Жогорку Кеңеш ушул аптанын аягында жайкы эс алууга кетет. Парламенттин эртеңки, 27-июндагы жыйынына президент Сооронбай Жээнбеков катыша турганы белгилүү болду. Өлкө башчынын парламенттин жыйынына катышуусу саясаттагы негизги окуялардын бири.
Ошол себептен SUPER.KG порталы "Президент парламент жыйынында кандай маселелерге токтолушу керек деп ойлойсуз?" деген собол салды.
БАЙПАКБАЕВ: "Президентибиз коррупция боюнча элдин айткан ойлорунун баарын ишке ашырып жатат"
Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Экмат Байпакбаев президент коррупция боюнча көп иштерди кылганын айтты.
"Өлкө башчыбыз чукул иштерди көтөрүп, элдин айткан ойлорунун баарын ишке ашырып жатат. Эртең ал Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп, экономика тармагы тууралуу көбүрөөк токтолуп кетет деп ойлойм. Азыркы абалда экономикага көбүрөөк көңүл бурулса жакшы болмок. Эл башчы катары экономиканы көтөрө турган жолду издеш керек", - деди Байпакбаев.
НУРБАЕВ: "Президенттин парламентке болгон сый-урматын көрүп жатабыз"
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Абдывахап Нурбаев өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кайсы 3 маселени козгосо, парламенттеги билдирүүсү өз максатына жетерин айтты.
"Президенттин парламент менен чогуу иштешүүгө ниетин, парламентке болгон сый-урматын көрүп жатабыз. Анткени ал кызматка киришүү аземинде парламентаризмди өнүктүрөбүз деп айткан.
Мен ойлойм, азыр президент көтөрчү маселелердин негизгиси - бул коррупция. Себеби буга чейинки көп чоң суммадагы насыя алган долбоорлордо көп мыйзам бузуулар чыгып жатат.
Экинчи маселе - бул аймактарды өнүктүрүү. Анткени өлкө башчы 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаган, бирок өкмөт иш жүзүндө иш аткарбай жатат.
Үчүнчү маселе - бул экономика. Биз кичи жана орто бизнеске чоң түрткү бере алсак, чоң кыймыл башталат. Муну менен элди мобилизациялайт элек, жумуш орундар түзүлөт. Коомдо орто класс көп болсо, жарандык коомчулук активдүү болот, алар өкмөттү парламентти көзөмөлдөй алат", - деди Нурбаев.
МАМЫТОВ: "Президент айта турган ЖЭБ эле эмес, андан башка да көп маселелер бар"
Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытовдун пикиринде, өлкө жетекчиси козгой турган маселелер арбын, негизги маселелердин бири болгон коррупция көйгөйүнө токтолсо болот.
"Президент ички-тышкы саясат жөнүндө айтуусу мүмкүн. Ошондой эле өлкөдөгү социалдык-экономикалык саясий кырдаал боюнча айтса болот. Айта турган дагы коррупция, тартип, мыйзамдуулук маселелери бар. Өлкөнүн өнүгүп-өсүшү, мындан ары алдыга жылуу боюнча негизги багыттарды көрсөтсө болот. Учурдагы коррупциялык маселелерге да, менимче, токтолот, жеке эле ЖЭБдеги маселе эмес, андан башка "Кумтөр" маселеси жана башка маселелер турат", - деди Мамытов.
ЖОЛДУБАЕВА: "Президент Кыргыз көчүн улантышы керек"
КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева партия жана эл президент Сооронбай Жээнбековдон шайлоодо айтылган убадалардын аткарылышын жана Кыргыз көчүн улантуусун күтөрүн билдирди.
"Биз, КСДП партиясы, шайлоодо өз талапкерибизди көрсөтүү менен эки ураандын алдында чыкканбыз. Ал ураандарыбыз: "Кыргыз көчү жолун улайт" жана "Элдин биримдиги түбөлүккө". Президенттен баарыбыз ушул ураандын аткарылышын күтөбүз", - деди КСДПнын өкүлү.
АСКАРБЕКОВ: "39 адам каза болгон Дача-СУ маселелеси көтөрүлүшү керек"
Жарандык активист Мавлян Аскарбеков коомдо толгон-токой маселе бар экенин, алардын бардыгы акырындык менен болсо да чечилиши керек деген пикирде.
"Биринчиден, коррупция менен күрөш кандай жүрүп жатат, парламент көзөмөлдөп жатабы, ушул маселелер көтөрүлүш керек. Жаңы президент келгенден бери коррупция менен күрөш дегенди гана угуп жатабыз, бирок реформа экономика, саламаттыкты сактоо, армия, милиция жана башка тармактарда да жүрүш керек, ал маселелер айтыла элек.
2020-жылы парламенттик шайлоо болот, шайлоо мыйзамдарына кандай өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек деген маселелер көтөрүлүшү зарыл. Парламентке чала бандит, чала бизнесмендер келбеши керек, мандат сатып алам дегендерди жоопко тартыш керек.
Ошндой эле коомдо чуулгандуу болгон маселелер бар. Дача-СУ маселесин айталы, ал жерде 39 адам көз жумган, мурунку президент жаап-жашырып жүргөн, мен бул маселени козгосом, мага кылмыш иши козголгон. Мындай маселе экинчи кайталанбай тургандай кылып чекит коюш керек, президент бул маселени көтөрүп чыгышы керек, эл акыйкаттыкты күтүп турат", - деди Аскарбеков.