КҮНСОБОЛ: КТРКнын башкы директорунун иштөө мөөнөтү аягына чыгат. Коомдук телеканалга бийликке эмес, элге иштей турган жетекчини кантип алып келүүгө болот?

Ушул жылдын февраль айында Илим Карыпбековдун КТРКга жетекчи болгонуна төрт жыл болот. Бул арада коомдук каналга элдин көйгөйүн чагылдыруунун ордуна, бир тараптуу саясий маалыматтарды таратып жатат деген сындар айтылып келди. Коомчулук учурда КТРКга өз талапкерлерин сунуштап жаткан кез.

SUPER.KG порталы "КТРКнын башкы директорунун иштөө мөөнөтү аягына чыгат. Коомдук телеканалга бийликке эмес, элге иштей турган жетекчини кантип алып келүүгө болот?" деген собол салды.

ТИЛЛАЕВ: “КТРКга ким келсе да бийликтин арыгын чабат”

Депутат Табалды Тиллаев КТРК коомдук канал болгону менен, каржылоо мамлекет тарабынан болуп жатат дейт.

“КТРК коомдук канал болгону менен, каржылоо мамлекет тарабынан болуп жатат. Мындан улам бул жерде Илим Карыпбековду алып келебизби, башка талапкерди алып келебизби, баары бир бийликке иштейт. Коомдук канал мамлекетке көз карандысыз болушу керек. Мамлекетке көз каранды болгондон кийин өкмөттү угат”, - деди Тиллаев.

ШЕР-НИЯЗ: "КТРКнын системи реформага муктаж, бирок бул жакын арада болбойт"

Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз КТРК мамлекет тарабынан каржылангандан кийин калыс иштей албайт деген пикирин айтты.

"КТРКга ким жетекчи болуп барбасын телеканал көз каранды болгондуктан эгерде саясий абал күчөп кетсе жетекчи бат эле жек көрүндүгө айланат. Анткени КТРК таза, ачык, калыс иштей албайт. Эгер ошентип иштей турган болсо, андай каналды мамлекет каржылабайт. Байкоочу кеңештин дагы 33 пайызы президент, 33 пайызы парламент, анан 33 пайызы коомдук партиялардан болуп жатпайбы. Ошол жерде дагы тең салмактуулук жок. КТРКнын системи дагы реформага муктаж. Бул оор маселе. Байкоочу кеңеш КТРКда парламент сыяктуу ролду аткарат. Алар жетекчини жумуштан кетирүүгө укугу бар. Байкоочу кеңешке бара жатканда "менин колумдан келет" дегендер баргандан кийин саясий, моралдык дагы башка себептер менен сөзүнө тура албай калышууда. Мындан улам бир тараптуу, чындыкка дал келбеген маалыматтар эфирден кеткен учурлар болгон. Муну өз башынан өткөргөн адам катары айтып жатам. Ошондой күндөр "Ата Мекен" партиясынын башынан өттү. Жетекчи эч кандай реформа жүргүзө албайт жана ага кереги деле жок. Техникалык жактан өзгөрүүлөрдү биз реформа деп түшүнгөнүбүз туура эмес. Иш алып баруунун реформасы жакын арада болбойт. Анткени бүгүнкү күндө ушундай болуп турушу мамлекетке керек болуп жаткандыр. Эгер акыйкаттык болсун десек, эч бир маалымат каражаттары мамлекеттен субсидия албашы керек. Кандайдыр бир мыйзамдарды көргөзүү үчүн интернет портал эле жетет. Биз Советтер Союзунан калган системди улап келе жатабыз. Мамлекет каржылабаган, демократиялык маалымат каражаттары пайда болушу мүмкүн. Бирок бул узак жол. Биз анын ортосундабыз десек болот", - деди Садык Шер-Нияз.

ШЫКМАМАТОВ: “Байкоочу кеңеш жарандык коом тарабынан сунушталган талапкерди шайлашы керек”

Депутат Алмамбет Шыкмаматов КТРКнын башкы директору ким болуп шайлана турганы Байкоочу кеңештин абийиринде экенин айтты.

