КҮНСОБОЛ: Конгантиевдин сотсуз акталганы боюнча Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков өз пикирин билдирсин деп Бекназаров айтып чыкты. Сиз буга кошуласызбы?

Бүгүн, 10-июлда мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров маалымат жыйын уюштуруп, Молдомуса Конгантиевдин иши боюнча билдирүү жасады. Ал Конгантиевдин иш-аракетинде кылмыштын курамы жок деп сотсуз акталганы боюнча 2010-жылдан кийинки өлкө башчылары үн катышы керектигин талап кылды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Бекназаровдун пикири менен макулсузбу деп собол салды.

КСДП: "Атамбаев Апрель окуясы боюнча айыпталгандарга бирдиктүү мамиле жасоо принциптерин дайыма жактап келген"

КСДПдан билдиришкендей, экс-президент Алмазбек Атамбаев бардык 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуялар боюнча айыпталгандарга бирдиктүү мамиле жасоо принциптерин дайыма жактап келген. "Бирок тергөөчүнүн Конгантиевди актоо тууралуу чечими бул принциптерди бузат. Башка айыпталуучулар сот алдында жооп беришкен, ошондуктан Конгантиев боюнча да соттун чечими болсо, логикага туура келмек", - дешти партиядан.

ШЕСТАКОВ: "Бекназаровдун Конгантиев тууралуу билдирүүсү - өзүнө саясий "реклама" кылуу аракети"

Саясий серепчи Игорь Шестаковдун пикиринде, Молдомуса Конгантиевдин күнөөсү кандайдыр бир деңгээлде бар.

"Анын Медет Садыркуловдун өлүмүн териштирүүнү эмнеге аягына чейин чыгарбаганы баарына түшүнүктүү. Конгантиевдин иши башынан эле саясий болгон. Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда Конгантиевдин кылмыш иши тууралуу негедир эч бир массалык маалымат каражатында жазылган эмес. Эми бийлик алмашкандан кийин бул маселени кайра эстеп көтөрүп жатышат. Азимбек Бекназаров Конгантиевдин иши боюнча билдирүү жасап, өзү бар экени тууралуу элге эстетип, өзүнө саясий "реклама" жасаганга аракет кылды", - деди Шестаков.

КАРАМУШКИНА: "Конгантиев адам өлтүргүчтөрдүн бийлигине кызмат кылган"

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина Молдомуса Конгантиевди актагысы келгендердин аракеттери кандай иштерге түртүп жатканын айтты.

"Молдомуса Конгантиев ички иштер министри болуп турган учурда киши өлтүргүчтөрдүн бийлигине кызмат кылган, анткени Бакиевдердин тушунда саясатчыларды, депутаттарды, саясатчылардын балдарын жана журналисттерди өлтүрүп жатышкан. Конгантиев өлтүрүүгө тапшырма бергендердин жана аткаруучулардын баарын билген, бирок коркуп кызматтан кетпей, элди алдап, чындыкты жашырган, демек, Бакиевдер менен бирге болгон. 2010-жылы Таласта анын сабалганы жаман болду, бирок ал учурда элди токтотуу мүмкүн эмес болгон, ушунчага чейин жеткен.

Конгантиев мамлекеттик кылмышкерлерди жашырганы үчүн мыйзам боюнча кандай жазага тартылды? УКМК "Конгантиев элдик толкундоону токтотуу үчүн 6-апрелде милиция менен Таласка жөнөгөн" деп анын күнөөсү жок деп жатат. Ал толкундоону токтотушу да мүмкүн эле, бир топ адамдар камалмак, бирок өлкөнүн тагдыры жана тарыхы башкача болду - 7-апрелдеги революция орун алды. Эгер Конгантиев ак болсо, анда толкундоолорго катышканы үчүн "Элдик революциянын баатырларынын" бардыгына кылмыш ишин козгоп, каза болгондордун жана жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө берилген батирлерди жана 1 миллион сомду мамлекеттик бюджетке кайтаруу керекпи? Ал эми жыйынтык катары бакиевдик бийликти чакырып, алардан кечирим сурашыбыз керекпи? Конгантиевди актагысы келгендердин аракеттери мына ушундай иштерге түртүүдө. Аны баары унутуп коюшкан, бирок кимдир бирөө акмактык кылып Убактылуу өкмөттү уят кылды жана эң негизгиси - өткөн жылдардагы окуяларды эстетип, коркунучтарга карабай жана өлүмдөн коркпой бийликтеги өлтүргүчтөргө жана коррупционерлерге каршы чыккандарды тынчсыздантты!" - деди Карамушкина.

