Өткөн аптанын соңунда пара берүү фактысы боюнча транспорт жана жолдор министринин орун басары менен автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин директору кармалды. Буга чейин 2018-жылы ушул эле министрликтин башчысынын орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.
SUPER.KG порталы "Эки жыл аралыгында транспорт министринин эки орун басары пара алууга шектелип кармалды. Бийлик коррупция менен күрөшүүдө негизги кандай кемчилик кетирип жатат?" деген собол салды.
МАТРАИМОВ: "Коррупцияга каршы күрөшүүдө бийликтин кемчилиги жок. Алар министрдин орун басарларын "сен пара ал" деп дайындабайт да"
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов коррупцияга каршы күрөшүүдө бийликтин эч кандай кемчилиги жок экенин айтты. "Бийлик деп өкмөттү айтабыз. Бийлик министрдин орун басарларын кызматка коюп жатканда "сен пара ал" деп койбойт да. "Ал жерге барып жакшы иште, өзүңө жүктөлгөн милдеттерди аткар" деп кызматка дайындайт. Кадрлар келип жаткан инвестицияны көрүп өздөрүн жоготуп, пара алып жатышат. Бул жерде күнөө министрдин орун басарларынын өздөрүндө болуп жатат. Же болбосо бүгүнкү күндөгү кадр тандоонун начардыгында болууда. Кадрлар бардык тепкичтен өтүп, ошол ишке татыктуу болгондо гана пара албайт. Биринчи кезекте орун басарларда "мамлекетке жардам беришим зарыл, мамлекет мага ишенген жумушту так аткарышым керек" деген ой пайда болгондо коррупция жоголот эле", - дейт Матраимов.
ОСМОНАЛИЕВ: "Эки жыл мурун коррупцияга каршы күрөшүү башталды деп баарыбыз күткөнбүз"
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев чыныгы коррупционерлердин бети ачылат деп эл күткөнүн белгиледи.
"Эки жыл мурун 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөш башталды деп баарыбыз үмүттөнгөнбүз. Чыныгы коррупционерлердин бети ачылат деп күткөнбүз. Тилекке каршы, өкмөттүн, күч түзүмдөрүнүн, сот бийлигинин ушундай шалаакы, жоопкерчиликсиз мамилесинен улам мына бүгүнкү күндө коррупцияга каршы күрөшүү өзүнчө эле бир сазга тыгылып калгандай болуп жатат. Мына транспорт министринин орун басарлары пара берүү, пара алуу менен кармалып жатат. Президентибиз аларды эмнеге аяп жатат? Мен ал кишини түшүнөм, аны курчап алгандар тоскоолдук жаратып жатат. Ошонун негизинде эл иренжип жатат. Эми коррупцияга каршы эл өзү күрөшөт. Буга жакында өтө турган парламенттик шайлоодо күбө болобуз", - дейт Осмоналиев.
АСАНОВ: "Чоң кызматтагылар кармалганы коррупцияга каршы күрөшүү жүрүп жатканынын далили"
Саясатчы Бектур Асанов коррупцияга каршы күрөшүү иши жакшы жүрүп жатканын билдирди.
"Чоң кызматтагылардын кармалганы бийликтин коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жатканынын далили. Бирок аткаминерлер саясатты түшүнбөй жатат. "Пара ала берсек болот" деп эски психологиядан арыла албай жатышат. Айрымдары коррупцияга каршы күрөшүү тандалма жүрүп жатат деп ойлошууда. Бирок күрөш тандалма жүргөн жок", - дейт Бектур Асанов.
ТАЛГАРБЕКОВ: "Коррупцияга каршы күрөшүүдө президентке элдин ишеними бар, бирок акыркы учурда ишенимдин рейтинги түшүп бараткансыйт"
Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков коррупцияга каршы күрөш боюнча президентке элдин ишеними бар экенин айтты.
"2018-жылы 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин президенттин рейтинги кескин өскөн. Азыркы тапта коомчулуктун маанайына таянсак, карапайым элдин арасында коррупция менен күрөшүүдө президентке ишеним бар. Бирок акыркы учурда ишенимдердин рейтинги түшүп бараткансыйт. Бул элдин пикири. Президент элдин пикири менен эсептешүүсү шарт", - дейт Бекболот Талгарбеков.
САРИЕВ: "Учурда коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат, бирок катуу болсо жакшы болмок"
Саясат таануучу Марс Сариев коррупцияга каршы күрөш болуп жатканын айтты. "Азыр кемчиликтер деле жок. Коррупцияга каршы күрөш создуктурулуп жатканы жаман да. Акаевдин убагында Норвегиядан илимпоз келип изилдеп, "Коррупция өзүнчө эле механизм болуп калды" деп билдирген. Учурда коррупцияга каршы күрөш жүрүп эле жатат. Бирок күрөш катуу болсо жакшы болмок. Бир жагынан жакшы, экинчи жагынан коррупция күчөп кеткендиктен, саясий чатак чыгышы мүмкүн", - дейт Сариев.