“КТРКнын директорун Байкоочу кеңеш шайлайт. Ким шайлана турганы Байкоочу кеңештин абийиринде. Алар директорду тандап жатканда адилеттүү, мыкты, журналистиканын эл аралык стандартын сактаган, бир маселеде канча тарап болсо ошончо тараптын бардыгына бирдей мамиле кылган, бир тараптын арыгын чаппаган адамды алып келиши шарт. Коомдук канал бийликке, президентке, өкмөткө тийиштүү эмес, элге тийиштүү. Байкоочу кеңеш директор шайлап жатканда адилеттүү болушу зарыл. Алар жарандык коом сунуш кылган талапкерди шайлашы керек”, - деди Шыкмаматов.

САТАРОВ: "КТРКнын жетекчиси бийликтин камчысын чаап, бир жактуу берүүлөрдү чыгарып отура бербеши керек"

Коомдук ишмер Абды Сатаров КТРКга боло турган жетекчи бийликке да, элге да абалды түшүндүрүү аркылуу журттун кызыкчылыгына иштеши керек деген пикирин айтты.

"КТРК коомдук телекомпания болгондон кийин биринчи кезекте бул коом үчүн кызмат кылышы керек. Мындайча айтканда, жалпы журттун көйгөйү менен, жакшы-жаманы менен бирге жашашы зарыл. Ал үчүн КТРКнын башчылыгына келе турган адам улуттук руханий дүйнөсү каныккан болушу, Кыргыздын тилин, тарыхын, наркын, салтын жакшы билиши кажет. Ошондой эле билимдүү, ички жана дүйнөлүк саясатты дагы жакшы билген, өтө жаш эмес, журналисттик тажрыйбасы бар, менеджерликке таланты бар инсан келиши керек. Азыркы иштеп жаткан директорго мен башында туруп "жаш жигит, элге кызмат кылып берет экен" деп шайлаган элек. Ачык айтканда, үмүтүбүздү актаган жок. Азыр так кесе айта албаганыбыз менен, журналистиканын эл аралык стандартын билген адам келиши зарыл экен. Өлкө жетекчилигине дагы, элге дагы болгонун болгондой түшүндүрүп, улуттун кызыкчылыгын коргогон адам келсе дейм. Ал мамлекеттин саясатын дагы, элдин кызыкчылыгын да бирдей алып кетиши кажет. Сөзсүз түрдө бийликтин өзүнүн кызыкчылыгы болот. Бирок кээ бирин көрдүк, аларга окшоп бийликтин камчысын чаап, бир жактуу берүүлөрдү чыгарып отура бергенге болбойт. Эртеби-кечпи алар коомчулуктун каргышына калат", - деди Абды Сатаров.

БОЛГОНБАЕВ: "Бийлик тараптан шарттар коюлушу мүмкүн, ага карабай татыктуу талапкерди тандоо зарыл"

КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү, төкмө акын Азамат Болгонбаев коомдук каналдын директорун шайлоо тууралуу бийлик тараптан да сунуштар болуп калышы мүмкүн, ага карабай татыктуу талапкерди тандоо керек экенин айтты.

“Коомдук биринчи каналдын директорлук кызматына кимдер документ тапшырат, ошого жараша болот. Алардын ичинен татыктуусун тандап алуу Байкоочу кеңештин колунда. КТРКнын Байкоочу кеңешинде 15 мүчө бар. Алардын ар биринин башкача пикирлери болот. Элдин талабына жооп бергидей директорду тандаганга аракет кылабыз. Бирок бийлик тараптан сунуштар жана шарттар болуп калышы мүмкүн. Ага карабай татыктуу талапкерди тандоо керек. Мыйзам боюнча коомдук каналдын директорун шайлоону Байкоочу кеңеш өткөрөт. Коомдук канал болгондон кийин калыс пикирди чагылдырууга аракет кылышы зарыл. Бир тараптуу маалыматтар аталган каналдан кетип жатканы факт. Буга байланыштуу Илим Карыпбековдун иши тууралуу сын-пикирлер да айтылып жатат. Албетте, башкы канал болгондон кийин мамлекеттин бийлигин жүргүзүүсү керек. Бирок саясий учурларда дагы эки тараптуу маалыматтарды чагылдырууга аракет кылышы абзел.
Эми элге жаккан директорду тандап алабыз деп турабыз. Тандап алган адамыбыз кандай болуп кетет, аны убакыт көрсөтөт. Акыркы саясий кырдаалдарга байланыштуу учурдагы директор менен байкоочу кеңештин кээ бир мүчөлөрүнүн ортосунда пикир келишпестиктер көп болгон. Себеби бир тараптуу маалыматтар көп берилип кетет. Бул маселе жыйын сайын көтөрүлүп, талашып-тартышууну жаратат. Тилекке каршы, талашып-тартышканыбыз менен, жыйынтык дайыма эле бардыгынан чыга бербейт. Себеби байкоочу кеңеш директорго жаккан шартта добуш берип коёт”, - деди Болгонбаев.

УСЕНОВ: "КТРК элге кызмат кылсын деген сунуш биринчи кезекте бийлик тараптан болушу керек"

Ырчы Урмат Усенов учурда каналдын форматы өзгөрүүгө муктаж экенин белгилеп өттү.

"КТРКга ким жетекчи болуп келсе дагы ага "элге кызмат кыл, коомго кызмат кыл" деген сунуш биринчи кезекте бийлик тараптан болушу керек. Андай болмоюнча ким жетекчи болуп келбесин мурункудай боло берет. Менимче, бул нерсе адамдын эркине дагы жараша болот. Көрсөтүлгөн талапкерлердин арасында 100 пайыз болбосо да, 70-80 пайызынын эрки бар деп ишенгим келет. Кандай гана кызмат болбосун эң негизги принцип - келе турган жетекчи жаш болушу керек. Жаш кадр жетекчи болуп турган мекемелер буга далил. Жаш жетекчинин ойлонгону да, кыймылы дагы тез болот. Коомчулукта жаштардын тажрыйбасы аз дегендер болушу мүмкүн, бирок тажрыйба ошол кызматка келгенден кийин топтолот. Жаштардын арасынан карап коомдун көйгөйлөрүн жакшы билген, өлкө үчүн күйгөн, мекенчил, мээнеткеч деп Эрмек Нурбаевди көрсөтөт элем. Эгер мүмкүнчүлүк болуп келип калса коомдук каналда түп тамырынан өзгөрүүлөрдү көрө алсак керек. Негизи маселе коомдук каналдын форматында. КТРК коомдук канал болгондон кийин айрым учурларда саясаттан тыш болушу зарыл. Мисалы, Орусиядагы ОРТ каналында жаңылыктар бөлүмүнөн башка берүүлөрүнүн көбү коомдун көйгөйлөрүнө, көрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарына, маанайына арналган. Чындыгында социалдык маселелерге көп кайрылышат. Белгилүү бир тараптын кызыкчылыгына кириптер болбойт. Коомдо эмне көйгөй болсо ошону көрсөтөт. Биз дагы ошол форматка өтүшүбүз керек", - деди Урмат Усенов.

ЖАМГЫРЧИЕВ: “Коомдук каналдын элге иштөөсү үчүн башкы директорду эл өзү тандап, бийликтин куурчактары дайындалбашы керек”

Акын Бердибек Жамгырчиевдин айтуусунда коомдук канал деген аты эле болбосо, заты бийликтик болуп келет.

“Коомдук канал мен билгенден бери эле аты гана коомдук болбосо, заты бийликтик болуп, бир тараптын гана ырын ырдап, обонун созуп келет. Эгер таза иштеген бийлик болсо КТРКны менчиктеп алууга эч качан кызыкдар болмок эмес. Өздөрүнүн кылыктары менен былыктарын жашырып-жаап, анан күзгүдөй кылып көрсөтүшөт. Коомдук каналдын элге иштөөсү үчүн башкы директорду эл өзү тандашы керек. Бийликтин куурчактары дайындалбашы зарыл. Мына ушул жагынан элге мүмкүндүк берүүлөрү абзел. Буга чейин 20 жылдан бери КТРК Ак Үйдүн сөзүнөн чыга алган жок. Эми чындык чегине жетти, накта коомдук боло турган убагы келди. Азыр деле социалдык тармактарда эл өздөрү пикирин билдирип, талапкерлерди көрсөтүп жатышат. Демек, президент элдин тандоосун кабыл алышы керек. Менин жеке пикиримде чынчыл, эл үчүн иштеп бере турган Шайырбек Абыдрахман, Эрнис Кыязов, Чынар Капарова, Мирлан Самыйкожо сыяктуу ага-эжелерибиз бар. Эми тилегеним ушул инсандардын бири КТРК жетекчилигине келсе өтө дурус болмок, бул жеке менин эмес, жалпы элдин талабы болуп турат”, - деди Жамгырчиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан