып келген. Бул жакшы көрүнүш, үлгү боло турган нерсе. Элге жакын, элинен чочулабаган өлкө башчысы дайыма элге жакын жүрөт. Ал эми өзүнчө учак жалдагандар - өз элинен корккондор.
Дүйнөлүк практикада деле өлкө жетекчилери эл менен учкан учурлар көп. Бизде эми алгачкылардан болуп жатат. Президент жеке эле аймактарга болгон сапарында да эл менен учат деп ишенем. Бул көрсөтмө катары эмес, чынында эле жөнөкөйлүктүн белгиси. Өткөндө деле учканда өзү эмес, кошо учкан адамдар айтып, тасмага тартып тарап кетти. Ошондуктан мен бул ишти пиар деп эсептебейм", - деди Орунбеков.