АКИМОВ: "Жээнбеков Конгантиев бошотулбасын, жаза алсын десе, анда иши кыскартылбай жүрө бермек"

Журналист Турат Акимовдун пикиринде, Конгантиевдин иши сот аркылуу чечилиш керек болчу.

"Революциянын изи сууду, өлгөндөрдүн арбактары тынч алды, туугандарынын ачуусу басылды, Конгантиев Таласта өзү колго түшүп, токмок жеп өз жазасын алды деген таризде бул кишини бошотту деп ойлойм. Юридикалык жагынан алып караганда, албетте, сот өкүмү чыгыш керек болчу. Алмазбек Атамбаев кетеринде "Альфаларды" мунапыс жарыялоо менен мөөнөтү өтүп кетти деп бошотту. Жээнбеков Конгантиевди бошотту. Ушинтип кыргыздын айкөлдүгүнө, көтөрүмдүүлүгүнө салынып саясат куралып барат.

Отунбаева менен Атамбаевдин эч кандай көз караштары жок, анткени булар түзмө-түз революциянын деми менен келген кишилер. Булар түндө келип бийлик бөлүштүрүп отуруп алгандары чын, 90 бала өлгөнүнө карабай эл менен бир саат болсо да кеңеш куруп койгон эмес. Ошондуктан булардын отургучу бош, үн ката албайт.

Бизде адилеттик табуу кыйын. Сот чечиминин баары саясатка айланып келген, ар бир соттун чечими ошол жогорку жакта отурган жетекчиге таандык болот. Эгер Сооронбай Жээнбеков Конгантиев бошотулбасын десе, анда бул киши жүрө бермек", - деди Акимов.

ҮМӨТАЛИЕВА: "Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков Конгантиевдин иши боюнча өз ойлорун айтпаса, анда каза болгон жигиттердин жоопкерчилиги алардын моюнуна түшөт”

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын ою боюнча, Конгантиевдин ишинин кыскартылышы ага эч качан аброй алып келбейт.

"Мен революцияга катыштым деп жар салбайм, бирок ошол жерде жаш балдар кырылбасын деп баргам. Бир үйдөн эки адам өлүп, чоң атасы аны көрүп эси оогон учурда кантип тура аласың. Конгантиевдин ишинин кыскартылышы ага эч качан аброй алып келбейт. Жээнбековду жандап акталышы генералдын иши эмес. 2010-жылдагы октун атуулусуна ошол кездеги ИИМдин жетекчиси катары жүз пайыз тиешеси бар. Ок атуу Конгантиевдин моюнунда. Генерал катары Таласта эл менен сүйлөшкөндү билиши керек болчу, өз эли менен кантип сүйлөшө албайт. Эгер Таластагы окуя болбогондо Бишкекте ок атуу болбойт болчу. Форумду милиция менен курчабагынында биз ал күнү тарап эле кетмекпиз.

Ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү катары Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков Конгантиевдин акталуусу боюнча өз оюн айтышы керек, айтпаса канчалаган азаматтардын каза болгону, ошол кездеги жоопкерчилик булардын моюнуна түшөт. Жээнбеков да Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болчу, Оштун губернатору да болгон”, - деди Үмөталиева.

Аталган собол менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго жана президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиевага кайрылганыбызда алар жооп берүүдөн баш тартышты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан