КҮНСОБОЛ: Кыргыз жарандары Орусиянын президентине кайрылып жатат. Бул элдин Кыргыз бийлигине ишенбей калганынын белгисиби?

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын эки тургуну Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жолдошту. Анда жарандар Кыргыз өлкөсүндөгү сотторго, укук коргоо органдарына ишенбей турганын билдиришкен.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыз жарандары Орусиянын президентине кайрылып жатат. Бул элдин Кыргыз бийлигине ишенбей калганынын белгисиби?" деген собол салды.

МАВЛЯНОВА: "Эки адамдын субъективдүү ою 6 миллион калктын баарына жооп бербейт"

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова эки жарандын Орусиянын президентине кайрылабыз дегени туура эмес экенин айтты.

“Эки жарандын кайрылуусу менен эл Кыргыз бийлигине ишенбей калды деген туура эмес. Алты миллиондон ашык калктын баары Орусиянын президентине кайрылган жок. Бул жерде эки эле адамдын субъективдүү ою баарына жооп бербейт. Алар атайын провокация кылуу үчүн деле жазгандыр. Коомчулукта ушундай суроолор жаралсын, биздин көз карандысыздыгыбызга кедергисин тийгизсин дегендир. Алардын мындай кадамдары туура эмес”, - деди Мавлянова.

ТИЛЛАЕВ: "Бул көйгөйдү убагында президентке жеткирбеген өкмөт өкүлдөрүнүн, ошол жердеги акимдердин да күнөөсү бар"

Депутат Таабалды Тиллаев жарандар жергиликтүү бийликке ишенбегендиктен ушундай кадамга барышты деген оюн айтты.

“Албетте, Орусиянын президентине кайрылгандары туура эмес. Акыйкаттык таппай коңшу өлкөгө кайрылып жатканы биз үчүн өкүнүчтүү. Мындай кадамга баруу укук коргоо органдарына, сотторго, жергиликтүү бийликке ишенбегендик деген ойдомун. Бул көйгөйдү убагында президентке жеткирбеген өкмөттүн өкүлү, ошол жердеги акимдердин да күнөөсү бар. Биздин мамлекет үчүн, албетте, бул уят нерсе. Бирок мамлекет, өз мыйзамдарыбыз болгондон кийин намыс болуш керек.
Биринчиден, ал маселени Владимир Путин карабайт, экинчиден, жаран катары, патриот катары мындай кайрылганы туура эмес көрүнүш. Ошол эле учурда маселени убагында карап, кайрылган калктын көйгөйүн чечпеген жергиликтүү бийликтин күнөөсү эбегейсиз чоң”, - деди Тиллаев.

КАРАШЕВ: "Эл Кыргыз бийлигине ишенбей калды дегенге кошулбайм"

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев жарандар өзүбүздүн эле президентке кайрылышы керектигин айтты.

“Башка мамлекеттин өзүнүн жарандары кайрыла турган мыйзамдары бар. Биздин жарандар өзүбүздүн жетекчиликке кайрылышы керек. Интернет аркылуу ачык-айкын кайрылуу жолдосо болот. Коомчулуктун баарына жеткирсе, реакция болмок. Эл Кыргыз бийлигине ишенбей калды дегенге кошулбайм. Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз мамлекетине келет дегенден улам кайрылуу жасап жатышса керек. Башка мамлекеттин башчысына кайрылбай, өзүбүздүн президентке кайрылса туура болмок”, - дейт Карашев.

МАМАТАЛИЕВ: "Орусиянын президентине биздин жарандардын кайрылганы - мамлекет жана өкмөт үчүн уят"

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев ал эки жаран аргасыздан ушундай кадамга барган болушу мүмкүн деген оюн айтты.

“Мамлекеттик органдар айыл өкмөттөрдөн башталат. Ар бир көйгөйдүн чечилиши этап менен каралат. Эгерде айыл өкмөт чечип бере албаса, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, акимдер бар, алар чече албай жатса Жогорку Кеңеш, президентке кайрылат. Анткени көйгөйдүн чечилүү механизми ушундай болот. Биздин жарандар айтылган органдарга кайрылып, эч жактан жооп ала албай, айрым жерлерге кире албай калгандарында айласыздан мындай кадамдарга барды деп эсептейм. Бул биздин мамлекет жана өкмөт үчүн уят. Мындай иштерге жол берилгендиги өкмөт менен элдин ортосундагы байланыштын жоктугунан кабар берет”, - деди Маматалиев.

МЫРЗА: "Ички маселелер боюнча башка мамлекеттин кийлигишүүсүнө жол бербеш керек"

Жарандык активист Айбек Мырза жарандардын эмне үчүн башка мамлекеттин президентине кайрылганы түшүнүксүз болуп жатканын айтты.

“Бул тууралуу коомчулукка талкуу кылып, көңүл буруунун кереги жок. Алар кандай мотив менен кайрылганы түшүнүксүз жана маанисиз. Бул атайын провокациялык иш-аракеттер деп ойлойм. Алгач президентке кайрылуу керек, эгер жооп болбосо, митингге чыгып же флешмоб уюштурушса болот. Өзүбүздүн өлкөдөгү көйгөйлөрдү өзүбүз чечишибиз шарт. Башка мамлекеттин кийлигишүүсүнө жол бербеш керек. Укук коргоо органдары бул жарандар эмне себептен Орусиянын президентине кайрылганын карап чыгуу зарыл”, - дейт Айбек Мырза.

КАДЫРБЕКОВ: "Элдин бийликке ишеним көрсөтпөй жатканы чоң сигнал"

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков бийлик эл эмнеге ишеним көрсөтпөй жатканын аныктап чыгышы керек деген пикирин айтты.

"Элдин бийликке ишенбей Орусиянын президентине кайрылып жатканы - жаман симптом. Бул биздеги сот системинин адилеттүү болбой калганын көрсөтүп жатат. БУУнун Адам укуктары боюнча комиссиясына Өмүрбек Текебаевдин ишинин материалдары кетпеди беле? Ошол да Кыргызда мыйзам так иштебей жатканын көрсөтүп жатат. Бул маселенин тегерегинде биздин бийликтегилер иштеши керек. Президент болобу, өкмөт башчысы болобу эл бир гана нерсени талап кылат - бул акыйкаттык. Азыр канчалык коррупция менен күрөшүп жатабыз деп айтышканы менен, эл башканы көргөндө ишенбей калат. Бул бийликке чоң сигнал. Алар эмне себептен ушундай болуп жатканын аныктап чыгышы керек. Соттор тууралуу болсо эмнеге алар мыйзам тегерегинде акыйкат чечим чыгара албай тураганын билүү зарыл. Эмне үчүн саясий куугунтук болуп жатат деп БУУга кайрылып жатышат? Нааразычылыктар күчөп, чоңоюп, жарылып кетет", - деди Кадырбеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан